Пример HTML-страницы

Көңүл курсантчылыгына алып баруучу жолдор

https://kyrgyzcha.site/?p=44613&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Көңүл курсантчылыгына алып баруучу жолдор

Ыймансыз бактылуулук болбойт.

Ал эми туура жолсуз ыйман да болбойт.

Алла таала Куранда мындай дейт:

«وَلَهَدَيْنَاهُمْ صِرَاطًا مُّسْتَقِيمًا»

Мааниси: «…жана аларды түз жолго салмакпыз.» (Ниса:68)

Ошондой эле Алла таала момундарга туура жол сурап дуба кылууну үйрөтүп мындай деген:

«اهدِنَا الصِّرَاطَ المُستَقِيمَ»

Мааниси: «Өзүң бизди туура жолго баштагын» (Фатиха: 6)

Мындагы «туура жол» түз мааниге да өтмө мааниге да айтылган

«Түз жол» түшүнүгүнүн өтмө мааниси бул- ыймандуулук, сооп иштер ошондой эле Алла таала өз нээматын берген пайгамбарларды , чынчылдарды, шейиттерди жана изги инсандарды ээрчүү. Ал эми түз мааниси бул- Акыреттеги тозок үстүнөн өтүүчү Сыраат көпүрөсү. Эгер инсан бул дүйнөдө ыйманы менен туура жолдо болсо, ал акыретте да «Сыраат көпүрөсүнөн» аман өтөт.

Негизи инсан Алла таала көрсөткөн туура жолдон чыкпай, түз жүргөн болсо,анын кайгы капасы кетет.

Эми инсандын көңүлүнүн курсант болуусунун бир нече себептери жана жолдору бар, алар:

Тавхид- Алланы бир деп билип, ага ыйман келтирип, бардык иштерде жалгыз Аллага гана таянган адамдан көңүлү курсант жана ток болот.

Ал эми кудайсыз жана кудайга шерик кошкондордун жашоосу бактысыз жашоо болот.

« وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنْكَى وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى »

Мааниси:

«Ал эми ким Менин эскертүүмдөн баш тартса, анда, ага машакаты оор турмуш берерим шексиз. Андайларды Кыяматта сокур кейипте жыйнайбыз» (Тоха:124)

«فَمَن يُرِدِ اللّهُ أَن يَهْدِيَهُ يَشْرَحْ صَدْرَهُ لِلإِسْلاَمِ»

Мааниси:

«Алла кимди туура жолго салгысы келсе, анын көкүрөгүн исламга ачып коет» ♥ (Анъаам:125)

Ошондой эле Алла таала анын буйругуна каршы иш кылгандарга жана анын жолунан тосуучуларга көкүрөгүн тарытууну коркунучту жана тынчсыздыкты эскертип убада кылган :

«سَنُلْقِي فِي قُلُوبِ الَّذِينَ كَفَرُواْ الرُّعْبَ بِمَا أَشْرَكُواْ بِاللّهِ مَا لَمْ يُنَزِّلْ بِهِ سُلْطَانًا»

Мааниси:

«Ыймансыздардын жүрөгүнө Алла Өз Китептеринде кабарлабаган шериктерди кошкондугу үчүн коркунуч салабыз.» (Ааль Имран) Пайдалуу илим.

Көңүлдүн курсант болуусунун себептеринин дагы бири болуп , пайдалуу илим эсептелет.

Алсак, адамдардын ичинен эң көңүлдөрү курсанттар аалымдар. Алардын өмүрлөрү сабырдуулукка жана кубанычка көбүрөөк бөлөнүп турат♥

Аллах таала мындай дейт:

«وَعَلَّمَكَ مَا لَمْ تَكُنْ تَعْلَمُ»

Мааниси: « (Аллах) Сага билбеген нерселерди үйрөттү.» (Ниса:113)

Сооптуу иш.

Сооптуу иш кылуу менен жүрөктө нур,: жүздө жарыктык, ырыскыда кеңчилик жана адамдардын жүрөгүндө ал кишиге болгон сүйүү пайда болот.

Эр жүрөктүүлүк.

Эр жүрөк инсан Аллага таянып эч нерседен тайманбай көңүлү бейкапар болот.

· Күнөөдөн алыс болуу

Албетте күнөөдөн алыс болгон киши эч нерседен коркуп чочулабайт жана кайгыга да түшпөйт.

Себеби өзүнө карата да, башкалардын акысына да зыян кылбаган болсо, анын көңүлү тынч, дили кубаттуу болот.

· Мубах иштерди чектен тышкары көп жасабоо.

Мисалы: көп сүйлөө, көп уктоо жана көпчүлүккө көбүрөөк аралашуу. Аллах таала Куранда момундарды сыпаттап мындай дейт :

«وَالَّذِينَ هُمْ عَنِ اللَّغْوِ مُعْرِضُونَ»

Мааниси:

«Маанисиз иштерден (сөздөрдөн) жүз үйрүшөт» (Муъминуун:3)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE