Пример HTML-страницы

Рамазан айында орозо кармоо

https://kyrgyzcha.site/?p=44977&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Рамазан айында орозо кармоо бир гана жан дүйнөбүзгө тынчтык алып келбестен, ден соолугубуз үчүн да өтө пайдалуу болуп саналат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, орозо туткан адамдын ден соолугу чыңдалып, бир топ оорулардан алыс болору байкалган. Алдыда орозо кармоонун ден соолукка тийгизген 10 таасири тууралуу сөз кылабыз.

 

1️⃣ Организмдеги токсиндер чыгат

 

Орозо кармаган адам жеп-ичүүдөн тыйылгандыктан, организмдеги ички ресурстар мобилизацияланат. Бул топтолгон май жана токсиндердин (уу заттар) организмден чыгышына шарт түзөт.

 

2️⃣ Иммундук система жакшырат

 

Рамаза айындагы орозону туура кармоо иммунитетти көтөрөт. Ал үчүн орозо кармаган адам ооз ачарда жана бекитерде тең салмактуу тамактануу талап кылынат.

 

3️⃣ Сезгенүү жеңил өтөт

 

Орозодо тамактан баш тартуу сезгенүү процесстеринин жана псориаз сындуу аллергиялык реакциялардын азайышына, жадагалса жоголуусуна өбөлгө түзөт.

 

4️⃣ Тери жана көздүн абалы жакшырат

 

Орозо кармаган адамдын организминдеги регенеративдик процесстердин аркасы менен тери жана көз алмасы тазаланат. Орозо туткандан кийин көздүн агы тунук жана жарык болуп калгандыгын байкасак болот.

 

5️⃣ Инсулинге сезгичтик жогорулайт

 

Рамазан айында инсулинге болгон сезгичтик жогорулайт, бул – маанилүү өзгөчөлүк. Клетканын инсулинге сезгичтигинин жогорулоосу тамактангандан кийин кандагы канттын деңгээлин жакшы жөнгө салууга шарт түзөт. Албетте, бул уйку бездеги жүктү азайтат.

 

6️⃣ Жогорку кан басым төмөндөйт

 

Орозо жогорку кан басымды төмөндөтүүгө жардам берет. Орозо туткан адамдын кан басымы жогору болсо, ал Рамазан убагында нормага келет.

 

7️⃣ Тамак сиңирүү системасы эс алат

 

Рамазанда туура тамактанып, ифтарда ашыкча жеп-ичпесек, тамак сиңирүү системасы кадимкидей эс алат. Бул бир жылдык оор жумуштан кийин ичеги-карын, ашказанга тайм-аут бергенге барабар десек болот.

 

8️⃣ Ашыкча салмактан арылтат

 

Орозо кармаган адамдын организминде май запастары азайып, тез арыктоого алып келген процесстер активдешет. Бирок орозо – арыктоонун ыкмасы эмес. Курамында май жана кант кездешкен тамак-аштарды колдонууну азайтып, жашылча-жемиштерди көбөйтүү эфективдүү жардам берет.

 

9️⃣ Туура тамактанууга үндөйт

 

Орозо туткан адамда табигый тамак-аштарды, сусундуктарды, жашылча-жемиштерди колдонууга каалоо күчогөндүгү далилденген. Демек, Рамазан айы – сергек жашоо образына көнүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

 

🔟 Зыяндуу адаттардан арылууга жардам берет

 

Рамазан айында орозо кармоо жаман адаттардан жана көз карандылыктан (тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү, баңгизат колдонуу) арылууга чоң өбөлгө түзөт. Орозо кармоо менен организм никотин, алкоголь, кофеин жана башка наркотикалык заттарга болгон каалоо төмөндөйт.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX
Пример HTML-страницы