Пример HTML-страницы

Шайтан кандай зат?

https://kyrgyzcha.site/?p=53416&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

••••••••••Шайтан кандай зат?…••••••••••

Шайтан Аллах жараткан жиндердин бири.

Аллах алгачкы инсан болгон Азирети Адамды жараткандан кийин бардык периштелерге Адамга сажда кылууларын буйруган. Алардын арасынан жалгыз гана шайтан бой көтөрүү менен Аллахтын буйругунан баш тарткан жана мындай деген:

••••••••••Ал айтты: Раббим, мени жолдон чыгарган нерсең үчүн, ант болсун, мен дагы жер жүзүндө аларга (сага баш көтөрүүлөрүн жана дүйнө байлыктарын) көздөрүнө кооз кылып көрсөтөм жана алардын баарын сөзсүз азгырып жолдон адаштырам. (Хижр Сүрөөсү, 39).

Аллахтын алдынан куулган шайтан бардык инсандарды Аллахтын жолунан тескери буруу жана алардын баарын адаштыруу үчүн Аллахтан кыяматка чейин убакыт сураган.

••••••••••Шайтан өзүнө берилген бул убакыт ичинде инсандарды Аллах жолунан адаштырууга аракет жасайт жана бул үчүн ал ар кандай жолду колдонуп көрөт. Мына ошондуктан, шайтан ар бир инсандын акырети (кыяматтан кийинки түбөлүк бейиш же тозок жашоосу) үчүн маанилүү коркунуч жана ар бир инсандын душманы.

Аллах Куранда♥

«Акырындык менен жүрөктөргө азгыруу жана күмөн салып турган азгыруучунун жамандыгынан (корго). Ал (азгыруучу) инсандардын дилдерине азгырык берет (ичтерине күмөндөрдү шыбырайт) (Наас Сүрөөсү, 4-5) аяты менен шайтандын жүрөктөргө байкатпай азгырык бере тургандыгын баян этүүдө. Бул шайтандын эң тымызын ыкмасы болуп саналат.

Көпчүлүк инсандар ойундагы мындай ойлордун шайтандан экендигин байкай алышпайт. Мындай ойлордун баарын өзүмдүн ойум деп ойлошот.

Мисалы, динди жаңы үйрөнгөн инсан шайтандын эң негизги максаты болуп саналат. Бул инсанга шайтан динди оор, кыйын сыяктуу көрсөтүшү мүмкүн. Же бул инсандын жасап жаткандарынын жетиштүү экендигин, мындан ашыкчасын жасаш керек эмес экендигин айтышы мүмкүн. Бул инсан болсо мындай ойлорду туура деп кабыл алышы мүмкүн. Же шайтан инсандарга коркунуч, камсаноо, стресс, жүрөк өйүү сыяктуу тескери сезимдерди берүү менен алардын күчүн азайтат. Жакшылык жана кайрымдуулук кылууларына, терең ой жүгүртүүлөрүнө тоскоол болууга аракет жасайт.

Бул жерде төмөнкүнү унутпашыбыз керек: дүйнөдөгү бардык жамандыктар, согуштар, киши өлтүрүүлөр, ахлаксыздыктардын тамырында шайтандын адамдарга болгон таасири орун алат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE