ОРОЗО ТУУРАЛУУ ХАДИСТЕР. 

https://kyrgyzcha.site/?p=66256&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ОРОЗО ТУУРАЛУУ ХАДИСТЕР.

===========================

 

Орозолуу адамга эки чоң сүйүнүч бар. Бири-ооз ачып, тамактангандагы, экинчиси Аллахы менен жолугуп, туткан орозосу үчүн кубанган учуру. (Муслим)

«Садаканын эң абзели (жакшысы) Рамазанда берилгени.» (Имам Тирмизий)

 

«Ким Рамазан айында улуу сыйлыктарга ишеним жана үмүт менен орозо кармаса, мурда кылган күнөөлөрү кечирилет». (Бухари, Муслим)

 

Орозо (тозоктон сактоочу) калкан. Кимиңер орозо кармасаңар, жаман уят сөздөрдү сүйлөбөсүн, фасыктык жана жахилдик (надаандык) кылбасын…

 

«Орозо-адамды тозок отунан сактай турган күчтүү чеп жана коргонуу.». Сахик аль-Джами.

 

«Кимде-ким Аллахтын мээримин издеп бир күн орозо кармаса, ушул күн анын жашоосунун акыркы күнү болсо, ал бейишке кирет.» (имам Ахмад)

 

Убада (разияллоху анху) айтат. “Бир жолу Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва салям) берекелүү орозо айы жакындап калган кезде мындай деди: “Орозо айы кирип келди, ал өтө береккелүү ай. Алла Таала бул айда силерге көңүл бурат жана Ал Өзүнүн өзгөчө рахматтарын жаадырат, күнөөлөрдү кечирет, дубаларды кабыл кылат. Силердин жакшылык иштериңердеги жарышууңарга карйт жана периштелердин алдында сыймыктанат. Ошондуктан Алла Таалага өзүңөрдүн жакшы амалыңарды көрсөткүлө! Жаман адам ушул айда да Алланын рахматынан насипсиз калат”.Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва салям)айтты: “Орозодо ар бир күнү жана түндөсү Алла Тааланын туткундары (тозоктон) куткарылат жана ар бир мусулмандын орозонун ар бир күнү жана түнүндө сөзсүз бир дубасы кабыл болот”.

 

Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва салям) айтты: “Үч түрдүү адамдын дубасы кайтарылбайт:

 

1. Орозо кармоочунун ооз ачар мезгилдеги дубасы;

 

2. Адилеттүү падышанын дубасы;

 

3. Жапа чеккен кишинин дубасы. Аны Алла Таала булуттардын үстүнө көтөрөт жана ага асман эшиктери ачылат. Анан Алла Таала айтат: “Мен сага сөзсүз жардам берем. (кандайдыр бир себептер менен) кийинчерээк болсо да”.

 

Умар (розияллоху анху) Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва салям)дан риваят кылат: “Берекелүү орозо айында Алла Тааланы эстөөчүлөр кечирилет жана Алладан дуба тилөөчүлөр максатына жетет”.

 

“Таргиб” китебинде Ибну Масъуд (разияллоху анху) нун бир риваяты айтылган: “Орозонун ар бир кечесинде бир жар салуучу жар салат: “Эй жакшылык издөөчүлөр! Көңүл бургула! Жакшылы кылууда алга жылгыла! Эй жамандык издөөчүлөр! Жамандык кылууну токтоткула жана көзүңөрдү ачкыла!”-деп жар салат. Соң ал периште: “Кечирим суроочу барбы, ал кечирилсин? Тообо кылуучу барбы,анын тообосу кабыл болсун? Дуба кылуучу барбы,анын дубасы кабыл болсун? Муктаждыгын суроочу барбы,анын суроосу орундалсын?”-деп айтат. Бул жерде дубанын кабыл болуусу үчүн бир нече шарттарга өзгөчө түрдө көңүл буруу зарыл. Кээде алардын бири аткарылбай калса дуба кабыл болбойт. Ошолордун бири-арам тамак менен тамактануу. Анын себебинен дуба кайтарылат ”.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️