ИСТИГФАРДЫН СӨЗДӨРҮ

https://kyrgyzcha.site/?p=50413&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ИСТИГФАРДЫН СӨЗДӨРҮ

1) أستغفر الله “Астагфиру-ллаах”

Мааниси:

Алладан кечирим сураймын. ( Муслим )

2) » رَبِّ اغْفِرْ لِي وَتُبْ عَلَيَّ إِنَّكَ أَنْتَ التَّوَّابُ الرَّحِيمُ »

“Робби-гфир лии уа туб алай-йа инна-Ка Анта-Таввабур-Рохиим.

Пример HTML-страницы

Мааниси:

Оо Роббим мени кечирип, таубаларымды кабыл кыл! Чындыгында Сен таубаларды Кабыл кылуучу жана Ырайымдуусуң. (Абу Дауд рываяты)

3) أسْتَغْفِرُ اللهَ العَظِيمَ الَّذِي لاَ إلَهَ إلاَّ هُوَ، الحَيُّ القَيُّومُ، وَأتُوبُ إلَيه» »

“Астагфиру-ллаахал-ъазиим-ллазии лаа илааха илла хуа, Ал-Хаййул Коййуум. Уа атуубу илай-Хи.

Мааниси:

Жалгыз Өзү гана сыйынууга татыктуу болгон улуу Алладан кечирим сураймын. Ал түбөлүк тирүү жана ар дайым Даяр Туруучу. Жана Ага тауба кыламын. ( Тирмизий )

4) «اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي ذَنْبِي كُلَّهُ دِقَّهُ وَجِلَّهُ وَأَوَّلَهُ وَآخِرَهُ وَعَلَانِيَتَهُ وَسِرَّهُ

“Аллахумма-гфир-лии занбии куллаху, диккаху уа жиллаху, уа ав-валлаху уа аахираху, уа аълааниятаху уа сирраху”

Мааниси:

Оо Аллахым, күнөөлөрүмдүн чоңун жана кичинесин, башкысын жана акыркысын, жашыруун, ашкересин жана баарын кечирүүңдү суранамын. ( Муслим )

5) » اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي خَطِيئَتِي ، وَجَهْلِي ، وَإِسْرَافِي فِي أَمْرِي ، وَمَا أَنْتَ أَعْلَمُ بِهِ مِنِّي ، اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي جَدِّي ، وَهَزْلِي ، وَخَطَئِي ، وَعَمْدِي ، وَكُلَّ ذَلِكَ عِنْدِي ، اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي مَا قَدَّمْتُ وَمَا أَخَّرْتُ ، وَمَا أَسْرَرْتُ وَمَا أَعْلَنْتُ ، وَمَا أَنْتَ أَعْلَمُ بِهِ مِنِّي ، أَنْتَ الْمُقَدِّمُ أَنْتَ وَالْمُؤَخِّرُ ، وَأَنْتَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِير”

“Аллахумма-гфир-лии хотииа-ти, уа жахлии, уа исроо-фии фии амрии, уа маа Анта аъламу бихи миннии, Аллахумма-гфир-лии жаддии, уа хазлии, уа хато-ии, уа ъамдии, уа куллу заалика ъиндии, Аллахумма-гфир-лии маа каддамту уа маа аххарту, уа маа асрарту уа маа аъланту, уа маа Анта аъламу бихи миннии, Антал-Мукоддим Анта уал-Муаххир, уа Анта ъалаа кулли шай-ин Кодиир”.

Мааниси:

Оо Аллахым, кетирген катачылыгымды, наадандыгымды, ишимдеги исрафымды жана Өзүң менден да жакшы билген күнөөлөрүмдү кечире көр. Оо Аллахым, (күнөөмө болгон) аракет, (чектен чыккан) тамаша, кетирген кемчилдиктер жана билип туруп кылган күнөөлөрдүн баарын кылып алдым, аларды кечирүүңдү суранамын. Оо Аллахым, кылып алган жана кыла турган, жашыруун жана ашкере болгон күнөөлөрүмдү жана Өзүң менден да жакшы билген күнөөлөрүмдү кечире көр. Чындыгында Сен Өзүңө (пенделериңди ибадаттары менен ) жакын Кылуучусун жана Өзүңдөн (күнөөлөрү менен) Алыстатуучусуң. Жана бардык нерсеге Кудуреттүүсүң. ( Бухари жана Муслим )

ИСТИГФАРДЫН ПАЙДАЛАРЫ♥

Истигфар айтуу – Ыймандуу жана чынчыл пенделердин урааны♥

Истигфар айтуу – Му’миндин сүйүнүчү, аны менен нафс тарбияланат, жүрөк тазаланат♥

Истигфар айтуу – Пайгамбарлардын жана Элчилердин дуасы, аны менен даража көтөрүлөт, күнөөлөр өчүрүлөт♥

Истигфар айтуу – андан шайтан кыжырданат, Алла Таала ыраазы болот♥

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️