СЫРАТ КӨПҮРӨСҮ

https://kyrgyzcha.site/?p=102634&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

СЫРАТ КӨПҮРӨСҮ

Сырат көпүрөсү — бул акыйкат. Аллаху тааланын буйругу менен Тозоктун үстүнө курулат. Адамдардын бардыгына ошол көпүрөдөн өтүү буюрулат. Ошол күндө бардык пайгамбарлар🌹“Эй, Раббим, амандык бер!” — деп жалбарышат. Бейишке бара тургандар көпүрөдөн оңой өтүшөт. Алардын кээ бири чагылгандай, кээ бири желдей ылдам жана кээ бири чапкан аттай тез өтөт. Сырат көпүрөсү кылдан ичке, кылычтан өткүр. Бул дүйнөдө Исламды кармануу да ушуга окшош. Исламды толук карманууга аракет кылуу – Сырат көпүрөсүнөн өтүү сыякту. Бул жерде напси менен күрөшүп, анын азгыруусуна берил- бей, ошол кыйынчылыктарга сабыр кылгандар сыраттан оңой жана жеңил өтүшөт. Ислам динин туура карманбай, напсине баш ийгендер Сыраттан кыйынчылыктар менен өтүшөт. Ошондуктан, Аллаху таала Исламдын билдирген туура жолун “сырати мустаким” деп атаган. Аталыштардын бири-бирине окшоштугу Ислам жолун кармануу Сырат көпүрөсүнөн өтүү сыяктуу экендигин көрсөтөт. Тозокко бара тур- гандар Сыраттан өтө албай, Тозокко түшүшөт.

Сырат көпүрөсү дегенде дүйнөдөгү көпүрөлөрдү ойлобоо керек. Ми- салы: “Класстан класска өтүү үчүн сынак көпүрөсүнөн өтүү керек”, — деп айтылат. Ар бир окуучу сынак көпүрөсүнөн өтүүгө милдеттүү болгонду- гу үчүн биз муну көпүрө дейбиз. Ал эми сынактын көпүрөгө окшоштук жагы албетте, жок. Сынак көпүрөсүнөн өткөндөр боло тургандыгы сы- яктуу өтө албай кулай тургандар да болот. Бирок, бул кулоо көпүрөдөн сууга кулоого таптакыр окшобойт. Сынак көпүрөсүнүн кандай экенди- гин ал жерден өткөндөр билет. Сырат көпүрөсүнөн да адамдардын бар- дыгы өтөт. Кээ бирөөлөрү болсо өтө албай Тозокко кулайт. Демек, бул көпүрө, ал жерден өтүү, Тозокко кулоо дүйнө көпүрөлөрүн менен сынак көпүрөлөрүнө окшобойт.

Сырат көпүрөсүндө жети суроо суралат

1) Ыйман. 2) Намаз. 3) Орозо. 4) Ажылык. 5) Зекет. 6) Кул акысы. 7) Гусул, истинжа жана даарат. Ушул жети суроого жооп бере алгандар гана көпүрөдөн өтө алат.

Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа саллаллаху алейхи васалламга таандык “хаузи кавсар” (кавсар көлү) бар. Чоңдугу бир айлык жолдой. Суусу сүттөй аппак, даамы керемет. Тегерегиндеги чынылардын саны жылдыздардын санынан көп болот. Андан бир жолу ичкен адам Тозокто болсо да кайра суусабайт.

Шапаат🌹

Махшар күнүндө шапааттын боло тургандыгы чындык. Тообо кылбай кайтыш болгон мусулмандардын чоң-кичине күнөөлөрүнүн кечирилүүсү үчүн пайгамбарлар, олуялар, такыбаалуу кишилер, периш- телер, Курани карим, Аллаху таала тарабындан уруксат берилген башка кулдары да шапаат кылышат жана шапааттары кабыл кылынат. Пайгам- барыбыз (саллаллаху алейхи вассаллам) бир хадисинде🌙 “Үммөтүмдүн ичинен чоң күнөө кылгандарга шапаат кыламын”, — деп айткан. Беш түрдүү шапаат бар.

Биринчиси: Кыямат күнү махшарда адамдын көптүгүнөн, көп күтүүдөн чарчаган күнөөлүлөр ызы-чуу салышып, тезирээк эсептин баш- талуусун каалашат. Эсептин тезирээк башталуусу үчүн шапаат кылынат.

Экинчиси: Сурактын, эсепке тартуунун оңой жана тез болуусу үчүн шапаат кылынат.

Үчүнчүсү: Күнөөсү бар мусулмандардын Сыраттан Тозокко кулабоо- су, Жаханнам азабынан коргонуулары үчүн шапаат кылынат.

Төртүнчүсү: Күнөөсү көп мусулмандардын Жаханнамдан чыгарылу- улары үчүн шапаат кылынат.

Бешинчиси: Бейиште чексиз ниматтар берилип, тубөлүк кала турган жер болсо да, ал жердеги лаззаттар бөлөк-бөлөк сегиз даражада болот. Ар бир кишинин даражасы, орду, ыйманы жана амалдарынын санына бай- ланыштуу болот. Бейиштегилердин даражаларынын көтөрүлүүсү үчүн дагы шапаат кылынат.

5/5 - ( 1- Баа берилди )

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️