Пример HTML-страницы

Исламды кабыл алган америкалык аялдын баяны

https://kyrgyzcha.site/?p=50828&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Исламды кабыл алган америкалык аялдын баяны

Бул аңгемебизде Ислам тууралуу маалыматы жок, христиандыкка катуу ишенген жана Американын дал ортосунда жашаган кыздын кантип мусулманчылыкты кабыл алганын баяндайбыз.

Окурманды толкунданткан окуянын каарманы АКШлык Мэри.

Мэри:

“Мен өзүмдүн тарыхымды баяндагандан эч качан тажабайм. Ошондой эле Аллахтын мага болгон сүйүүсү жана ырайымдуулугу үчүн Ага болгон мактоомду айткандан чарчабайм. Мен динге аябай маани берген Оклахомада христиан үй-бүлөсүндө төрөлгөм жана чоңойгом.”

★Мени апам дайыма жаман достордон коргоп жүрчү. Жумасына жок дегенде 3 жолу чиркөөгө барчубуз. Биздин үй-бүлө жогорку моралда өздөрүн алып жүрүүчү: эч ким тамеки тартып же, наркотик колдончу эмес ж.б Мен дээрлик Библияны толугу менен жатка билчүмүн. Баардык жашоомду христиандыкка берилип жашадым. 49 жашымда гана Ислам тууралуу биринчи жолу уктум.

★Китеп көп окуйт элем. Тез окуу жөндөмдүүлүгүм жана таанып-билүүгө умтулуум Аллах тарабынан берилген белек экен. Себеби, окуу мени баары бир Ислам тууралуу чындыкты билүүгө алып келди. Бирок, мен барып жүргөн китепканада дүйнөлүк диндер жөнүндө, албетте, Ислам тууралуу да эч кандай китеп жок болчу.

★Дайыма колледжге окугум келээр эле. Бирок, мектепти бүтөөрүмдө атам менен апам ажырашып кетишти да, мен жумушка орноштум. Андан кийин күйөөгө тийдим, ажыраштым. Кайра башка күйөөгө тийдим жана кайра ажыраштым.

★Мен булардын баарын айтып жатканым, мындай окуялар биздин коом үчүн кадимки, адаттагыдай көрүнүш болчу. Аялы менен күйөөсүнүн укуктарын жана милдеттерин баалабаган жана сактабаган коом үй-бүлөнүн жана коломтонун баалуулуктарын тааныбайт.

★Экинчи жолку ажырашуудан кийин үй-бүлөм жана досторум мени жандандыруу үчүн ошол кезде жашаган жеримден алыс эмес, Талса шаарына окууга киргизишти. Университетке тапшырдым. Мага ал жакта окуу аябай жакты. Дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген адамдар менен жолугууга, кенен китепканадан көптөгөн китептерди окууга мүмкүнчүлүк таптым.

♥Ислам деп аталган дин менен кошо келген Мухаммад жөнүндө да бир аз окуп калдым. Ислам жөнүндө билгеним ушул гана болду.

♥Мени мусулмандардын жүрүм-турумдары таасир калтыра турган болду

★Университетте окуп жатып репетиторлук менен алектенип баштадым. Студенттер менин сабагыма келишет. Ошентип, мен Малайзиядан келген студент менен таанышып калдым. Анын жакшы адаттары, адептүүлүгү (ал дайыма мага сылык мамиле жасачу) мага жылуу таасир калтыраар эле. Мусулман студенттер күн сайын белгилүү бир убакта бир нече мүнөткө уруксат сурап, ибадат кылууга шашылышчу. Алардын дини аябай жакшы болсо керек, ошондуктан алардын жашоосуна оң таасир этип жатат деп ойлочумун. Андан тышкары , мусулмандардын жоолукчан көрүнүштөрү, аны кооздоп байлап алгандары мага аябай жакчу.

★Бирок, бул жөн эле маданият болсо керек, алардын дини кийимине таасир этпесе керек дегем. Улуу Жараткан аялдарды ушундайча коргоп тураарын билчү эмесмин.

Баш оорум

Айта кетүүм керек.Көптөгөн жылдардан бери башым ооруп жүргөм. Акырында баш оорум тез-тез эле аябай катуулап, чыдай алгыс боло турган болду. А мен күчтүү таасир этүүчү дары колдонуп баштадым. Репетиторлук убагымда оорум аябай көбөйүп, күнүмдү көп бөлүгүн ооруну басаңдатуучу дары-дармек колдонуп, төшөктө жатып өткөрө турган болдум. Абалым кыска убакыттын ичинде эле аябай начарлап, мен сабакка бара албай калдым.

♥Мына ушул учурларда Малайзиялык мусулмандар Ислам кандай сонун экенин көрсөттү. Эгер мен эс алсам, үйдүн эшигин ачык калтырып кетчүмүн, алар келип, мени күтүп турушаат эле. Кээде мен уктап турганда, ооруну жакшыртуучу комперсстер даяр же, алардын бири мага тамак бышырып аткан болоор эле.

★Менде акчам жок калды. Үй-бүлөм жардам берчү эмес. Ал түгүл, мен иштеген чиркөөдөн( чиркөө менин үйүмдүн жанындагы жолдун ары жагында жайгашкан эле) эч ким чалган жок, же келген жок. 2 жыл бою мен баш оору менен азап тарттым. Болгону мусулман студенттерим гана менден кабар алып, зыярат кылып турду.

Кудай мени ушул күчтүү дарыларды ичүү муктаждыгымдан жана баш оорумдан куткара көр деп күндө жалбарчумун.

Сурандым, тиледим, ыйладым, Библия окудум, бирок, азаптарым азайган жок. Акчадан кыйналып баштадым. Жашаган жайым үчүн акы төлөй албай турган абалга келдим.

Мени менен чогуу жашаган балам да жардам берген жок. Батирге акча төлөй албай калганымда, ал досторумдукуна жашайм деп кетип калды.

♥Исламга болгон кызыгуум

Бир жолу малайзиялык мусулмандардын бири Аминадан алардын дини жөнүндө айтып беришин сурадым. Ал туура эмес маалымат берип алуудан корккондуктан, билимдүүрөк бирөө менен тааныштырайын деди. Ошентип , ал Махмуд жана Саифти чакырып келди. Алар менин суроолорума жооп берди жана мага студент да болуп алышты.

Ошондон кийин, ар кайсы Ислам өлкөлөрүнөн келген башка студенттер да мага сабакка бат-баттан келип турушту. Ал жаштардын баары Малайзиялык студентимдин дал өзүндөй жакшы адаттарга ээ экендиктерине таң калдым.

Андан тышкары , алар бири-бирин аябай сыйлап мамиле жасап жатышкандыктарын байкадым, жана алардын башкаларга көрсөткөн сүйүүсүнүн бир бөлүгү болгум келди.

♥Ал кезде эмне экенин билбесем да, алардын жылуулугу, көздөрүндөгү нур өзүнө тартып турчу. А чынында , Исламдын кереметин көрсөткөн Аллахтын ырайымдуулугу ушинтип сезилиптир♥

Мен жаңы маалыматтарды билгим келип, студенттеримден Ислам тууралуу окуй турган бирдеме сурадым.

Студенттерим мага аялдарга болгон урмат-сый тууралуу “Исламдагы аялзатынын орду” жана Пайгамбарыбыздын (алейхи салам) хадистер жыйнагын беришти. Мына ушундайча, мен аялдардын Исламдагы сыйлуу, жогорку жана өзгөчө орду жөнүндө биринчи жолу билдим.

Саиф аябай кылдат болчу. Ал мени христиандыкты танууга, мусулман болууга үндөгөн жок. Анын ордуна, мен үчүн бүдөмүк болгон жагдайлар боюнча суроолорго жакшы, логикалуу жооп берип жатты.

Барган сайын Ислам жөнүндө көп биле баштадым. Ынтаам менен бул диндин мага жакын экендигин жана туура, логикалуулуу экендигине ишенип баштадым.

♥Маанилүү чечим

Баш оорум улана берди, бирок, эми Кудайга чыныгы аты Аллах деген ат менен кайрылып, дуа кыла турган болдум. Ислам тууралуу дагы көп-көп китептерди сурап окуп, өз ишенимим жөнүндө маанилүү чечим кабыл алуу керектигин ойлой баштадым … Бирок, корктум.

Жайында мусулман-студенттеримдин жардамы менен жаңы батирге чыктым. Жаңы үйүмдөгү биринчи түнү мусулман болоюн деп чечтим. Бирок, бул тууралуу кимдир бирөөгө айтканга даяр эмес элем.

♥Мен Жаратканга минтип кайрылдым:

“О Аллах. Сен мени өзүмдөн да жакшы билесиң. Сен менин баардык күнөөлөрүмдү, жакшылыктарымды билесиң. Өмүр бою чындыкты издегенимди да билесиң. Менин Ислам тууралуу окуп жатканымды да билесиң. Коркуп жатам. Бирок, мен чечим кабыл алуум керек. Билем, Сен, Аллах, — Жалгыз, Чыныгы Кудайсың жана Мухаммад- Сенин Элчиң. Мен мусулман болгум келет, Бейишке кирүүнү каалайм. О Аллах. Мен ишенем, Сен мени сүйөсүң жана менин ниетимди билесиң.”

♥Ушул сөздөрдү айтып, жан дүйнөмдө тынчтыкты сездим. Уктагым келди аябай. Жаттым, дароо уктап кетипмин.

Эртеси күнү ойгонгонумда таң калганым, башым оорубай калыптыр.

Мен ошол замат Аллахка ыраазычылык билдирип баштадым. Күчтүү таасир этүүчү дарыларды ичүүнү токтоттум, азырга чейин аспирин гана колдоном. Алхамдулиллях!

Мен студенттеримдин катышуусу менен Исламды кабыл алдым. Ошондон баштап менин жашоомдо көп нерсе өзгөрдү. Гардеробумду алмаштырдым жана узун жеңдүү кофта менен узун этек же, шым кийип баштадым. Өзүмдүн чындап ким экенимди билип, чыныгы ишенимиме ээ болгонумду сездим.

♥Менин мусулман болгонумду угуп баардык студенттер келишти, тамак алып келди, күндө кечинде мени зыярат кылып, суроолорума жооп беришти. Кыздар ислам көйнөктөрүн белек кылышты, а мен аларды кийгенде бактылуу болдум.

♥»О Аллах! Менин жүрөгүмдү Исламга ачканың үчүн рахмат!

О Аллах! Менин баардык күнөөлөрүмдү кечирип, ырайымдуулук кылып, Бейишке багыттай көр!

О Аллах! Мага жана баардык мусулмандарга Сени сүйүүгө, Пайгамбарыбызды (ﷺ) сүйүүгө, араб тилин сүйүүгө жана өз билимимди башкалар менен бөлүшүүгө даяр болууга жардам бере көр.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE