Пример HTML-страницы

Кызмат. Үй-Бүлө. Көр тирлик. Бошобойм…

https://kyrgyzcha.site/?p=53462&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

🌙🌴♥

Кызмат. Үй-Бүлө. Көр тирлик. Бошобойм… Убакыт тар… Акыл айтпай коё турчу… Менин ордумда болсоң көрөт элем… Ушуларды айтканым үчүн уялып турам. Мени кечирип койгулачы, суранам!…

Мен Кудай менен байланышым алсыз кезинде, 5 убак намаз окууну түйшүктүү иш дечү элем. Өтө тыгыз болгон иш тартибимди бузуп, намазга убакыт бөлүү мен үчүн кыйынга турчу. Кесибим журналист болгондуктан, конференцияларда, маектерде, жолугушууларда жүрүп 10 саат жумуш менен өтөт. “Атаганат, мындай түйшүк болбогондо, иштебей үйдө отурсам, намаздарга бекем болуп, толук окумакмын!”- деп кыялданып койчу элем. Тагыраагы, өзүмдү өзүм ушинтип актайм, алдайм…

Кызык, таң эрте туруп, багымдат намазын окуп алып, жумушка барсам деле болмок да!

Эгер түшкү тамактанууга бөлүнгөн убакытта пешим намазын окуп алсам эмне болот беле?!

Жумуштан сырткаркы телефон сүйлөшүүлөрдү, интернеттеги смс жазышууларды кыскартып 10 мүнөт убакытты бөлүп, дигерди окусамчы!

Ал эми кечинде жумуш бүтүп кайтып бара жатып, 5 ирекет намазды окуп анан үйүмө кетсем, мени ким эмне кылмак эле десеңер?!

Иштен чаалыгып үйгө келгенимде өзүм эңсегендей, мен кысылып, тартына турган жетекчим жок өз эрким “өз колумда калганда” түнкү намазды окуп, Аллах менен байланышып арман, дартымды, көксөө, тилегимди айтып руханиятымды эс алдырып алсам болот беле?!

Ооба,

“Намазга убактым жок!” деген куру шылтоо, шайтандын шыбышы бизди ушинтип отуруп кабырга жеткирип коюудан бери тарпайт…

Биздин убакыт жок!

Ушул сөдү айтканым үчүн уялам… Аллах берген убакытты менчиктеп алып, убактым жок дегенимди караңызчы?!

Аллах мага сүйгөн кесибим, үй-бүлө, айланама жакшы адамдарды берди. Эң башкысы, Ал мени аман сактап турат. А менчи?

Мен ушунча жакшылыкты берген Жаратканымдын буйругун аткарбай, жер үстүндө басып жүрөм! Басып жүрөм…

•••Билесизби, ибадатка келген күндөн тартып, мен күнүмдүк жашоомдун ирети жок экенин байкадым. Пайдасыз сөз, максатсыз иштерди аныктай баштадым. Кызматымдагы милдеттеримди аткарып жатып, намаз убактылар улам эсиме салып турам. Убактысы келгенде, намазга жетишип калсам экен тынчыздануу басат. Бүгүн намаздарымды каза кылбай, Аллах ыраазы болгудай окусам экен деген тилек дилимде кайнап турат. Иштеримди ошого жараша иреттеп, жолугушуулардын планын түзгөндө “намазга жетишпей калбаймынбы?” деген суроо ар качан жадымда.

•••Иш арасында намаз окуганда кадимкидей эс алам. Чыңалган нервдер жазылып, ишке кубаттуу келем. Ишим да натыйжалуу болот. Эмнеге ушул ырахатты сезбей жүрдүм экен деген өкүнүч келет.

Азыр кай жерде, кандай иште болмоюн намаз окуганга убакыт табам. Албетте, Кудайдын жардамы менен!

Коомдук жайларда даарат алгандан уялбайм. Намазды калтырып койгондон Аллахтан уялам.

Намаз мен үчүн…

Аллахка жакындоо, Аллахка болгон урматты, берилүүнү далилдөө;

Жан дүйнөмө тынчтык, жыргал табуу;

Бардык иште Аллахтан жардам суроого чоң мүмкүчүлүк.

Жаман адаттардан арылууга, күнөөдөн сактануунун жолу;

Ден соолугума пайда;

Мен билген намаз ушундай!

Балким, мен сезе элек, мен баса элек бийик тепкичтери бардыр… Бирок, ички дилимде ушуларды сезгениме Кудайыма миң шүгүр айтам.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)♥

“Намаз-көзүмдүн кареги”,- деп бекеринен айтпаган тура! Аллахым, мага да намазды карегимдей сезүүгө, коргоого, багууга жардам берсин.

Урматтуу намазга убакыт таппай жаткан замандашым!

Убакыт бар. Бул жашоодогу убакытты Аллах ибадат кылууга берген. Демек, убакыт таппайм деген-шылтоо, өзүбүздү алдоо. Биз эмне үчүн өзүбүздү алдайбыз? Биз алданууга татыктуу эмеспиз!

Мына , дигер намазынын убактысы келип калды. Мен дигер окуганы кеттим. Ушул намазда сизге да дуба кылам, сиз кичине эле аракет кылып коюңузчу?…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE