Пример HTML-страницы

Куттуу хадистер!

https://kyrgyzcha.site/?p=43575&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Куттуу хадистер!

Абу Хурайра (разияллооху анху) Аллахтын Элчиси (саллаллооху алайхи ва саллам) дын мындай дегенин кабарлайт:

“Күн (чыгыштан) чыккан күндөрдүн эң мыктысы — Жума♥

Адам (алейхис саллам) ушул күнү жаратылган, ошол күнү ал Бейишке киргизилген жана ошол эле (жума) күнү ал Бейиштен чыгарылган» (Муслим. “Сахих” хадис).

Абу Хурайра (разияллооху анху) Аллахтын Элчиси (саллаллооху алайхи ва саллам) дын мындай дегенин кабарлайт:

“Аллах Таала Адам (алайхи саллам) ды жаратып болуп, ага бир нече периштени көрсөтүп мындай деди:

“Бар, тигилерге салам айт жана алардын саламына кулак сал, (бүгүндөн баштап) ошол саламдашуу сен үчүн жана сенин урпактарын үчүн саламдашуу (каадасы) болуп калат!”

Ал (Адам (алайхи саллам) периштелерге барып):

“Силерге тынчтык болсун!”

(Ас саламу ‘алайкум) — деп айтты эле, алар (бул саламдашууга)

“Аллахтын ырайымы…” — деген сөздү кошуп, минтип айтышты:

“Сага да Аллахтын тынчтыгы жана ырайымы болсун!” (Ва) ас-саламу ‘алай-ка ва рахмату-Ллахи!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE