Пример HTML-страницы

ТАХАЖУД НАМАЗЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=54732&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ТАХАЖУД НАМАЗЫ

 

Чындыгында тахажуд намазы – Аллахтын алдында эң жакшы ибадаттардын бири. Эгерде кимде-ким тахажуд намазын дайыма аткарып жүргөн болсо, анда анын жүрөгү бейпилдикке бөлөнүп, чексиз соопторго ээ болуп жана көптөгөн жакшылыктарга жетет. Түн ичинде пенде Жаратуучусунан жалынып-жалбарып, кылган күнөөлөрүнө кечирим сурап жана акыр кыяматта бейишке киргизүүсүн үмүт кылат.

 

ТАХАЖУД НАМАЗЫНЫН ӨКҮМҮ

 

Ислам аалымдары тахажуд намазынын өкүмүн нафил намазынын катарына кошушту. Эгер аны окубай таштаган болсо, анда күнөөкөр болбойт. Бирок ошону менен биргеликте көп убакытка таштап коюу туура эмес. Себеби тахажуд намазы туурасында ыйык Куранда жана Пайгамбардын хадистеринде, момун мусулмандар үчүн өтө маанилүү экендиги эскертилген.

 

АТКАРЫЛА ТУРГАН УБАКТЫСЫ

 

Көпчүлүк аалымдардын пикиринде тахажуд намазынын убагы, куптан намазынан кйиин башталат. Ал эми бүтөр убагы, багымдат намазы башталганда бүтөт деп айтылат. Кимде-ким ушул убакыттардын ичинде тахажуд намазын окуган болсо, анда ал көптөгөн соопторго ээ болот.

 

ТАХАЖУД НАМАЗЫНЫН ОКУЛУШУ

 

Тахажуд намазын окуй турган адам үчүн, эки рекет менен баштоосу мустахаб амалдардан болуп саналат. Аиша энебиз радыяллаху анха, айтты: “Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, тахажуд намазын окуу үчүн турганда, алгычкы эки рекетин кыска сүрөөлөр баштайт эле”.

Кийинки рекеттеринде ар бир адам өзүнүн кудрети жетишинче окуй берсе болот. Мисалы: 2 же 4 рекет, же 6, 8, 10, 12, 14 рекеттерине чейин окуса болот. Эгерде адамдын алы жетсе, анда мындан да көбүрөөк кылып окуса болот. Тахажуд намазын окуп бүтүп акырында витир намазы менен бүтүрөт.

 

НАМАЗ ИЧИНДЕГИ МУСТАХАБ АМАЛДАР

 

1⃣ Эки рекеттен бөлүп- бөлүп окуу.

2⃣ Кунут дубасын узартып окуу.

3⃣ Сажда рүкүлөрүндө узак туруу.

4⃣ Үнүн чыгарып окуусу же болбосо жарыя менен купуянын ортосунда окуу.

 

ТАХАЖУД НАМАЗЫНЫН ПАЙДАСЫ

 

1⃣ Чындыгында тахажуд намазынын пайдасы бул дүйнөдө да жана акыр кыяматта да өтө көп. Ал эми бизге эң маанилүү болгон пайдасы, акыр кыяматта бейишке кирүүгө себеп болот.

2⃣ Тахажуд намазын окуган адамдын ыйманына ыйман кошулуп, жүрөгү тынчтыкка бөлөнүп, жүзү нурлуу болот.

3⃣ Күнөөлөрдөн арылууга себеп болот.

Аллах таала айтты: “Чындыгында намаз бузукулук жана күнөө иштерден тосот. Аллахты эстөө эң улук нерсе. Аллах силердин эмне кылып жатканыңарды билип турат”. (Анкабут сүрөөсү, 45-аят)

Ибну Хааж айтты: “Катуу шамал теректин куураган жалбырагын учуруп кетирген сыяктуу, Тахажуд намазы да адамдын күнөөсү учуруп кетирет”.

4⃣ Кабырдын нурлуу болуусуна, жалкоолуктун кетүүсүнө жана ошол күнү сергек болууга себеп болот.

Абу Хурайра, радыяллаху анхудан риваят, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: “Уктаган кезде шайтан ар бир адамдын желкесине үч түйүн түйөт. Ар бир түйүндү уруп “Түнүң узун, бир аз уктай тур”- дейт. Эгерде ал ойгонуп Аллахты эстесе, биринчи түйүн чечилет; Даарат алса, экинчи түйүн чечилет; Намаз окуса, үчүнчү түйүн чечилет жана ал өзүн сергек, жайдаары сезет. А эгер мындай кылбаса, анда ал эч нерсени жактырбай, шалдырап турат”. (Сахих алъ-Бухари).

5⃣ Ырыскынын көбөйүшүнө себеп болот.

Аалымдар айтышкан: “Төрт амалды кылыш менен ырыскы көбөйөт. Алар: Тахажуд намазын окуу. таң алдында Аллахтан кечирим сурап, истигфар айтуу. Чын ыкластуулук менен садака берүү жана күн чыккандан күн батканга чейин Аллахты эстеп жүрүү”.

 

ТАХАЖУД НАМАЗЫНЫН ПАЗИЛЕТТЕРИ

 

Аллах таала айтты: “Эй, кийимине оронуп алган! Түндөрдү ибадат менен өткөр да, бир аз бөлүгүн уйкуга бөл. Жарымын, же андан да бир аз кемит. Ага кошуп кырааты менен Куран оку . Жакында биз сага салмактуу сөз түшүрөбүз”. (Муззаммил сүрөөсү, 1-5 аяттар)

Сахабалар айтышкан: Пайгамбар, салаллаху алейх салламга бул аяттары түшкөндөн баштап эч бир күндүн тахажуд намазын калтырган эмес.

Аиша энебиз айтат: “Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, тахажуд намазына ушунчалык көп турганынан анын буттары жарылып кетчү эле. Мен айттым, Оо, Аллахтын Элчиси! Жаныңызды неге мынча кыйнайсыз, Аллах Таала сиздин болуп өткөн жана келечектеги күнөөлөрүңүздү кечирдиго десем, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: “Оо, Аиша! Аллах Таала менин болуп өткөн жана келечектеги боло турган күнөөлөрүмдү кечирсе, анда мен Аллах Таалага шүгүр этүүчү пенделерден болбоймунбу!?”. (Бухари)

Аллах таала айтты: “Түндүн бир бөлүгүндө туруп, өзүң үчүн нафил намаздарын оку. Мүмкүн (ошондо) Раббиң сени макталган орунда тирилтээр!”. (Исраа сүрөөсү, 79-аят)

Аллах таала айтты: “Алардын капталдары төшөктөрүнөн көтөрүлүп турат да, өздөрүнүн Раббисине коркуу, үмүт менен жалынышат жана Биз аларга берген ырыскылардан сарпташат. Эч бир (момун) жан, жасаган (жакшы) иштери үчүн өздөрүнө (Бейиште) жашыруун даярдап коюлган кубанычтарды билбейт”. (Сажда сүрөөсү, 16-аят)

Аллах таала айтты: «Алар түндөсү аз гана убакыт укташат».

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: “Оо, адамдар! Бири-бириңерге саламыңарды көбөйткүлө, кедейлерди тамак-аш менен тойундургула жана адамдар уктап жатканда түнкү намаз окугула. Мына ошондо силер үчүн даярдалган бейишке тынчтык менен киресиңер”.

 

Эгерде бир мусулман эринбестен түндүн үчтөн бир бөлүгүндө жылуу төшөктөн туруп, эки рекет намаз окуп, алаканын жайып: “Оо, Алллахым! Менин билип билбей кылган күнөөлөрүмдү кечир, эки дүйнөдө бактылуу кыл, акыр кыяматта тозок отунан сакта, пайгамбарлар менен бирге Фирдаус бейишиңе чыгара көр”-деп, көзүнө жаш алып, чын ыкластан Аллахтан жалынып жалбарып суранса, анда Аллах сөзсүз түрдө дубасын кабыл кылат.

 

Оо, мусулман бир тууганым! Сурагың жеңил болуп, кабырыңдын ичи нурлуу болууну, чагылгандын чарт эткениндей ылдамдыкта Сырат көпүрөдөн өтүүнү, кыяматтагы караңгылыкта жүзүңдөн нур чачырап күндөн нурлуу болууну, амал китебинди сол тарабыңан бербестен оң колуң белек кылып берилүүнү кааласаң, анда сен тахажуд намазын бүгүндөн баштагын.

 

ТАХАЖУД НАМАЗЫН АТКАРУУГА ТҮРТКҮ БОЛГОН СЕБЕПТЕР

 

1⃣ Жатаарда суусундук ичүүнү жана тамак жегенди азайтуу керек.

2⃣ Күндүз пайдасыз нерселер менен алектенип, өзүн өзү чарчатып албашы керек.

3⃣ Күнөөлөрдөн алыс болуу керек, себеби күнөөнүн үстүндө жүргөн адам эч убакта тахажуд намазына тура албайт.

4⃣Түштө бир аз уктап алуу тахажуд намазына турганга жардам берет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE