Пример HTML-страницы

САДАГА (садака)

https://kyrgyzcha.site/?p=53482&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

САДАГА🌙♥

Аллах ыраазычылыгы үчүн кылынган мадди жана манаваи (материалдык жана руханий) ар бир жакшылык садага деп аталат. Шайтан бердирүүнү каалабаса дагы садага берүү керек. Бир аят-и кариманын мааниси төмөндөгүдөй:

«Шайтан кембагал болуп каласыңар деп коркутуп, силерди сараңдыкка, жаман нерселерге үндөйт, садага бердирүүнү каалабайт. Аллах болсо, силерге Өзүнүн лутфунан кечиримин жана мол ниматын убада кылат. Аллахтын ихсаны кенен, бардык нерсени Билүүчү.” (Бакара сүрөсү, 268)

Садаганын пайдалары тууралуу хадиси шарифтерде мындай деп айтылды♥

«Ооруларыңарды садага менен дарылагыла. Садага бардык ооруларды жана балээлерди жок кылат.” (Байхаки)

«Илими болгон илиминен, мал-мүлкү болгон мал-мүлкүнөн садага берсин.” (Ибни Сүнни)

«Жакшылык өмүрдү арттырат, садага күнөөлөрдү кетирет жана жаман өлүмдөн коргойт.” (Табарани)

«Садага текебердикти жок кылат.” (Тирмизи)

«Садага берген адамдын ырыскысы артат жана дубасы кабыл болот!” (Ибни Мажа)

«Садага берүүгө тоскоолдук кылган адамга лаанат болсун.” (Исфахани)

«Садага кабыр азабынан коргойт. Кыяматта да өз коргоосуна алат.” (Байхаки)

«Кыйынчылыктарды садага аркылуу алдын алгыла.” (Дайлами)

«Суу отту өчүргөн сыяктуу садага да күнөөлөрдү жок кылат.” (Тирмизи)

«Аллахка ант болсун, садага берүү менен мал-мүлк кемип калбайт. Андай болсо, садага бергиле!” (И. Ахмед)

«Садага мал-мүлктү арттырат. Андай болсо, садага бергиле.” (Ибни Абиддунйа)

«Садага 70 түрдүү балээнин алдын алат. Булардын эң жеңили жуззам (Хансен оорусу, лепра) жана барас (бүт денени жара, так кылган оору) оорулары.” (Хатиб)

«Садага шайтандын белин сындырат.” (Дайлами)

«Жашыруун берилген садага Аллахтын ачуусун кетирет.” (Байхаки)

«Аллахтын ыраазычылыгы үчүн садага берген адамга Кыяматта Аллаху таала♥

«Эй, кулум! Сен менин ыраачылыгымды кааладың, мен дагы сени кор кылбайм жана денеңди Тозокко харам кылам. Кана, Бейишке каалаган эшиктен кир!” – деп айтат.” (Дайлами)

«Аз болсо дагы садага бергиле. Акчасын сактап, бербеген адамга Аллах дагы ихсанын токтотуп коёт.” (Муслим)

«Ырыскысынын мол болушун каалаган адам садага берсин.” (Дайлами)

«Садага берип, ырыскыңарды мол кылгыла.” (Байхаки)

«Садага мал-мүлктү арттырат.” (Ибни Адий)

«Садага берүүгө шашылгыла. Анткени, балээ садагадан өтө албайт.” (Табарани, Байхаки)

«Садага бергиле. Себеби, садага Тозоктон кутулууңарга себеп болот.” (Табарани)

«Бир хурма дагы болсо, садага кылып бергиле. Анткени, аз дагы болсо ачкачылыкты калтырат жана суу отту өчүргөн сыяктуу күнөөлөрдү жок кылат.” (Ибни Мубарак)

«Күндү садага берүү менен баштоо балээлердин алдын алат.” (Дайлами)

«Садага нафил орозо кармагандан жакшыраак.” (Байхаки)

«Сообун мусулман эне-атага ниет кылып берилген садаганын сообу аларга тийет, өзүнүн сообунан да кемибейт.” (Табарани)

«Садага катары берилген бир бөлүк нан Аллахтын алдында Ухуд тоосундай чоң♥” (Табарани)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE