Сахабалардын бөлүнүшү

https://kyrgyzcha.site/?p=68570&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Сахабалардын бөлүнүшү

Ахли-Сүннөт аалымдары сахабаларды үчкө бөлгөн♥

1. Мухажирлер — Мекке шаары алына электен мурда Меккеден же башка жерлерден өз мекендерин, жакын туугандарын таштап Мадина шаарына көчүп келгендер♥

2. Ансарлар — Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)га жана мухажирлерге ар тараптан жардам берген жана кең пейилдикте боло тургандыгына сөз бергенМадина шаарында же ушул шаарга жакын жерлерде жашаган мусулмандар♥

3. Башка сахабалар — Мекке шаары алынган учурда, андан кийин Меккеде, же башка жерлерде мусулман болгондор♥

Сахабалардын даражасы боюнча эң улуулары Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам)дын төрт халифасы♥

Андан кийин «Бейиш🌴менен сүйүнчүлөнгөн 10 сахаба♥»

Бейиш🌴 менен сүйүнчүлөнгөн 10 сахаба♥

— Азирети Абу Бакр ас-Сыддык;- Азирети Умар бин Хаттаб;- Азирети Усман бин Аффан;- Азирети Али бин Абу Талиб;- Азирети Талха бин Убайдуллах;- Азирети Зубайр бин Аввам;- Азирети Абдурахман бин Ауф;- Азирети Саад бин Абу Ваккас;- Азирети Саид бин Зайд;- Азирети Абу Убайда бин Жаррах.

Алла Таала сахабалардан ыраазы болгондугун, аларды сүйгөндүгүн Куранда айтып кеткен♥

«Алла Таала алардан (сахабалардан) ыраазы, алар да (сахабалар) Алла Тааладан ыраазы♥»

(Баййина сүрөсү, 98/8-аят)

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️