Пример HTML-страницы

СЕН ИЧКИ ДҮЙНӨҢӨ КАНЧАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ КӨҢҮЛ БУРАСЫҢ? 

https://kyrgyzcha.site/?p=58104&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

СЕН ИЧКИ ДҮЙНӨҢӨ КАНЧАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ КӨҢҮЛ БУРАСЫҢ?

 

Чындыгында Ислам дининин эң негизги максаттарынын бири – ички дүйнөнүн тазалыгына көңүл буруу. Бул жашоодо адам баласынын ички жана сырткы дүйнөсүн тазартуу өзгөчө мааниге ээ. Мына ошондуктан Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, көралбастык, бөлүнүү жана башка ушул сыяктуу ички дүйнөнү буза турган иштерден тыйып, мындай деп айткан:«Силер бири-бириңерди жаман көрбөгүлө, бири-бириңерге көралбастык кылбагыла жана бири-бириңерден жүз бурбагыла. Бир туугандай болуп, Аллахтын пенделеринен болгула. Бир мусулман башка мусулман бир тууганына үч күндөн ашык сүйлөбөй коюусу арам болот». (Муслим)Ички дүйнөнүн таза болуусу – бул бейиш ээлерине белек катары бериле турган нээматтардын бири. Аллах Таала бул туурасында Куранда мындай деген:«Биз алардын көкүрөктөрүнөн кек сактоо сыяктуу (сыпаттарды) алып салдык. Алар бири-бирине бет-маңдай, бир тууган болушуп, сөрүлөрдө (отурушат)». (Хижр сүрөөсү, 47-аят)

 

ИЧКИ ДҮЙНӨНҮ ТАЗАЛООНУН ПАЗИЛЕТТЕРИ

 

1. ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕТ

 

Аллах Таала айтты:«Кимде-ким напсисин (терс мүнөздөрдөн) тазалаган болсо, анда ал жеңишке (бейишке) жетет. Ал эми аны күнөө иштер менен булгаса, анда ал зыянга учурайт». (Шамс сүрөсү, 9-10-аяттар)

 

2. БЕЙИШКЕ КИРҮҮГӨ СЕБЕП БОЛОТ

 

Анас, радыяллаху анху, айтты:«Биз Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менен бирге отурган кезде, ал мындай деп айтты: «Азыр силерге бейишке кире турган бир адам келет». Мына ошондо даарат алып, сакалындагы суусу тамчылаган, бут кийимин сол колу менен кармап алган ансарлардан болгон бир адам аларга кирип келет. Эртеси Пайгамбарыбыз дал ошол сөздү айтат. Кечекидей эле ошол адам кирип келет. Үчүнчү күнү да Пайгамбарыбыз ошол эле сөздү айтат. Анда да ошол эле адам мурдагыдай кирип келет. Ошентип Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, туруп кетет. Ал эми Абдуллах ибну Амр баягы адамды ээрчип барып, ага: «Мен атам менен урушуп кеттим жана ага үч күн үйгө барбаймын деп касам ичтим. Эгерде макул десең, үч күн сеникинде туруп турсам болобу?» – деп сурайт. Ал: «Макул» – деп жооп берет».Анас айтат: «Абдуллах үч күн ошол адамдын үйүндө түнөгөнүн жана ал адамдын түндө туруп тахажуд деле окубагандыгын айтат. Бирок бир гана багымдат намазына турганга чейин, уктап жатып эки жакка оодарылса Аллахты зикир кылып, такбир айткандыгын айтат эле. Абдуллах айтат: «Мен андан жакшы сөздөрдү гана уктум. Ошентип үч күн да өттү, анын өтө деле чоң ибадаты жокко деп ойлоп калдым. Мен ага: «Эй, Аллахтын пендеси. Атам экөөбүздүн ортобузда уруш, таарыныч деле болгон эмес, бирок мен Аллахтын Элчиси азыр сага бейишке кире турган бир адам келет деп үч жолу айтканда, үчөөсүндө тең сен келдиң. Мына ошондуктан (сен бейишке татыгыдай) эмне амал кыларыңды көрүп, мен да ошол амалды кылайын деп сеникине келгем. А бирок сенин көп деле амал кылганыңды көрбөдүм. Пайгамбар айткан сөзгө сени эмне жеткирди?». Ал айтты: «Ушул сен көргөндөн башка деле амал кылбаймын». Абдуллах айтты: «Мен мейли деп жөнөп жаткан кезде, ал мени чакырып, мага мындай деди: «Чынында эле сен көргөндөн башка деле амалым жок. Бирок мен эч бир мусулманга кек сактабаймын жана Аллах Таала адамдарга берген нерселери үчүн алардын эч бирине көралбастык да кылбаймын». Абдуллах айтты: «Сага жеткен нерсе ушул турбайбы, биз мына ушул нерсени аткара албай келебиз». (Ахмад)

 

3. ЭҢ ЖАКШЫ АДАМДАРДАН БОЛОТ

 

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан: «Адамдардын арасынан эң жакшылары кимдер?» – деп сурашканда, ал мындай деп жооп берди: «Алар дайым чындыкты сүйлөгөн, жүрөгү тазарган адамдар». Алар сурашты: «Чындыкты сүйлөгөн адамдын ким экени белгилүү. А бирок жүрөгү тазарган дегени ким?» Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Ал күнөө кылбаган, зулумдук кылбаган, кек сактабаган жана көралбастык кылбаган жан-дүйнөсү таза жана такыба адам». (Ибну Маажах)Мусулман бир тууганым! А сенчи? Хадисте айтылган эң жакшы адамдардан болгуң келеби? Анда жан-дүйнөңдү тазарткын, күнөө иштерди кылбагын, көралбастык кылбагын, башкаларга зулумдук кылбагын, кек сактабагын жана ак пейил, дайым чындыкты сүйлөгөн, такыба адамдардан бол. Анткени ушуга окшогон жаман сыпаттар сенин жүрөгүңдү карартып, жан-дүйнөңдү кирдетет. Бул сыпаттар өзүңө эле эмес, айлана-чөйрөгө, коомго да зыянын тийгизет.Кыямат күнү Аллах Тааланын алдында сенин топтогон мал-мүлкүң, жакшы көргөн бала-чакаң да пайда бере албайт. Бирок ал күнү бир гана күнөөсүз таза жүрөгүң гана пайда берет. Аллах Таала Куранда мындай деген:«Ал күндө байлык да, бала-чака да пайда бербейт. Бир гана Аллахка күнөөсүз таза жүрөк менен келген адамдын (амалы гана пайда берет)». (Шуара сүрөөсү, 88-89-аяттар)

 

ИЧКИ ДҮЙНӨНҮ ТАЗАРТУУ ЖОЛДОРУ

 

1. ЫкластуулукКимде-ким Аллахтын динин чын ыкластан тутунса, анда анын жүрөгүндө мусулмандарга болгон чыныгы сүйүү пайда болот. Эгерде анын жүрөгүндө аларга болгон сүйүү пайда болсо, анда аларга сүйүнүч жетсе, алар менен бирге сүйүнөт. Ал эми аларга кандайдыр бир кайгы жетсе, анда алар менен бирге кайгырат.

 

2. Аллах Таалага ыраазы болууЧындыгында Аллахка ыраазы болуу – бул ички дүйнөнүн тазаруусуна себеп болот. Мына ошондо гана пенде көралбастыктан, кек сактоодон жана башка күнөө иштерден жүрөгүн тазарта алат. Анткени Аллах Таалага ыраазы болбой туруп, ички дүйнөнү тазартуу мүмкүн эмес. Ошондуктан пенденин Раббисине болгон ыраазычылыгы күчөгөн сайын, анын ички дүйнөсү тазара берет. Ал эми көралбастык, зулумдук кылуу жана кек сактоо Аллах Таалага нааразы болгондун белгиси.

 

3. Куран окууКуран – бул бардык оорууларга шыпаа. Ал эми Курандан шыпаа издебеген адам көп жакшылыктардан куру калыптыр. Аллах Таала айтты:«(Эй Мухаммад!) Айткын: «Бул Куран ыйман келтиргендер үчүн туура жол жана шыпаа».

(Фуссилат сүрөөсү, 44-аят)

 

4. Кыямат күнүндөгү эсеп-кысапты эстөөКыямат күнү Аллах Таала ар бир адамдын кылган иш-аракеттерин суракка алат.

 

5. Дуба кылууАллах Таалага дайым жүрөгүмдү тазарт деп дуба кылуу.

 

6. Садака кылууАнткени садака адамдын ички дуйнөсүн тазартат.

 

7. Мусулмандарга жакшылык каалоо жана алардын кемчиликтерин издөөдөн алыс болуу

 

8. Гыйбат кылуудан жана гыйбат угуудан алыс болуу

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE