Боорукер жана ырайымдуу Аллах аты менен баштаймын! Лайс бин Саьд даанышман,фикх илимин аалымы эле.Ал имам шаафинин доорунда жашаган.Жөн гана илим жаатында болбостон соода иши менен да алектенчу.Соода иши бал менен болгондуктан кундөрдүн биринде балы толо кемесин деңиздин жээгине токтотту.Ал учурда каарыган эне кичинекей чынысын көрсөтүп ага толо бал берүүсүн суранат.Тилеке каршы Лайс эненин кичинекей чынысына толо бал берүүдөн баш тартат.Эне эч кандай капаланбай жолун улай басып кетет.Бир аз өткөн соң Лайс өз жардамчысын чакырып жанакы эненин дарегин билүүсүн жана ага бир бочка бал жеткирүүсүн буйруйт.Анда жардамчысы аң-таң калып, эй Лайс сенден кичинекей чыныга бал сураса андан баш тартып эми ага бир бочка толо бал берип жатканын эмне дейт? Анда Лайс бин Саьд : ал эне өзунун абалына жараша сурады, а мен өзумдун абалыма жараша берем деп жооп берди.Эгер садака берүүчү садаканын ордун билип,садака кедейдин колуна түшөөрдөн мурда Алланын колуна түшөөрүн билгенде,садака алуучудан көрө садака берүүчү көбүрөөк ырахат алаар эле.Ибн Койум.Садаканын пайдаларын окуп көрдүңүз беле ???
1- Садака бейиштин эшиктеринин бир эшиги.
2- Садака салих амалдардын абзели,эң жакшы садака бул кедейди тамактандыруу.
3- Садака ээсин кыямат күнү көлөкөлөйт, ж-а тозок отунан сактайт.
4- Садака Алланын газабын ж-а кабыр ысыгын өчүрөт.
5- Садака бул тазалануу,нафст и тарбиялоо,жакшы лыкты көбөйтүү.
6- Садака ээсин кубантууга себепкер,ж-а кыямат күнү жүзүн нурдуу кылат.
7- Садака эң коркунучтуу күндүн тынчтыгы.
8- Садака күнөөлөрдүн кечирилишине себепкер,жаманд ыктарды тосуучу.
9- Садака ээсине убадаланган эң чоң ажыр-сооп бар.
10- Садака маркумга берилүүчү эң жакшы белек,ж-а ал үчүн өтө пайдалуу.
11- Садака ажалдын аягындагы кубаныч,ж-а периштелер ага дуба кылууга себепкер.
12- Садака берүүчү адамдардын эң жакшысы,садакан ын сообу : ага себепкерлердин баарына тең барабар.
13- Кайыр-садака берүү таква адамдардын сыпаты,садака Алланын кулдарынын ортосундагы махабатка себепкер.
14- Садака марттыка,береше ндике баштоочу о.э айкөлдүктү, кеңп ейилдиктин белгиси.
15- Садака дубанын кабыл болуусуна себепкер,ж-а кайгы-капаны төмөндөтөт.
16- Садака балээден тосот о.э жетимиш жамандыктын эшигин жабат.
17- Садака өмүрдү узартууга байлыкты көбөйтүүгө жардам берет.
18- Садака бул дарылануу,даары ,шыпаа.
19- Садака адамга болсун, айбанга болсун ,кушка болсун сообу жетүүсү шексиз.
20- Садака күйүттөн,чөгүүд өн,уурулуктан жаман абалда өлүүдөн тосот.
Мына ушул садака макалын садака максатында таркатсаныз, аны окуп-үйрөнүп амал кылган адамга кандай сооп болсо кудай буйруса сизге да ошондой ажыр-сооп жазылуусу шек-күмөнсүз.

















































