ШАЙТАНГА ЖҮРӨК ЭШИГИ АЧЫЛГАН 7 УЧУР

https://kyrgyzcha.site/?p=53785&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ШАЙТАНГА ЖҮРӨК ЭШИГИ АЧЫЛГАН 7 УЧУР?Шайтан Адам баласынын жүрөгүн өзүнө түнөк кылып алууга ар дайым жан алакетте болот. Бирок, ага жүрөгүнөн түнөк берүү же бербөө пенденин өзүнүн колунда. Көп учурда пенде шайтанга жүрөк эшиги ачыла турган учурларды билбегендиктен, аны оңой эле киргизип коёт. Биз мындай учурларды аңдап билгенибизде гана шайтанга каршы туруп, аны жакын жолотпой кууганга кудуретибиз жетет. Анда төмөндө шайтан адамга үстөмдүк кылып кетүүчү учурлардын кээ бирине токтолобуз.

①Ачуулануу

Адам ачууга алдырган мезгилде шайтанга жүрөк эшигин толук ачып берет. Шайтан анын жүрөгүнөн жай алып, анан аны каалагандай башкара баштайт. Ачууланган адамды шайтан ушунчалык катуу азгыргандыктан, адам ачуусу тараганда өзүнүн эмне кылганын билбей калган учурлар да болот. Ачууга алдырган адамды шайтан аялына талак айттырат, ата-энесине кол көтөртөт, бир тууганын сөктүрөт, ачууланган адамын өлтүртүп коюсу да мүмкүн. Ошондуктан ачуулануудан этият болуу зарыл. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун)?

“Чыныгы баатыр – ачуусун баса алган адам” — деп, бекеринен айткан эмес.

②Көралбастык

Көралбастык инсандагы руханий оорулардын бири. Аллахтын тагдырына ыраазы болбогон, тагыраагы, Аллахты эсинен чыгарган адам көралбастык кылат. Ошол себептен адам көралбастык кылган учурда шайтан анын жүрөгүн ээлейт, көралбастыгын күчөтөт, ичин тарытат. Ошентип отуруп адамды ооруга чалдыктырат, сооп-сыйлыктуу иштерин жок кылат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун)?

“Отунду от жалмаган сыяктуу, көралбастык жакшы иш-амалдарды күйгүзүп жок кылат” – деген.

③Көп тамактануу

Тамактанса да шайтанга жол ачылабы деген суроо туулуусу мүмкүн. Албетте, адам ашыкча тамактанганда шайтан ага ортоктош болот. Көп тоюп алган адам ибадат кылуудан зеригет. Ошентип Аллахтан алыстай баштайт. Күнөө иштерге кадам таштайт. Ошондуктан тамакты чени менен ичкен оң. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) айткан? “Адамдын денесинде ашказандан өткөн жаман идиш жок…” — деп айткан.

④Шашылуу

Инсан шашып аткарган иштин баарынын артында шайтан турат. Шашылуунун айынан кандай кырсыктар болуп жатканын көрүп эле жатабыз. Ошондуктан пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун)?

“Шашылуу — шайтандан, сабырдуулук — Аллахтан” деген хадисине көңүл буруп, ар дайым сабырдуу болууга аракет кылуу керек.

⑤Кедейликтен коркуу

Аллах Таала Куранда?

“Шайтан силерди кембагалдык менен коркутат жана бузукулукка буйруйт” деп айткан. Адамдардын көбү кедей болуп калуудан чочулап, шайтанга жол ачып берет. Шайтанга баш ийип, Аллахтын ырыскы берүүчү сыпатын унутуп, бүт аракетин бир гана мал топтоо үчүн жумшап калышат.

⑥Динде чектен ашуу

Кээ бирөөлөр Аллахтын ыраазылыгы үчүн же сооп топтоо үчүн деген ниети менен ибадатта шарият талабынан ашып кетишет. Мына ушул учур да шайтанга табылгыс болуп эсептелет. Ал адамдын жүрөгүнө кирип, анан аны “туура ишип кылып жатасың” деп күчөтө берет. Натыйжада динде ар түрдүү агымдар пайда болуп, кээси туура жолдон адашып да кетет. Ошон үчүн пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун)?

“Иштердин эң жакшысы – орточосу” деген хадисин иш жүзүндө аткарып, ушул жолду гана кармануу керек.

⑦Башкаларга жаман күмөн саноо

Куранда?

“Эй, ыйман келтиргендер! Көп күмөн саноодон этият болгула, чынында кээ бир күмөндөр күнөө” деп айтылган. Инсан экинчи бир адамдан күмөн санаар замат, шайтан аны азгыра баштайт. Натыйжада, күмөн саноонун аягы аңдып, тыңчылык кылууга, анан барып кыйбат, ушак кылууга алып барат. Аяттын уландысында да дал ушул тууралуу айтылган. Башкаларга жаман күмөндө болгон адам, алар менен бирге өзүнө да зулум кылып туура жолдон адашат.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️