🌹Алла Таала Иса (алайхис саламды) бешикте жаткан наристе кезинде эле намаз окуганга буйурган. Бешикте жаткан ымыркайдын:
» وَأَوْصَانِي بِالصَّلَاةِ…».
Мариам сүрөсү 31 чи аят.
«Мени намаз окуганга буйурду» — деп айтып жатканын элестетип көрөлү!. Жашы жете элек балага буйрулган намазды, бойго жеткен адамдар эмне үчүн окубай жүрүшөт?.
🌹Шуайб (алайхис салам) өзүнүн коомуну Аллага шерик кошуудан тыйган кезде коому:
» قَالُوا يَا شُعَيْبُ أَصَلَاتُكَ تَأْمُرُكَ… «.
Худ сүрөсү 87 чи аят.
«О, Шуайб! Намазың ушуга буйурабы?» — деп айткан. Мына чыныгы салих пенделер эмнеси менен таанылгандыгына карабайсыңбы?. Чындыгында ал намаз.
🌹Ибрахим (алайхис салам) үй бүлөсүн куураган чөлгө калтырып кетип жатып минтип айткан🌙
» رَّبَّنَا إِنِّي أَسْكَنتُ مِن ذُرِّيَّتِي بِوَادٍ غَيْرِ ذِي زَرْعٍ عِندَ بَيْتِكَ الْمُحَرَّمِ رَبَّنَا لِيُقِيمُوا الصَّلَاةَ… «.
Ибрахим сүрөсү 37 чи аят.
» Эгебиз! Урпактарымдын кээ бирин (Исмаил жана анын апасын) эгин өспөгөн өрөөнгө, Сенин ыйык үйүңдүн жанына, алар намаз окуу үчүн көчүрүп келдим».
🌹Муса пайгамбар өзүнө аябагандай чоң милдетти алган учурда төмөнкү эки нерсе айтылган:
» إِنَّنِي أَنَا اللَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا أَنَا فَاعْبُدْنِي وَأَقِمِ الصَّلَاةَ لِذِكْرِي «.
Тоха сүрөсү 14 чү аят.
«Чындыгында, Мен — Аллахмын. Менден башка кудай жок! Ошондуктан Мага сыйын. Ошентип Мени эстөө үчүн намазды толук аткар».
Алла Таала🌹тарабыран түшүрүлгөн төмөнкү аянга көңүл бур!
» وَأَوْحَيْنَا إِلَىٰ مُوسَىٰ وَأَخِيهِ أَن تَبَوَّآ لِقَوْمِكُمَا بِمِصْرَ بُيُوتًا وَاجْعَلُوا بُيُوتَكُمْ قِبْلَةً وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ ۗ «.
Юнус сүрөсү 87 чи аят.
«Биз Муса менен анын тууганына: «Өз элиңер үчүн Мисрде үй кургула, аны сыйына турган үй кылып алгыла жана намаз окугула», — деп аян бердик».
🌹Сулайман пайгамбар минип жүргөн атынын моюнуна жана бутуна урган эле, анткени аты Сулайман пайгамбарды «Аср» намазынан кечиктирип жаткан болчу. Биздин бүгүнкү абалыбыз кандай? Намазым каза болуп калды, же намаздын убактысы чыгып баратат деп тынчсызданабызбы???
🌹Жашы өтүп карып калган Закариййа пайгамбарга сен балалуу болосуң деген сүйүнүчтүү кабар качан келгенин билесиңби?.
«فَنَادَتْهُ الْمَلَائِكَةُ وَهُوَ قَائِمٌ يُصَلِّي فِي الْمِحْرَابِ «.
Аалу Имран сүрөсү 39 чу аят.
«Ал (Закариййа) мечитте намаз окуп жаткан кезде периштелер айтышты: Аллах сага Аллахтын сөзүн тастыктоочу, жетекчи, өзүн аялдардан калкалоочу, жакшылардан пайгамбар (кылып) Яхйаа аттуу перзент менен сүйүнчүлөйт». Сүйүнчү намаз окуп жаткан кезде келген.
🌹Пайгамбарыбыз Мухаммад (соллаллоху алайхи васаллам) өлүм төшөгүндө жатып айткан эң акыркы керези🌙 «Намаз, намаз «, болгон.
Курани Каримде зекет берүүгө, сабырдуулук кылууга, такыбаа болууга чакырган аяттарда сөзсүз намаз окугула деген буйрук кошо айтылган. Бул намаздын башка ибадаттардын төрөсү экендигин далилдейт.

















































