Пример HTML-страницы

Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)дын үйү эң жөнөкөй үй болгон.

https://kyrgyzcha.site/?p=48377&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

♥♥♥

Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)дын үйү эң жөнөкөй үй болгон. Ашыкча эч нерсеси болгон эмес. Эгерде кааласа падышадай жашамак, бирок Ал башка аалам үчүн жашаган. Бул дүйнөнүн убактылуу болгонун үйү аркылуу билдирген.

Сиздин ушундай досуңуз болду беле?

Түбөлүк жашай тургандай кылып үйүн буюмдар менен толтурчу эмес, жубайларын дагы буга көндүрүп койгон. Өзү дагы, жубайлары дагы андай байлыкты каалаган эмес. Ал дүйнөдөн кайткан кезде үйүндө диван, жууркан, курма жалбырактары менен толтурулган бир жаздык, тамак жей турган бир табак, суу ичүүчү чыны, жаргылчак, кумган жана бир илеген гана болгон.

♥Бул баалуу буюмдар Умар бин Абдулазиздин дооруна чейин жеткен. Ал адам дагы, бул аз сандагы буюмдарды көрүп сабак алган. Умар бин Абдулазиз өзүнө келгендерге бул идиштерди көрсөтүп, мындай деген:

“Мына, Аллах Элчисинин калтырган мурасы ушулар гана!”.

Албетте, бул буюмдар турган үй дагы андагы буюмдарга жараша болгон. Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)дын жубайлары жашаган үйлөр “бөлмө” маанисин билдирген “хужра” деп аталган. Кийин бул бөлмөлөр бузулуп, мечитке кошулган.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE