🕌Напил намаздарынын белгилүүлөрү кайсылар?
🌹Төмөндөгү 14 түрдүү напил намаздары белгилүү: истиска, күсүф, хусууф, хавф, истихаара, хаажат, шүкүр, истигфар, ишрак, зухаа, аваабин, тахажжуд, хавил, мустахаб намаздары.
🌹Истиска намазы кандай намаз?
Көп убакыт жамгыр жаабай эгиндерге, жан-жаныбарларга зыян болуу коркунучтугу пайда болгондо. Алла Тааладан жамгыр тилөө үчүн окула турган эки рекеттүү напил намазы.
Истиска деген эмне?
Алла Тааладан жамгыр тилөө деген мааниде.
Истиска намазы кандай тартипте окулат?
Баардык шаар же айыл мусулмандары топтолушуп бир талаага жаш балдарды да, малдарды да кошо алып чыгышат. Ар бир адам даараттуу болуп, өзүн өтө төмөн тутуп чыгуулары керек. Кедей — кембагалдарга жеңилдик берип аларды ыраазы кылуулары керек болот. Ошол талаага чыккан жамаат кыбылага жүздөн турушат. Имам элге көп шарият сүйлөп берип, ошондой эле ар бир адам күнөөлөрүнө тобоо кылып, кечирим сурап, Аллага жалынуу керек, андан кийин ар бир адам жалгыз – жалгыздан эки рекет намаз окушат.
🌹Истиска намазына кандай ниет кылынат?
Ниет кылдым эки рекет напил намазын окууга халисан лиллахи таала Аллаху Акбар.
Кыямда (тике турганда) эмне окулат?
Башка намаздагы сыяктуу эле “Фатиха” сүрөөсүнө кошуп дагы бир сүрөө окулат.
Намаздан кийин кандай дуба окулат?
Анда “Аллахума аски ибаадака вархам бохааимака Аллахумма амартона бидуааика ва ваьаттана ижаабатака факод даьавнаака кама амар танаа фа ажибна камаа ва адтана”.
Мунун мааниси: “Я Раббим, кулдарыңды суу менен камсыз кыл, айбанаттарыңа райым кыл. Я Рабби, бизге дуба кылууну буйрудуң жана дубалардын кабыл кылмакка сөз бердиң. Эми биз сага өзүң буюругандай дуба кылабыз. Эми Сен убадаң боюнча биздин дубаларыбызды кабылдагын. Я Рабби эгерде күнөөлөрүбүздүн көптүгү себептүү өзүбүзгө райым кылбасаң да, күнөөсүз жаштарыбызга жана айбанаттарга райым кылгын” дегендикти билдирет.
Ушундай дуба окуп, канча күн жамгыр тилейт?
Эгер жамгыр жаабаса үч күн дуба окуйт.
🌹Кусуф намазы кандай намаз?
Күн тутулуу деген маанини билдирет.
Бул намаздын кыраатын имам кандайча окуйт?
үн чыгарбай ичинен, узун сүрөөлөрдү окуйт.
Намаздан кийин эмнелер кылынат?
Күн нуру чыкканча тооба истигфар менен дубалар окулат.
🌹Хусуф намазы кандай намаз?
Ай тутулганда эки рекет окула турган напил намаз.
Хусуф намазы кандай окулат?
Ай тутулуу дегендикти билдирет.
Күн менен айдын тутулушуна кандай себептер болот?
Аллах Тааланын кудуретинин белгиси болот, андай окуяларды текшерүү биздин ишибиз эмес.
Күн менен ай тутулган кезде эмне үчүн намаз окуйт
Ушунчалык зор нерселердин нурларынын пенделерге канчалык пайдалуу экенин эске алып Аллах Таалага шүгүр айтуу үчүн окулат.
🌹Хавф намазы кандай намаз?
Катуу бороон, жамгыр, суу ташкын, мөндүр, катуу суук, жер титирөө, чагылган түшүү сыяктуу кооптуу окуялар болгондо окула турган эки рекет напил намаз.
Айтылган намазы окугандан кийин эмнелерди кылуу керек?
Тооба истигфар айтылат. “Я Рабби, ушул кооптуу окуялардан сактагын” деп дуба окуйт.
🌹Истихаара кандай намаз?
Белгилүү бир чоң ишти баштаганда кайрымдуу же кайрымсыз болобу деп күмөндөр болгондо окула турган эки рекет напил намаз. Адам баласы бир ишти баштаганда, Аллах Тааладан кайрымдуулук болсо экен деп тилейт, мына ошого байланыштуу эки рекет напил намазын жана истихаара дубасы окулуп иклас кылынат. Бул ыклас кылынгандан кийин адам баласы жан дили менен ал ишке көңүлдөнөт жана да ал ишти Кудайга тапшырат. Ишти баштоого ниет кылат. Бул ишке өз көңүлү менен киришүүнү туура тапса, анда ал адам дааратын алып эки рекет намазын жана истихара дубасын окуп кыбылага карап оң жагы менен жатат. Ошол түнү жакшы түш көргөн болсо, максаттанган ишин баштоо керек, ал эми түшү жакшы болбосо, анда ал ишти аткарбай койсо туура болот.
Истихара дубасы кандай дуба?
Бул дуба: “Аллахумма инни астахийрука би илмика, ва астак дирука бикудратика, ва ас-алука мин фазлика фаиннака такдиру ва лаа акдиру ва таъламу вала аъламу ва анта аълаамул гуйууби. Аллахумма ин кунта таъламу инна хазал амра хайрунли фии диини ва мааъши ва аъкибати амри фасрифху аънни васрифни анху вакдирлияъл хайра айнамаа кунту иннака алаа кулли шайин кадиир”, — деп жазылган.
Бул болсо: “Я Раббим, чындыгында мен сенден жакшылык, күч-кубат суранам, улуу райымыңды суранам, албетте, Сенин баардык нерсеге кудуретиң жетет, мен болсом өзүмө да ээ эмесмиин. Сен баардык нерселерди билесиң. Мен биле албайм, Сен кайып нерселерди билесиң. Я Раббим, эгер ушул ишти менин диним, дүйнөм жана акыретим үчүн кайрымдуу деп эсептесең, ал ишти мага буюр жана мен үчүн куттуу кыл. Эгерде бул ишти менин диним, дүйнөм жана акыретим үчүн жаман деп эсептесең, ал иштен мени алыстаткын, жана мен кайсы жерде болбойун кайырлуу иштерге жакын кылгын, чындыгында Сенин кудуретиң ар нерсеге жетет”.

















































