Сөз – күмүш♥ унчукпоо – алтын♥
* Ооздон чыккан сөз абада калбайт, же оң тарапка жазылат, же сол тарапка…
* Бир сөздү сүйлөөдө өзүңүздүн жана каршыңызда турган адамдын акыретин ойлоо менен сүйлөңүз.
* Сөз – адамдын таразасы. Артыгы зыян, азы сүр.
* Аз сүйлөгөн жектелбейт, айрыкча этибары көп болот.
* Азилдешүү жана бекер сөз балээге жол ачат.
* Көп сүйлөө достукту бузат, керексиз сүйлөө кемчиликтерди ачат, ачуу сүйлөгөндүн достору качат.
* Эгер көңүлдө тардык жана кайгы, денеде чарчоо жана алсыздык, ырыскыда кемчилик жана берекесиздик болсо мунун бош жана орунсуз сүйлөөдөн пайда болгондугу билиниши керек!
* Хикматты сүйлөөдө эмес, унчукпоодо издегиле!
* Унчукпоо акылдын кооздугу жана жахилдикти жабат.
* Унчукпоо – аалымдын зыйнаты, жахилдин кемчилигин жапкан парда.
* Ибадат он бөлүк, тогузу унчукпоо, бири болсо жаман достон оолак болуу.
* Тил – ирфан казынасынын ачкычы, көп сүйлөгөн адам көңүлдөгү кызмат гаухарын бошотот.
* Аз сөз адеп, амалдарды коргоого себеп.
* Киши тилинин алдында жашырынган. Сыр сактаган муратына жетет.
* Кайырдуу сөз – керемет, унчукпоо – саламат.
* Жалган алсыратат ыйманды, уят кылат адамды.
* Ушак гыйбат, өтө катуу апаат.
* Азил балким күлдүрөт, бирок, көңүлдү өлтүрөт.
* Жакшы сөз – садака, махшарга – нафака.
* Көп сөз көңүлдү катырат, Хактан алыстатат.
* Артыкча азил – жахилдик алааматы, унчукпа кааласаң саламатты.
* Аз сөз – хикмат, Раббибизден нимат.
* Тил сүйлөсө көңүл тыйылат, көңүл тыйылса тил уу чачат.
* Сөз тыңдаган аалим, унчукпаган салим болот.
* Кимдики аз болсо сөзү, ачылат көңүл көзү.
* Тил эс алса көңүл дагы ырахат алат.
* Көп сүйлөгөн тантырайт, убактысын ысрап кылат.
* Ок жарасы айыгат, тил жарасы айыкпайт.
* Акылдуу адам билгенин айтпайт, акылсыз адам айтканын билбейт.
* Билбейм деп айтуу – илимдин жартысы.
* Унчукпоо – чарчабастан кылынган ибадат, чыгымсыз тагылган кооздук, өкүмдарлыкка муктаж болбостон колго тийген дөөлөт, дубалга муктаж болбостон жасалган чеп, иштебестен табылган байлык жана кемчиликтердин жабылуусу.
* Бардык өкүнүчтөрүм сүйлөгөн сөздөрүмөн улам болду. Сүйлөбөгөндөрүмөн эч өкүнгөн жокмун.
* Кээ бир сөздөрдү айтууга күчүм жетти, бирок, айткан сөздөрүмдү артка кайтарып алууга күчүм жетпеди.