Пример HTML-страницы

КУРАНДАГЫ ЧЫНЫГЫ ШАРИЯТ + КУРАНДАГЫ ЧЫНЫГЫ ЖИХАД

https://kyrgyzcha.site/?p=53097&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

КУРАНДАГЫ ЧЫНЫГЫ ШАРИЯТ + КУРАНДАГЫ ЧЫНЫГЫ ЖИХАД

Шарият сөзү «ЖОЛ» деген маанини билдирет. Бир мусулман Куранды карап кандай «жолдо» жүрүшү керек экенин оңой гана түшүнө алат. Куранда арамдар (тыюулар) өтө аз жана так, ачык өкүмдөр менен кабар берилген. Аларды эч талашып-тартышуу мүмкүнчүлүгү жок. Мисалы, адам өлтүрүү, ойноштук кылуу, пайыз алуу, чочконун этин жеш, кан ичүү сыяктуу өкүмдөр Куран аяттарында апачык айтылган арамдар. Бул Курандын маанилүү бир өзгөчөлүгү. Аяттарды өз каалоолоруна жараша чечмелеп, арам чыгарганга аракет кылган адамдар дайыма бир нерселерди чыгарышат. Бирок Аллах арамдарга таптак өкүмдөр менен тыюу салган.

Мобул аятта айтылгандай:

♥ Ал силерге өлүмтүктү (тарпты), канды, чочконун этин жана Аллахтан башканын аты менен (башкага аталып) союлган (жандык)ты толук арам кылды. (Бакара Сүрөсү, 173)

Аллах Куранда Ислам атынан арам жана адалдарды чыгара турган кишилердин болоорун төмөнкүчө кабар берет:

Тилдериңер менен калптарды чыгарып, бул адал, тигил арам дебегиле. Себеби Аллахка карата жалган чыгарган болосуңар. Күмөнсүз, Аллахка карата жалган чыгаргандар кутулууга жетишпейт. (Нахл Сүрөсү, 116)

Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)дын доорунан соң, аятта айтылгандай Аллахка карата жалган ойлоп чыгарган көптөгөн топтор келип чыккан. Ал топтор Куранды жол башчы кылбаганы үчүн, каалаганын арам, каалаганын адал дегенге барышкан. Бирок, Аллах «адал кылынган кооздуктарды арам кылуучу» мүнөздүү бир топко өзгөчө басым жасаган. ♥Раббибиз Куранда төмөнкүчө кабар берет:

Эй ыймандуулар, Аллах силер үчүн адал кылган кооз нерселерди арам кылбагыла жана чектен чыкпагыла. Күмөнсүз, Аллах чектен чыккандарды сүйбөйт. (Маида Сүрөсү, 87)

Дүйнөдө «шарият» деген ат менен жасалып жаткан, бирок чындыгында Исламга карама-каршы келген зомбулукчу системаны анализ кылганда, өздөрүнө адалдарды арам кылып алган, Курандан өтө алыс топтор жөнүндө сөз кылабыз.

Алгач Куран аяттарында айтылган чыныгы шариятты, б.а. Курандын туура жолун сүрөттөйлү:

♥Курандын шарияты сүйүү, урматтоо, ар кандай диндеги, ар кандай көз-караштагы адамга боорукердик көрсөтүп, ар кандай адамды коргоо дегенди билдирет. Курандын шарияты демократияны, сөз эркиндигин талап кылат. Курандын шариятында адамдар илим-билимдүү, тарбиялуу, ачык мүнөздүү, башка пикирлерди урматтаган, бактылуу, заманбап, сапаттуу, келечекке үмүттүү, искусство менен сулуулукка маани берген, биримдикти, достукту жана сүйүүнү баалаган адамдар болушат. Курандын шариятында жек көрүү, оройлук, урушуп-талашуу, мажбурлоо, зомбулук, коркутуу, бактысыздык, ачуулануу жана согуш жок. Куран жөнүндөгү бул сыпаттардын баарын алдыда Куран аяттарынан далилдерди келтирүү менен карап чыгабыз.

Бул сүрөттөөлөргө карасак, Курандын шариятына туура келген бир Ислам өлкөсү азыр дүйнөдө барбы?

Албетте, жок.

Бул шарият Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) доорунан соң турмушка ашырылган жок. Учурда шарият менен башкарылып жатабыз деген өлкөлөр же шарият алып келүүнү каалаган бир катар зомбулукчу топтор Исламдын ордуна чыгарылган фанаттык диндин шариятын жасап жатышат. Бир катар жалган хадистерди өздөрүнө жол башчы кылышууда. Куранды болсо артка таштап коюшкан. Профессор, илимдин доктору Йашар Нури Өзтүрк айткандай:

«Эмне үчүн Ислам дебей, «шарият» дешет. Себеби Ислам десе, айткандарын Куран менен далилдеши керек болот. Аллахтын атынан алдагандардын «дин» деген нерсесин Куран тастыктабайт. Шарият деп маселени ар тарапка созушуп, жооп таппай калганда болсо «уламанын айтканы ушундай, ижма ушул жолдо, ата-бабаларыбыз ушундай деп чечишкен, кылымдардан бери мусулмандар ушундай кылып келишкен» деп таңуулоого ыңгайлуу бир динди алдыга чыгарышууда.

🌙Шариятты Исламга теңөөнү каалаган түшүнүк – көп нерселери Куранга жана заманга карама-каршы келгени көрүнүп турган үрп-адат, салттарды дин кылууну көздөгөн бир түшүнүк. Бул түшүнүк алгач шариятты динге теңеп, андан соң качан эскирип бүткөн фыкых (шарият) китептериндеги акылга жана Куранга туура келбеген бир катар эрежелерди дин деп элдин алдына коюп жатат.» (Yaşar Nuri Öztürk, Allah ile  Aldatmak (Йашар Нури Өзтүрк, «Аллах атынан алдоо»), Yeni Boyut Yayınları)

КУРАНДАГЫ ЧЫНЫГЫ ЖИХАД

Жихад сөзү «жехд» деген сөздөн келип чыккан. Арап тилиндеги маанилери болсо төмөнкүдөй:

1. Иштөө, аракет кылуу, аракет, башкалар үчүн аракет кылуу.

2. Адамдын өз напсисин башкарышы. Бул маанилерге карап, Исламда жехд кылуунун башкаларга маалымат берүү, жакшы адеп-ахлакты үйрөтүү, адамдарды жамандыктан алыстатуу үчүн аракет кылуу деген мааниге келээрин түшүнөбүз. Ошондой эле, мусулман, экинчи тараптан, өз напсисин жакшы адеп-ахлакка тарбиялап, өзүн кекенүү жана жек көрүүдөн алыс бир адам кылып тарбиялашы керек болот. Б.а. жехд кылган бир мусулман бир тараптан өзүн тарбиялап, экинчи тараптан, жакшыны, туураны адамдарга үйрөтүү үчүн аракет кылышы зарыл. Сүйүүнү, тынчтыкты, боорукердикти жайылтуу жана адамдарды жамандыктан тосуу үчүн аларды башкаларды ойлоого тарбиялап, өзүнүн мүнөзү менен аларга өрнөк болушу керек.

♥Курандын эч бир жеринде жехд сөзү ушул маанилерден башка бир мааниде колдонулган эмес. Ошондуктан «биздин булагыбыз – Куран» деп чыгып, «жихад» деген ат менен адамдарды өлтүрүп жаткандар же калп айтышууда же туура эмес таалим алышкан.

🌙Бүгүнкү күндө жихад деп адамдарды өлтүрүп жаткандар, өзүнө бомба байлап жардырып жаткандар, согушту күчөтүп жаткандар Куран боюнча күнөө кылышууда. Бирок алардын көпчүлүгү Куранга карама-каршы иштерди жасап жатканын билишпейт дагы. Себеби аларды диндин атын жамынып алдап коюшкан.

Алар ишендирилип коюлган динде сүйүүнүн ордун жек көрүү; боорукердиктин ордун кекенүү;

бир туугандыктын ордун душмандык;

жакшылыктын ордун жапайылык;

искусствонун, сулуулуктун, илимдин жана маданияттын ордун болсо сабатсыздык ээлеген.

Мындай динге ишенген адамдын колуна курал карматуу оңой болот. «Бул эл сенин душманың, барып кол сал» деп айтуу оңой болот. Аны кекентүү оңой болот. Кыжырдуу топторду пайда кылуу оңой болот.

Эмки бөлүмдөрдө бул адамдар согушуу үчүн туура эмес чечмелеген Куран аяттарын жана зомбулукка негиз катары көрсөтүлгөн жасалма хадистерди терең карайбыз. Бул жерде маанилүү бир жагдайды эске сала кетүү керек: радикалдардын абдан көбү сабатсыздык себептүү зомбулукчу болушат. Чыныгы динди билишпейт.

Ал тургай, көпчүлүгү Куранды окуган да эмес.

Ошондуктан адамдарды өлтүрүп «жихад» кылып жатам деп ойлогон бир адамды айыптоо, ага каргыш айтуу, аны коркутуу, түрмөгө камоо, сүргүнгө айдоо эч пайда бербейт. Анын андай болушунун себеби – бул Куран менен тарбияланбагандыгы,

Аллахтын мыйзамын түшүнбөгөндүгү.

Демек, туура эмес таалим-тарбия токтотулмайынча, эмне кылып жатканынан кабарсыз радикалдардын да боло берээрин кабыл алышыбыз керек. Маселенин мына ушунда экени кабыл алынса, анда жихад аты менен зомбулук көрсөтүп, террор жасап жаткандардын туура таалимге гана муктаж экени түшүнүктүү болот.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE