Намаздын беш убакытка коюулушунун сыры

https://kyrgyzcha.site/?p=48824&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Намаздын беш убакытка коюулушунун сыры

الرَّحِيمِ الرَّحْمٰنِ اللّٰهِ بِسْمِ

ضِوَاْلاَرْ السَّمٰوَاتِ فِى الْحَمْدُ وَلَهُ ٭ تُصْبِحُونَ وَحِينَ تُمْسُونَ حِينَ اللّٰهِ فَسُبْحَانَرُونَتُظْهِ وَحِينَ وَعَشِيًّا

Эй бир тууганым!

Сен менден намаздын эмне үчүн белгилүү беш убакытка белгиленип коюлгандыгынын сырын сурап жатасың. Өтө көп сырларынан жалгыз гана бирөөсүнө ишарат кылабыз.

•Ооба, ар бир намаздын убактысы манилүү бир өзгөрүштүн башы болгондой, Аллахтын улуу башкаруусунун чоң бир күзгүсү. Ошол башкаруусундагы Аллахтын бүткүл сыйлыктарынын бир-бирден чагылуусу болгондуктан, Кудуреттүү Аллахка ошол убакыттарда көбүрөөк тасбих айтып, таазим кылуу зарыл. Ошондой эле эки намаздын ортосундагы топтолгон чексиз сыйлыктарынын жыйынтыгына жооп берүү ирээтинде шүгүр менен мактоо айтуу үчүн намаз окуу буйрулган. Ушул өтө терең маанини бир аз түшүнүү үчүн «Беш кылдат маселени» напсим менен бирге ук…

Пример HTML-страницы

Биринчи кылдат маселе:

Намаздын мааниси – Аллахка тасбих, таазим жана шүгүр кылуу. Башкача айтканда, Аллахтын Айбаттуулугун даңазалоо үчүн тилибиз жана аракетибиз менен «Субханаллах» деп, Аллах Тааланы кемчилик сыпаттардан аруулоо. Аллахтын кемчиликсиздиги үчүн сөз жана амал менен «Аллаху Акбар» деп таазим кылуу.

Ошондой эле Аллахтын чексиз сулуулугу үчүн жүрөгү, тили жана денеси менен «Альхамдулиллах» деп шүгүр кылуу болуп эсептелет. Демек, тасбих, таазим, мактоо жана шүгүр намаздын уруктары сыяктуу. Ошондуктан, намаздын кыймыл аракеттеринде жана зикирлеринде бул үч сөз ар жеринде кездешет. Мына ошондон улам намаздан кийин намаздын маанисин күчөтүп кубаттандыруу үчүн ушул куттуу келимелер отуз үч жолудан кайталанат. Намаздын мааниси ушул кыскача негиздер менен бекемделет.

Экинчи кылдат маселе:

Ибадаттын мааниси мындайча:

Пенде Аллахтын алдында өзүнүн кемчиликтерин, алсыздыгын, жардылыгын көрүп, Аллах Тааланын укмуштуудай толук башкаруусунун, Кудуретинин жана Ырайымынын алдында таң калуу жана чексиз сүйүү менен сажда кылуу. Тагыраак айтканда:

Башкаруу бийлиги ибадат менен моюн сунууну каалагандай эле, башкаруунун ыйыктыгы менен тазалыгы да пенде өзүнүн кемчиликтерин көрүп, истигфар кылуу менен Жаратуучусун бардык кемчиликтерден таза жана алыс тураарын, адашкандардын жаңылыш пикирлеринен да өтө таза, аруу, улук экендигин тасбих айтуу менен «Субханаллах» – деп жарыя кылуусун талап кылат.

•Ал эми Аллахтын башкаруусунун чексиз кудурети болсо пенде өзүнүн күчсүздүгүн жана бардык макулуктардын алсыздыгын көрүү менен эч нерсеге муктаж болбогон Кудуреттүү Заттын улуу чыгармаларына суктануу жана таң калуу менен «Аллаху Акбар» деп кичипейилдик менен рукуга ийилип, ага кайрылуусун жана тобокел кылуусун талап кылат.

•Ал эми Аллахтын башкаруусунун чексиз ырайым казынасы болсо, пенде өзүнүн муктаждыктары менен бардык макулуктардын муктаждыктарын суроо жана дуба тили менен жарыялап, Жаратуучусунун сыйлыктары менен жакшылыктарына шүгүр жана мактоо айтуу аркылуу «Альхамдулиллах» деп айтууну талап кылат. Демек, намаздын кыймыл-аракеттери менен сөздөрү бул маанилерди ичине камтыйт. Ушул максаттар үчүн Аллах тарабынан коюлган.

Үчүнчү кылдат маселе:

Адам баласы ушул заңгыраган ааламдын кичирейтилген бир мисалы. Шарапаттуу Фаатиха сүрөөсү Ыйык Курандын нурдуу үлгүсү.

Намаз дагы бардык ибадаттарды өзүнө камтыган нурдуу мазмун, жана бардык макулуктардын ар түрдүү ибадаттарына ишарат кылган ыйык жол көрсөткүч болуп саналат.

Төртүнчү кылдат маселе:

Кандайча бир жумадагы секунда, мүнөт, сааттын жана күндөрүн саноочу жебелери бири-бирине карап, бир-бирине мисал болуп бири-биринин өкүмүн ала турган болсо, дал ошондой эле, Аллахтын улуу бир сааты болгон ушул дүйнөнүн секундасы сыяктуу болгон түн менен күндүн айланып туруусу, мүнөттөрүн эсептеген жылдар, сааттарын эсептеген адамдын өмүр курагы жана күндөрүн эсептеген аалам өмүрүнүн доорлору да бири-бирине карашат, бири-бирине мисал болуп, бири-биринин өкүмүн алып жатышат жана бири-бирин эске салышат.

Мисалы:

Багымдат убактысы:

Күн чыкканга чейин – жаздын эң алгачкы күнүнө, адам баласынын эне курсагындагы түйүлдүк учуруна, асман менен жердин алты күндө жаратылуусунун биринчи күнүнө окшойт, эске түшүрөт, жана алардагы Аллахтын чебердүүлүгүн эстетет♥

Бешим убактысы:

Жай мезгилинин ортосуна, толуп-жетилген жаштык чагына жана дүйнө өмүрүндөгү инсандын жаратылуу дооруна окшойт.

Алардагы ырайымдуулук көрүнүштөрү менен сыйлыктары мол экендигин эске салат♥

Аср убактысы болсо, күз мезгилине, карылык кезге жана акыр заман Пайгамбарынын (Алейхиссалаату вассалам) бактылуу кылымына окшойт.

Ошол учурлардагы Аллахтын иш-аракеттери менен сыйлыктарын эске салат♥

Шам убактысы:

Мезгилдин акырында көптөгөн макулуктардын көздөн кайым болушун, инсандын өлүмүн жана бул дүйнө кыяматынын алдындагы кыйроосун эске салуу менен Аллахтын Айбаттуулугунун көрүнүүсүн билдирет ,адамзатты Аллахты унутуунун оор уйкусунан ойготот, эскертет♥

Куптан убактысы:

Караңгылык ааламы жарыктык ааламынын бардык көрүнүштөрүн кара кепини менен каптоосун, кыштын ак кепини менен өлгөн жер бетин жабуусун, кайтыш болгон инсандын артында калган эмгектерин да «унутулуу» пардасы артына кирүүсүн, сыноо майданы болгон бул дүйнөнүн биротоло жабылуусун эске салуу менен Каардуу Аллах Тааланын айбаттуу башкаруусун жарыялайт♥

Түн убактысы:

Кыш менен мүрзөнү жана барзах ааламын эске салат. Адамзаттын руху Аллахтын ырайымына канчалык муктаж болгонун инсанга эскертет. Ал эми түн ортосундагы тахажжуд намазы болсо – мүрзө түнүндө, Барзах караңгылыгында өтө керектүү бир жарык болгонун билдирет.

Ушул өзгөрүштөрдүн ичинде сыйлыктардын чыныгы Ээси болгон Аллахтын чексиз сыйлыктарын эске салуу менен канчалык көп шүгүр кылууга жана мактого ылайыктуу болгондугун жарыялайт♥

Экинчи таң:

Хашир таңын эске салат. Ооба, ушул түндөн кийин таңдын атуусу жана ушул кыштан кийин жаздын келүүсү канчалык акылга сыйымдуу жана ачык-айкын болсо, Хаширдин таңы да, Барзахтын жазы да ошондой ачык-айкындыкта болот♥

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️