Пример HTML-страницы

ОРОЗОДО СИЗГЕ КЕРЕК БОЛГОН ЭҢ МААНИЛҮҮ СУРОО-ЖООПТОР…

https://kyrgyzcha.site/?p=51565&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

🤔 ОРОЗОДО СИЗГЕ КЕРЕК БОЛГОН ЭҢ МААНИЛҮҮ СУРОО-ЖООПТОР

 

☝Суроо:  Орозодо укол алса (инъекция) ,кан куюу,гемодализ апараты менен кан тазалатуу же даары тамчылаткыч (капельница) аркылуу дары алуу орозону бузабы?

 

Жооп: Орозодо ийне сайдыруу орозону бузбайт. Анткени ийне аркылуу кирип жаткан суюктук, адаттагы азык кирүүчү жол (ооз, мурун, кулак, арткы аврет) менен эмес, андан башка жер аркылуу кирип жатат. Ошондой эле кирип барган жери да адаттагы азык кирүүчү жай (кекиртек, ашказан, ичегилер) эмес, этибарга алына турган көңдөй болбогондуктан, ийне менен берилген дарыга ооз ачылбайт.

Ийне сайса орозо бузбайт деген аалымдардын көч башында Мухаммад Саьиид Рамазан Буутий турат. Кээ бир аалымдар курамында “глюкоза” болсо ооз ачылып калат дешет. А бирок, ага маани берүүнүн кажети жок.

 

☝Суроо: Орозодо сууга ,бассейинге,ваннага түшсө,гусул кылса болобу?

 

Жооп: Сууга,бассейинге ,ваннага, түшсө болот салкындоо максатта ,этият кылып мурунга оозго суу киргизбөө керек. Гусул алып жуунса да болот, оозду мурунду чайкаганда этият кылып.

 

☝Суроо: Орозодо тишти тиш паста ,мисвак менен тазалап жууса болобу?

 

Жооп:  Тиш пастасы менен жууса болот,бирок даамы кетип калчуудай болсо ооз ачылып калат ошондуктан макрүх.  Ошол үчүн ооз жапканда,ооз ачканда жууп койсоңуз жетээрлик болот. Мисвак менен тишти жуу,ал суулу болсо да,сууланган болсо да,түштөн мурун,түштөн кийин болсо да макрүх эмес. Себеби: Мисвак ооздун жытын кетирип,ал орозо кармаган адамдын оозун жытын Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын саламы жана ырайымы болсун) мактаган: «Орозо кармаган адамдын оозунун жыты Аллах Тааланын астында мисктин жытынан да жакшыраак болот «. Эскертүү мисвак менен тазалаганда да абайлаш керек тиштеги калып кеткен тамак калдыктарын жутуп албоо керек орозо бузулуп калуусу мүмкүн..

 

☝Суроо:  Орозодо косметикалык каражаттарды колдонсо,макияж кылуу (мисалы: крем,духи,дезодорант ж.б) ,ооруган жерлерге мазь,май сүйкөсө орозо бузулабы?

 

Жооп:Духи,дезодорант себинсе, жыттаса,кремдерди колдонсо ,мазь,май сүйкөсө орозо бузулбайт.

 

☝Суроо: Орозодо жаш балдарды,тууган,эже апаларды өпсө,күйөсү аялы өбүшсө орозо бузулабы?

 

Жооп: Жаш балдарды, тууган апа эжелерди жүзүнөн сүйүп өбүп койсо орозо бузулбайт. А жубайлар ортосунда  кызыгуу шахваттар козголуп кетчүү болсо макрүх болот. Эгер өздөрүнө ишенсе боло берет. Оозмо ооз өбүшү орозону бузат.

 

☝Суроо: Орозодо тамакты даамдаш,даарат эмес башка убакта оозду ,мурунду чайкаса,сагыз чайнаса,орозо бузулабы?

 

Жооп:  Макрүх болот. Макрүх шариятта жактырылбаган иш орозонун соопторунан куру калуу дегендик. А макрүх убакта абайлабаса орозо бузулуп калат. Жаңы сагызды чайноого болбойт. Тамактын даамын татуу нафил орозо учурунда болот,а парз орозодо болбойт. А эгер заарыл болсо даамдагандан кийин оозду чайкоо керек.

 

☝Суроо: Орозодо тиши канаса ,дарылатуу же жулдурса ,шилекейин жутса,мурун канаса же дененин бир жери кесилип же тытылып кан чыкса,тиш арасында калган калдыктарды жутса орозо бузулабы?

 

Жооп: Шилекейин жутса,түкүрсө бузулбайт.Түкүрүктү оозуна жыйып жутса макрүх болот. Тиши канса,тиш жулдурса,мурун канса канды жутпаса орозо бузулбайт. Көңүлү бузулуп башы айланып куса турган болсо ,кусканда ооз толо кусуп кайра  жутуп алса орозосу бузулат. А кусканда кусунду артка өзү кайтып кетсе орозосу бузулбайт. Тиш арасында калган калдыктар нокоттон чоң болсо жутуп алса орозосу бузулат.Оозуна кар, жамгыр кирип кетсе,жутуп алса бузулат. Мурун канаса ичине кирип артка кетпесе, же дененин бир жери кесилип же тытылып канаса бузулбайт.

 

☝Суроо: Орозодо көзгө, кулакка, жыныстык кынга же көтөн чучукка (ануска) даары салуу, даары тамызуу орозону бузабы?

 

Жооп: Көзгө дары тамызуу же линза салдыруу, кулакка даары тамчылатуу(же болбосо сууга түшкөндө же жуунганда кулакка суунун кирүүсү) орозону бузбайт.

Гинекологго текшерилүү жана жыныстык кынга же көтөн чучукка (ануска) даары салуу (тампон,свеча ж.б) бузбайт.

 

☝Суроо: Боюнда бар аял,эмчек эмизген аял орозо кармаса болобу?

 

Жооп: Боюнда бар аял орозо кармаса баласына коркунуч болсо,же бала эмизген аял өзүнө, баласына коркунуч болсо, сүтү азайып кетсе орозо кармабайт.Врачтын кеңеши  менен кармоо керек. А  кийин казасын күнүнө -күн кармап берет.

 

☝Суроо: Тамеки ,түтүн, насвай орозону бузабы?

 

Жооп:  Бузат анткени тамеки тартканда түтүн ички органга кирет,а түтүн орозону бузат. Түтүн десе от жакканда же кандайдыр себептен түтүн оозго мурунга кирип кетсе орозо бузулбайт. Анткени атйлап жутулган жок кокустан болгону үчүн. Насвай чеккенде бул оозго даам берет,жана адам кайф болуп өзгөрүү порссеси жүрөт организимде ошон үчүн бузат. Бул тамеки,насвай шариятта макрүх тахримий болуп эсептелет.  Бул дегени арамга жакыныраак. Бир жылда бир келүүчү ыйык орозо айыбызды мындай жагымсыз нерселер менен булгабасак жакшы болоор..

 

☝ Суроо: Орозодо анализ тапшырса болобу?

 

Жооп: Доктор Рамазан Бути деген улуу аалым «ийненин бардыгы бузбайт» деп айткан. Албетте, ар кандай анализ тапшырууга жана ийне сайдырууга болот. Кандан анализ берүүдө да чочулоо керек эмес. Кан тапшырса, кан алдырса ооз ачылып калат дегендикке жатпайт. «Хохна» деген араб сөзүнөн которгондо ийне дегенди туюнтуп калган. Анын бир мааниси боюнча клизма кылууга болбойт. Ушул эки нерсени айрып түшүнүүдө айрым чала сабат молдокелердин айтуусу боюнча адамдар жаңылып калып жатышат. Дары-дармек же ар кандай майларды сүйкөнө берсе болот. Бир гана ооздун, кулактын, мурундун ичине дары киргизүүгө жол берилбейт. Негизи ачка жүргөн организм күчтүү ийнени жакшы көтөрө албайт. Ошондуктан мүмкүн болушунча ийне албаганга же кечинде алганга аракет кылуу( дурус.

 

☝Суроо: Этек кири келгенде орозо кармоо керекби?

 

Жооп: Жок, намаз окубаган сыяктуу эле орозо да келген күндөн баштап таза болгон күнгө чейин оозу ачык болот. Таза болгондон кийин гусул алып кармай берет. Качан күн келген болсо ошончо күн казасын кармап берет.

 

☝Орозо кармагандар үчүн күмүш сырга болсун!

‼ЭСКЕРТҮҮ: Орозо экенин билип туруп жеп -ичкен жана жыныстык мамиле кылган адам каффаратын (60 күн үзгүлтүксүз орозо тутуп аткарыш керек) .

Башкаларга таркатууну да унутпаңыз, кээ бир туугандарыбыз суроолоруна жооп таппай жүрүшү мүмкүн себепчи болуп калыңыз!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE