Бисмиллахир рохмаанир рохийм!
«Куллу нафсин заааикотул-маувт!»
… убакыт — бул озунчо керемет нерсе!
Убакытты, аалам чогулуп келип токтото алганга алсыз!
Падышалар жердин бетине чогулуп, убакытты тезирээк эле откоруп жиберейличи?-деп да
алдыга жылдыра албайт!
Аллах Тааланын каалосу мажбуур турдо созсуз болот! Жана болуп жатат!
Ишенбесениз «Эртен кун чыкпасын! Кун чыкпай, тан атбасын!»-деп бакырыныз, кундун чыкбоосун кааланыз…
Тилекке каршы бир тууганым, сиздин каалонуз орундалбайт!
Эртеге «Кун батбасын! Бир жерде катып турсун!»-деп кааланыз…)
Каалонуз орундалбайт,
балки Кун батып кетет…
Убакыт ушундай нерсе, эч ким токтото албайт, эч ким алдыга жылдыра албайт, эч ким артка кайтара албайт!
Аллах Таалам ушундай чексиз Кудурет ээси, кылымдарды, жылдарды, айларды, жумаларды, кундорду, сааттарды, мунотторду,секунддарды жаратып койду! Сиз бизге убакыттын тушунуктуу болуусу учун айларды жаратты!
Сиз менен биздин ар бир отуп жаткан секундабыз олумго, олумдон кийинки кабыр жашоосуна, андан кийинки туболук же тозок же бейиш жашоосуна жакындатып келет !(
Кечээ гана ата-энени ээрчип ыйлаган кундорубуз кана?
Бир-бирден кадам шилтеп, ээми тилибиз ата-апа дегенди уйронгон ымыркай кезибиз кана?
Бала-бакчадагы эн биринчи достошкон досторубуз менен откоргон убакыттарыбыз кана?
Биринчи кадам коюп мектептин босогосун аттап кирип «алиппе» китебин ээми окуп баштаган убактыбыз кана?
Чуркап-чуркап кубалашып ойногон, балдар топ тээп, кыздар караап отурган, эжеке-агайлар артыбыздан чуркаган, аларга каяша айткан, тушунбой аларды жаман коргон кундорубуз кана?
Окууну аяктап жаткандагы, эн акыркы конгуроо кечеси….
курбулар менен эч ажырашкыбыз келбеген, бугун да ошол кунду сагынып, ошол кундун алтындары болгон эже-агайларды сагынып тургандар бугун кээ бири бул дуйнодон откондур балким((
..Сиз менен биздин студенттик кундорубуз кана?
Кызык…
Артка кайтарса болобу ??
«Жоок! Эми эч качан эми кайрылып келбейт! Убакыт ушундай учкан куш!»..
Кечээ гана секирип ары-бери чуркап ойногон жаш кыздар убакыт отуп бугун картайды! Коюу кара чачы агарды!
Таза татына тиштери тушуп бутту, тугонду!
Бугунку карыя аксакалдар да кечээ куну, кычыраган жаш курак, кыздарга тийишип качкан, коз айнек тагып, саркеч кийинип, кыздарды артынан чуркаткан, белинде, билегинде толло кучу бар бир жаш жигиттер эле, аттин убакыт отуп алар да картайды! Кээде, жаш балдардын эртерээк чоноюусун каалайбыз…. Бирок алар чонойсо, биз ошончо каарыйбыз, биз ошону тушунойлу !
Убакыт ар кимге ар кандай берилет тура. Кээ бирине 120 жыл…
Кээ бирине 80 жыл…
Кээ бирине 60 жыл…
Кээ бирине 10 жыл …
Кээ бирине 1 секунд дагы бул дуйнону коруу насиб этбей калат… Бул да Аллахтын каалосу..
Бир коз ачсаныз…7 жашаар кезиниз…
Дагы бир ачсаныз 20 дагы кырчындай жаш курак…
Дагы бир ачсаныз… 50 жаш..
Дагы бир ачсаныз насиб болсо 80 жаш…
Дагы бир коз ачып-жумсаныз карангылык, жалгыздык, кумурсканын, сойлоп журуучулордун, баардык адамдар баруучу эн акыркы уй, жалгыздыктын уйу болгон кабырда жаткан болобуз…
Мен да!
Сен да!…
Ал дагы !..
Каалашынча ойноп кул, жыргап жаша! Бирок бир кун келип унчукпай калышынды унутпа!
Каалагандай машина мине бергин.
Бирок, эн акыркы машинанды унутба!
Сиздерде ал кандай билбедим, бирок бизде мечиттин дубалынын бир бурчунда, желе баскан, чан баскан, мыктары корунуп калган бир табыт бар…бир кун келип, баарыбыз ошол табыттын устуно чыгып туболук жашообузга аттанабыз, бизди аккыркы бул дуйно сапарынан, туболук акырет сапарга алып баруучу эн акыркы унаабыз хаммер, лексуз машинабыз болот…
Бул дуйнодо каалагандай уйдо жашай бергин, бирок эн акыркы топурак-таштан болгон, эки метр кабыр уйунду унутба!
Бул дуйнодо каалагандай диван, креслодо, жумшак тошоктордо отур, жат, эс ал! Бирок, эн акыркы, топурактан болгон жатаар жеринди унутба!
Бул дуйнодо, каалагандай кийин! Эн кымбат, эн саркеч, эн модный, эн кыскасын кийе бер! Бирок, эн акыркы кийимин, денендин баарын жапкан кепин деген кийиминди унутба!
Бул дуйнодо, бироону кемсинтип, бироону суракка алып, озунду бийик эсептей бергин! Бирок эн акыркы озун суралуучу кунунду унутба!
Эмне учун буларды окуп-билип, оюн озгоруп, олумдон, кабырдан журогундо коркуу пайда болду ?
Себеби биз ага даяр эмесбиз ээ…
Аччыгы даярданбадык!
Бирок мунун баары акыйкат, менин боордошум! Сени капа кылгым келген эмес, сенин маанайын тушуусун каалаган эмес элем.. Кечиргин менден кетсе!
Бирок, аакыретте азапка дуушар болууга караганда, бул дуйнодо маанайынды тушуруп бир эскертип коюу чексиз эсе жакшыраак! Мейли, бул дуйнону ташта дебейбиз, эгер такыба деген кемен бар болсо….
Ар бириниздердин куноолорунузду Аллах Таалам кечирсин!
Ачык кылган, жашыруун кылган, билип кылган, билбестен кылган,
Атайылап кылган, капыстан кылган, мындан мурунку жана мындан кийин кылган сиз-биздин куноолорубузду Аллахым кечирсин! Сиз-биздин ата-энебиздин куноолорун кечирсин!
Келечек муундун куноолорун кечирсин Аллах Таалам, Аамин!
Эмнеге мен, бала-бакчадан, мектептен созумду баштадым бир тууганым айтынызчы!?
Себеби, жашоо ушулбу? Ушунтип эле отуп кете беребизби?
Кандай зеригичтуу, кандай гана окунучтуу жашоо бул?!!
Таштап сал дебейбиз! Ошол омурунузду, Аллах каалагандай жашап отойлу дейбиз.
Курани Каримде айтылган нерсе болуп жатат жана Кыяматка чейин мажбууритурдо созсуз боло берет!! «куллу нафсин заааикотул маувт, Ар бир жандын ээси олум даамын татат!»
(Али Имрон 183)
Олум бул чоп оргон чалгы орок сыяктуу.
Чалгы чоптун, узун-узунун да, орточосун да, кичинесин да, отто эле кичинекей ээми гана баш багып чыгып келе жатканын да кырып, оруп кете берет…
Олум да эч качан жаш озгочолукко карабайт тушунуктуу болуп жатабы?
Олум бул — жашоонун аякташы эмес! Балки Чыныгы жашоонудун башталышы!!
Ошондуктан, мусулман бир туугандар, дос куюнуп айтат, эч бутпогон, туболук жашообузга кам коруп алайлы! Ушунча омурубуздун бекер эле отуп кеткени жетишет, ушунча жыл оз каалагандай жашаганыбыз жетишет эми! Оноло турган, намазга жыгылып Аллага гана сажда кыла турган мезгил келди!
Ойлоно турган, ыйлай турган, Мухаммад алайхис саламга татыктуу уммот боло турган кез келди! Аллах учун адеп-ахлак, кулк-мунозубузду ондой турган учур келип жетти! Кел боордошум? Ибаадатка кел!
Убакыт ото берет… Кайрылбай кете берет!
Азыр да кеч эмес!
«Олумго ишенуу ыйман эмес!
Олүмдон сон туболук жашоо бар экенине ишенуу чыныгы ыйман!».
Созумду аяктап жатып сиздерге бир окуя айтып берейин …
— Бир киши, колундагы шакекке «Бул кундор да отот-кетет!»-деп жаздырып алыптыр. Ушунчалык маанайы чогуп, капалуу болуп турганда шакекти караса: «Бул кундор да отот кетет !»-деп турганды коруп, бир аз конулу которулуп, кубанып калат экен.
Ушунчалык суйунуп, кулуп-жайнап, жыргап жургондо шакекти караса: «Бул кундор да отот-кетет!»-деген жазууну окуп, маанайы кайра тушуп орто болуп калат экен.
Анан жанагы киши, бир куну ушунчалык озунчо ачуусу келип, шакекти алып каттуу ыргытып жибериптир. Шакек дубалга бир тийип, жерге тушуп тегеренип-тегеренип токтоп калат. Жанагы киши жакын барып, шакекти алып караса:
«.. аа бул кундор да отот кетет ..»-деген жазуу туруптур ..)

















































