НАМАЗ- ЭКИ ДҮЙНӨНҮН БАКТЫСЫ!

https://kyrgyzcha.site/?p=66241&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

: НАМАЗ- ЭКИ ДҮЙНӨНҮН БАКТЫСЫ!

 

НАМАЗ- бул Аллах Тааламдын пендесине берген эң чоң белеги.

 

Эмне себептен белек дейбиз?

Анткени, намаз- бул ибаадаттардын эң улуусу, Жаратуучубуз менен болгон байланыш, баарлашуу, сырдашуу.

Намазда Аллах Таала ар кандай зикирлерди, дуаларды сунуп, пенделерди ошого чакырат.

Аллах Таалам Акырет күнүнө чейин Өзү менен сүйлөшүп туруу үчүн, Өзүн жүрөгүбүз менен таануу үчүн, ар кандай жаман нерселерден сактануу үчүн, шайтандын азгырыктарынан коргонуу үчүн, жүрөктөрүбүздү, денебизди таза кармоо үчүн бизге ушундай чоң белек болгон намазды берди. Бул үчүн Аллах Таалага баардык мактоолор, чексиз шүгүрлөр болсун!

 

Намаз- бул тазалык. Анткени, намаз аркылуу жүрөктөр тазаланат, намаз үчүн бир күндө беш маал алынган даарат аркылуу дене тазарат. Тазалык болсо шайтанды качырат.

 

Намаз- бул жүрөктүн тынчтыгы.

Бир күндө беш маал Жаратканыбызга чын ыклас менен сажда кылып, алаканыбызды тоо жайып, күнөөлөрүбүздүн кечирилүүсүн жалынып, жалбарып суранып, жакшы дуа- тилектерди айткан сайын жүрөгүбүз жеңилдеп, тазарып,тынчтана баштайт…

Ушул байланыш аркылуу биз Акырет күнүнө даярдана баштайбыз. Канчалык байланыш бекем болсо, Акырктте ошончолук өзүбүзгө жеңилдик болот, ин шаа Аллах. Эң негизгиси, бекем байланыш бизди  Аллах Таалага жакындатат, Анын мээримине, кечиримине, ыраазылыгына ээ болуу бактысына алып барат, ин шаа Аллах.

Мисалы, ЖОЖда окуп жүрүп, канчалык жакшы окуп, ар бир сабака мыкты даярданып келип жооп берген сайын, мугалим сенден ыраазы болуп, сага жакшы баа коюп, ошону менен катар ортодогу мамиле жакшы, бекем боло баштайт.  Ошол жакшы окуганыңдын жыйынтыгы, сыйлыгы болуп, артыкчылык (кызыл диплом) менен аяктап, мыкты адис болууң болот эмеспи. Мыкты адистигиң андан наркы жашооңду жакшы алып кетишиңе себеп болот.

Ошол сыңары, намазыбыз канчалык мыкты, өз убагында, чын ыклас менен окулса, кабырдагы эң биринчи сурактан өтүү ошончолук жеңил болуп, андан кийинки сурактар андан да жеңил болуп, жыйынтыгы Бейиш болот ин шаа Аллах.

Кыямат күнүндөгү эң биринчи сурак тууралуу хадисте төмөндөгүчө айтылат: Пайгамбарыбыз (салаллаху алейхи ва саллам): «Кыямат күнү пендеден алгач намаз тууралуу суралат. Эгер ал пенде намазды толук аткарган болсо Аллах Таала ал пенденин сурагын жеңилдедет. Эгер намазы кем аткарылган болсо Аллах Таала периштелерине:» Бул пендемдин нафил (кошумча) ибаадаттары бар болсо аны менен парз намаздарын толуктагыла»- деп айтат. (Абу Дауд, Тирмизи).

Келгиле, ошол Аллах Тааламдын эки дүйнөдөгү чоң белеги болгон (бул дүйнөдөгү Өзү менен болгон байланышуу бактысы, Акыретте болсо, ошол бекем байланыштын жыйынтыгы болгон баа жеткис белеги, сыйлыгы- Бейиш) болгон намазыбызга бекем болуп, Жараткандын ыраазылыгына ээ болууга умтулуп жашайлы.

 

Аллах Таалам окуган намаздарыбызды, аткарган ибаадаттарыбызды, дуа- тилектерибизди кабыл кылып, баарыбызга эки дүйнөнүн бактысын насип кылган болсун.

Аамиин.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️