Пример HTML-страницы

Тагдырды айыптаган башын ташка жарат

https://kyrgyzcha.site/?p=44647&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Тагдырды айыптаган башын ташка жарат, Мээримдүүлүктү айыптаган мээримдүүлүктөн куру калат.

Чыныгы жана зыяндуу балээ — бул динге, ыйманга келген балээ.

Динге келе турган бул кесепеттерден жан соога сурап ар качан Аллахтын алдында жалбарып ыйлоо керек. Ал эми динге тиешеси болбогон балээлер акыйкат жагынан алганда балээ болуп эсептелбейт.

Алардын кээ бирөөлөрү — Ырайымдуу Аллахтын эскертүүлөрү.

Мисалы, койчу башка бирөөнүн эгин талаасына кирип бараткан койлоруна таш ыргытса, ал койлор да зыяндуу иштен бизди кайтаруу үчүн бизге бир эскертүү го деп, моюн сунуп, ыраазы болуу менен кайтышат. Ошол сыяктуу сыртынан балээ болуп көрүнгөн көптөгөн балээ-апааттар бар. Алардын көпчүлүгү бизге Аллахтын эскертүүсү болуп жана кайдыгерликтен ойготот.

Бир бөлүгү күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот. Дагы бир бөлүгү болсо, наадандыктан ойготуп, адамзаттын алсыздыгын, күчсүздүгүн билдирүү менен Аллахты эстетүү үчүн болот.

Эгерде жогоруда айтылгандай балээ оорунун айынан келсе, бул түрдөгү балээ балээ деле эмес.

Тескерисинче, бул — Раббибиздин бир сыйы, күнөөлөрдөн тазалануу болуп эсептелет.

«Мөмөсү жетилген дарактын бутагын силккенде мөмөлөрү кандай күбүлүп түшсө, ысытмадан титиреген адамдын да күнөөлөрү ошондой төгүлөт» — деп хадисте айтылат.

Азирети Аюб Алейхиссалам жалбаруусунда өзүнүн кара жанынын ырахаты үчүн дуба кылбаптыр.

Тили менен зикир кылууга, жүрөгү менен Кудайды эстөөгө жаралары тоскоол болгондуктан ибадат кыла албай калбайын деп шыпаа талап кылган.

Биздин бул дубаны окуудагы эң биринчи максатыбыз, күнөөлөрдөн улам пайда болгон ички руханий жараларыбыздын айыгышын тилешибиз керек. Сырткы материалдык ооруларыбыз үчүн болсо, качан гана ибадат кылууга тоскоол болгон учурда окусак болот. Бирок катуу наалып, нааразы болгондой эмес, кайра чарасыздыгын сезип, чын көңүлдөн, ич жылытарлык көрүнүштө жардам сурап жалбаруу керек.

Ырас, биз Анын Тарбиячылыгына ыраазыбыз, Тарбиялоочулугу жагынан берилген нерсеге да ыраазы болушубуз керек.

Маңдайга жазганына, тагдырына нааразы болгондой «ах, ох, эмнеден жаздым, кокуй!» — деп арыздануу Анын бешенеге жазган тагдырын сынга алуу, чексиз Ырайымдуулугун күнөөлөө болуп эсептелет.

«Тагдырды айыптаган башын ташка жарат, Мээримдүүлүктү айыптаган мээримдүүлүктөн куру калат».

Өч алам деп сынган кол менен айбат кылса, колун андан бетер кокустатып алгандай, балээге кириптер болгон адам наалып, кейип-кепчип, санаага батса, балээ эки эсе күчөп кетет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE