Пайгамбарыбыз Мухаммад (ﷺ)га салават айтуунун пайдалары

https://kyrgyzcha.site/?p=102903&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Пайгамбарыбыз Мухаммад (ﷺ)га салават айтуунун пайдалары🌙

Ахзаб сүрөөсү 56-аят, «Чындыгында Алла Пайгамбарга ырайым кылат . Ошондой эле ага периштелер да салават айтып турушат. Эй, момундар! Ага салават жана саламдар айткыла».

1. Алланын буйругу баш ийүү жана кабыл алуу.

2. Салават айтуучунун даражасы он эсе көтөрүлүп, ага он жакшы иш жазылып, он жаман иши өчүрүлөт.

3. Салават айтуу Пайгамбар (салааллооху алайхи ва салам)дын шафаатына жеткирет.

4. Салават айтуу менен пенденин күнөөлөрү кечирилет.

5. Салават айтууда пенде Алланын коргоосуна жетет.

6. Салават айтуу садака берген менен барабар.

7. Салават айтуу бардык муктаждыктарды чечет.

8. Салават айтуу Алланын мээримине жана периштелердин ага истихфар айтуусуна себеп болот.

9. Салават айтуунун пенденин өлөөрүнөн мурда бейиш менен сүйүнчүлөшүнө себеп болот.

10. Салават айтуу кыямат күндүн коркунучтарынан сактайт.

11. Салават айтуу пенденин унуткан нерсесин эстетет.

12. Салават айтуу кедейликти кетирет.

13. Салават айтуу пендеден сараңдыкты, ичи тардыкты кетирет.

14. Салават айтуу пендени бейиштин жолуна баштайт.

15. Салават айтуу пенде үчүн кыл көпүрөсүндө нур болот.

16. Салават айтуу пендени оройлуктан жана таш боордуктан сактайт.

17. Салават айтуу пенденин ишине жана өмүрүнө береке берет.

18. Салават айтуу пенденин чыныгы хидаятта (туура жолдо) болуусуна себеп болот.

19. Салават айтуу пенденин пайгамбардын жакшы көрүүсүнө себеп болот.

20. Алла бизди зикир кылуучулардан, шүгүр кылуучулардан жана Пайгамбар (салааллооху алайхи ва салам)га салават-салам айтуучулардан кылсын!

Ааламдардын Роббиси Аллага шүгүрлөр болсун!

21. Салават пайгамбарга дуба кылуу, салам айтуу, ырайым тилөө.

БYТ МОМУНДАР ОКУЙ ТУРГАН САЛАВАТ🌙

«Аллахумма, солли ‘ала саййидина Мухаммадин набиийил ‘уммии ва ‘ала аалихи ва сахбихи ва саллим»

Оо, Аллахым! Биздин окуу-жазууга үйрөтүлбөгөн жол башчыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө жана анын сахабаларына (кут берекелүү) салаваттарынды түшүрө көр!

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️