Пример HTML-страницы

Күндөрдүн биринде азирети Ибрахим

https://kyrgyzcha.site/?p=42764&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Күндөрдүн биринде азирети Ибрахим (алейхиссалам) азирети Исмаилден кабар алганы Меккеге келет. Тилекке каршы уулун үйүнөн таба албай, Исмаилдин жубайына суроо берет:

— Исмаил кайда?

— Ырыскы издеп чыккан эле.

— Ал-абалыңар жакшыбы, тиричилигиңер кандай өтүп жатат?

— Эмнесин сурайсыз, абдан кыйналып, жокчулуктун азабын тартып күн көрүп жатабыз.

— Аман болгула кызым. Күйөөң келгенде менден ысык салам айт. Анан каалгаңды алмаштырып алсын деп айтты де… — деп желмаянын желдирип, келген тарабына бастырып кетет.

Кечке маал азирети Исмаил үйүнө чарчаңкы кайтат. Бирок, босогодон аттап-аттабай эле бир башкача жагымдуу жытты сезип, атасынын келип-кеткенин аңдайт.

— Үйгө бирөө-жарым келген го, байбиче?

— Ооба, сакалы куудай ак, жашы бир топко барып калса да чыйрак киши келди. Улгайып калганына карабай төөсүн өзү бастырып жүрөт экен. Сени сурады эле ырыскы тапканы кеткениңди айттым. Турмуш-тиричилигиңер кандай дейт, жокчулукту баштан өткөрүп эптеп жашап атабыз дедим. Анан ошол бойдон үйгө кирбей эле кетип калды..

— Башка эч нерсе айткан жокпу? Акыл-насаат же аманат айткандыр!

— Сага дубай салам айтты. Анан «Эшигинин каалгасын алмаштырып алсын» деди. Эшигибиз жакшынакай эле турбайбы. Кызык киши экен. Эмнеге антип айтканын түшүнбөй калдым. Кыязы бир аз алжып калса керек.

Кеменгер атанын сөзүнүн тереңинде жаткан акактай насааттын төркүнүн баамдай койгон азирети Исмаил:

— Ошол ак сакал менин даанышман атакем болот. Каалгасын алмаштырсын деп сени менен ажырашуум керектигин айтып кеткен тура. Эми экөөбүз ажырашкан кишибиз. Үй-бүлөңө кайта берсең болот, — деп Исмаил пайгамбардын алгачкы үйлөнүүдөн жолу болбой калат.

Экинчи ирет кайрадан эле ошол Жухруми уруусунун карапайым бүлөөсүнүн кызы менен баш кошуп, түтүн булатып калат.

Бир топ убакыт өткөн соң азирети Ибрахим пайгамбар уулунан кабар алуу максатында Меккеге кайра келет. Түз эле азирети Исмаилдин эшигине бастырат. Бул жолу да уулун үйдөн таба албайт. Адамгерчиликтүү келининин суранычы боюнча, даам сызып кетүүнү эп көрөт. Улгайган кары үй ээсин сурайт.

— Кожоюн ырыскы таап келүү үчүн чыкты эле, — дейт келини.

Турмуш-тиричилик тууралуу суроосуна келини:

— Кудайга шүгүр! Жараткан берген жакшылыктын берекеси менен жакшы жашап жатабыз. Эч кандай кем карчыбыз деле жок.

— Эмне жеп, эмне ичип жатасыңар?

— Жегенибиз эт, ичкенибиз суу.

Ошондо азирети Ибрахим: «Оо, Жараткан Улук Кудайым! Ушул адамдардын жеген эттерин жана ичкен сууларын берекелүү жана кайырлуу кыла көр!» деп алакан жайып батасын берет.

Анан аттанып баратып:

— Күйөөң келгенде менин саламымды айтып кой, берекем. Каалгасын жакшылап кармасын! — деген осуятын калтырып, төөсүн желдирип жөнөп кетет.

Адаттагыдай эле Исмаил пайгамбар талаадан кайтып келип, башкача бир жагымдуу жыт үйүнө толуп калганын сезет.

Атасы келип, үйгө кут төгүп кеткенин баамдай коюп, аялына карай бергенде ал дагы күйөөсүнүн дилиндеги түпөйүл ойду айттырбай сезип:

— Мырзам! Ак сакалы жайкалган, жүзүнөн нур чачырап турган, нукура асыл сапаттардын улгайган дыйканы келип кетти. Ичкери киргизип даам сыздырып, ак батасын алдым. Сизди сурады эле, ырыскы таап келүү үчүн кеткениңизди айттым. Турмуш-тиричилигиңер кандай өтүп жатат деди эле, «Кудайга шүгүр! Жараткан берген жакшылыктын, ырыскынын берекеси менен жакшы жашап жатабыз. Эч кандай арыз муңубуз жок» дедим. Айтмакчы, кайтып баратып: «Күйөөңө айтып кой, каалгасын жакшылап кармасын» деди, — деп болгонун болгондой айтып берет.

Азирети Исмаил жубайына жылмайып: «Үйүбүзгө нур жүздүү пайгамбар атабыз келип кеткен турбайбы. Сен болсоң эшигимдин шарапаттуу каалгасысың. Атам сени менен ынтымакта болуп, сага жылуу мамиле кылышымды эскертип кеткен тура, — деп ыраазы болот. (Бухари, Анбия, 21/9) (Пайгамбарлар Баяны китебин

 

Кенен ичирип, жедирген Жаратканга чексиз шүгүрлөр болсун!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE