Пример HTML-страницы

Сабырдуулук адамды падыша кылат…

https://kyrgyzcha.site/?p=54979&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Сабырдуулук адамды падыша кылат

Жусуп пайгамбар зынданда жатканда аны менен эки адам бирге болгон. Ал тиги экөөсүнө жакшы мамиле жасап, сый-урматка бөлөчү.

Алланын буйругу экен тиги экөө Жусуптан мурда: зындандан чыгып кетишти. Жусуп болсо алардан соң дагы жети жыл зынданда калды. Бирок, тигилердин бири кызматчы-кул болуу үчүн чыгарылса, экинчиси өлүмгө тартылуу үчүн чыгарылган эле.

А Жусуп алардан жети жыл кийин чыкканы менен падышанын казына башчысы болуу үчүн чыгарылды.

Ийгилик, бакыт канчалык кечигип келсе, ошончолук баалуу да, даамдуу да болору бышык.

Жамгырлуу талаалардын артында гүлдөрдун ачылышы бар.Демек башка келген кыйынчылык артында сөзсүз жарыктык бар. Ооба алар улуу Пайгамбарлар эле сыноонун чоңу аларга берилет, а андан эле кийин момун адамдарга берилет. Бирок билип койуңуз биз алардын ээрчип,жолун улоочу башкалардан айырмаланган мусулман деген асыл үрөн үммөттөрдөн экенин эч унутпаңыз!

Бул жашоодо кыйынчылыктар болбосо, Бейиштин бир эшиги САБЫР болбойт беле…

Сабыр үч түрдүү болот. Алардын эң маанилүүсү күнөө кылбоого сабыр кылуу. Хадиси шарифте мындай деп айтылган:

«Сабыр үч түрдүү болот:

1. Кайгы дартка сабыр.

2. Динин үйрөнүүдө жана ибадат кылууда сабыр.

3. Күнөө кылбоо үчүн сабыр кылуу.

Кайгы дартка сабыр кылган адамга 300, ибадат кылууга сабырга 600, күнөө кылбоого сабыр кылууга 900 даража жакшылык берилет.

Курани каримде сабыр кылуунун мааниси көптөгөн аяттарда айтылган. Үч аятта мына булар айтылат:

«Сабыр кылгандарга эсепсиз жакшылыктар берилет.” [Зумер 10]

«Эй, ыйман кылгандар, Аллахтан сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Аллаху таала, албетте, сабыр кылгандар менен бирге болот.” [Бакара 153]

«Эй, Расулум, капырлардын кыйынчылыктарына улулазм пайгамбарлар сыяктуу сабыр кыл.” [Ахкаф 35]

Сабыр тууралуу хадиси шарифтер:

«Хак таала сүйгөн кулуна кайгы дарт берсе, ал адам да ага сабыр кыла турган болсо андан ыраазы болот.

«Жаман кошунанын кыйынчылыктарына өлгөнгө чейин сабыр кылган адамды Аллаху таала сүйөт.

«Аллаху таала айтты: «Кимдин денесине, бала-чакасына, мал-мүлкүнө балээ келсе, ал адам да эң жакшы сабыр кыла турган болсо Кыяматта ал адамдан эсеп суроодон тартынам.

«Хак таала өзүн өзү сабыр кылууга кыйнаган адамды бул иште ийгиликке жеткирет.

«Кыйынчылыкка сабыр кылып, башка түшкөн дартты башкалардан жашыра билүү жана эч кимге даттанбоо – бул адамдын Аллаху тааланы жакшы тааныгандыгынан.

«Жашоо кыйынчылыгына сабыр кылган адамды Аллаху таала Фирдаус Бейишине киргизет.

«Эки көзүнөн айрылган адам ага сабыр кыла турган болсо Бейишке кирет.

«Момундун куралы – сабыр жана дуа.📚

«Аллаху таала айтты: «Менин өкүмүмө ыраазы болбогон жана Мен берген кыйынчылыкка сабыр кылбаган адам Менден башка Рабби издесин.📚

🔗Сабыр кылуу кутулууга жана ийгиликке себеп боло турган жакшы мүнөз. Сабыр пайгамбарлардын өзгөчөлүктөрүнөн болгон. Ошондуктан, аталарыбыз:

«Сабыр ачуу болсо да жемиши таттуу.”,

«Сабыр – саламат”,

«Сабырдын түбү сары алтын”, — ж.б., даанышман акылдарын айтышкан.📕

🔗Сабырсыз бир фарзды аткаруу же бир күнөөдөн качууга болбойт. Себеби: «Ыйман деген эмне?” -деп сурашканда, Пайгамбарыбыз: «Сабыр”, — деп жооп берген.📚

🔗Сабырдын улуктугу жана фазилатынан улам Курани каримде жетимиштен ашык жерде сабыр жана сабыр кылгандарга бериле турчу сооптор билдирилген. Аяттарда айтылат:

🔗»Сабыр кылгандардын сыйлыгын, кылып жаткандарынын дагы да жакшысын беребиз”. [Нахл 96]📘

🔗»Аллах сабыр кылгандарды жакшы көрөт.” [Ал-и Имран 146]📘

Аллах Таалам баарыбызды башыбызга кандай кыйынчылык келбесин сабыр ,шүкүр кылуучулардан кылып бейишинен насип кылсын!

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE