Пример HTML-страницы

ОРОЗОДО ТУУРА ТАМАКТАНУУ.

https://kyrgyzcha.site/?p=54157&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ОРОЗОДО ТУУРА ТАМАКТАНУУ.

 

Орозо кармоо – дене үчүн оңой эмес сыноо, эгер организм буга даяр эмес болсо. Андыктан туура азыктануу менен денени чыңдоо керек. Орозодо ден соолукту сактоо үчүн төмөндөгү кеңештерди пайдаланыңыз:

 

Суу ичиңиз:

 

Ооз ачык убакта сууну көп ичкенге аракет кылыңыз. Орозо учурунда организмге суу жетишсиз болсо, мунун натыйжасы баш оору, чарчоо, баш айланууга алып келет. Негизи адам бир суткада орто эсеп менен 2 литр суусундук ичүүсү керек, бул норманы ооз бекиткенге чейин толтуруңуз.

 

Туура тамактаныңыз:

 

Ооз ачкандан кийин пайдалуу азыктар менен тамактаныңыз, тагыраак айтканда нан, дан азыктары, сүт азыктары, балык, эт, жашылчалар жана мөмө-жемиштерди кабыл алуу керек. Пайгамбарыбыз бекеринен суу жана курма менен ооз ачууну сунуштаган эмес, анткени экөөн бирдей кабыл алганда жөн гана суу ичкенге караганда да батыраак организмге суу сиңет. Зоордукта белоктуу азыктардан баш тартканыңыз оң. Алар көп убакытта сиңет, бирок орозо учурунда тынымсыз иштеп турган боорго оор келет. Андан сырткары, кофе, куурулган, ышталган, майлуу азыктар сунушталбайт. Анткени боорго жана бөйрөккө ашыкча оордук жаратат.

 

Шашпай тамактаныңыз:

 

Канчалык көп чайнасаңыз, ошончолук ашказаныңыздын ишин жеңилдетесиз.

 

Саарлыктан баш тартпаңыз:

 

Зоордукта тамактануу маанилүү экенин унутпаңыз, кечке чейин организм энергия, күч менен камсыз болуусу керек. Эрте мененки тамактанууга дан азыктарынан же сулудан жасалган ботко жакшы, организмге пайдалуу жана уулуу заттарды сүрүп чыгат.

 

Саарлыкка сунушталуучу азыктар:

 

Жумуртканын агы (сарысы болсо, бирөө гана жетиштүү). Тоок эти. Сулу боткосу. Дан азыктарынан шорпо-пюре. Банан. Протеин коктейли. Мейиз же курма. Булалуу жашылчалар. Табигый жер жаңгак майы. Зыгыр майы. Зайтун майы. Көп өлчөмдө суу.

 

Дене көнүгүүлөрүн жасаңыз:

 

Орозо учурунда кыймыл-аракеттен баш тартпаңыз, бирок ашырып да жибербеңиз. Жеңил кыймыл-аракет ачка учурда энергияны кармап турганга жардам берет.

 

Азыкты керектүү өлчөмдө кабыл алыңыз:

 

Ооз ачкандан кийин ашыкча тоюп албаңыз. Аз-аздан бөлүп жеңиз. Ач калган организм дароо көп өлчөмдөгү азыкты кабыл алууга даяр эмес. Андан сырткары, ашыкча тамактанып алуу кандагы канттын өлчөмүн көбөйтөт. Аз-аздан бөлүп тамактануу зат алмашууну тездетет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE