“Ислам” дининдеги жыныстык катнаштын мыйзамдары.
Кыргызстандын калкынын 85% мусулмандар түзөт. Коомчулуктагы акыркы окуяларда ар кандай талкуулар болуп, бир канча пикирлер айтылып жаткандыктан, Исламдагы никелүү эркек аялдын ортосундагы мамиленин шарттары тууралуу изилдеп көрдүк.
Коомдук көйгөй жеке адамдык көйгөйдөн алда канча маанилүү болгондугу жалпыга маалым. Коомдун таза болушу коомдогу адамдардын пейилине, ыйман-ынсабына, адеп-ахлагына көз каранды. Коомдо ыймандуулук сакталмайын адам баласы бактылуу боло албайт. Ислам дини дүйнөгө ыймансыздыктын, бузукулуктун тамырын кыркуу үчүн келген. Себеби, кылымдар бою уланып келген адепке сыйбаган ар түрдүү жат иштер жеке адамдын гана турмушун эмес, коомдук жашоого өз зыянын тийгизген. Мына ушул ислам динин бурмалап же билип-билбей ооздорун чойгон адамдар жок эмес. Ислам ар бир мусулман үй-бүлөсүнүн бактылуулугуна, туруктуулугуна кызыктар жана алгачкы орунда жубайлардын теңдиги камсыз болгон никелерди колдойт. Никелүү үй-бүлөдөгү аял-эркек ортосундагы жыныстык катнашта да атайын мыйзамдар жана шарттары бар экенин бардыгы биле бербесе керек.
Мына ушул теманы коомчулукка ачыктап берүү максатында диний ишмерлерге кайрылганыбызда, Ислам университетинин ректору молдо Мамасабыр Досболов, эң башкысы ортодо нике болуусу абзел. Анан бөлмө караңгы болуп, жубайлар бири-биринин денесин көрбөшү керек экенин айтты.
“Башкысы нике болуш керек экенин, айтпаса да белгилүү. Никеси жок байланышка барган “зына” делет. Бул тозокко гана багыттайт.
Ал эми жыныстык катнашка келсек, хадис бар эмеспи Айша энебиз айткан:
“Мен Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дын денесин көргөн эмесмин, ал менин денемди көргөн эмес”.
Демек, бөлмө капкараңгы болушу керек, жубайлар бири-бирин сыйлалап табышы , ошондой эле денесин көрсөтпөй, шейшеп же ушул сыяктуулар менен оронуп алуусу абзел. Жылаңач болуп жүрүүгө шарият тыюу салат” , – дейт Мамасабыр Досболов.
Ал эми Кыргызстандын экс-муфтийи Чубак ажы Жалилов өз оюн төмөнкүчө билдирди:
“Эркек менен аялдын ортосундагы шарияттык маселеде биринчиден, бөлмөдө экөөнөн башка эч ким болбошу керек. Колдон келсе жаш балдардын да болбогону жакшырак. Эгер болбой эле балдары ыйлап кала турган болсо, бешиктин үстүндөгүдөй жабуу жабылуусу же уктатып анан тосмонун артында болушу шарт. Анан үстүлөрүн төшөк же башка нерсе менен жабып алса, адепке ылайыктуу болот. Бирок, жаппаса адепсиздик катары бааланганы менен, шариятта сөзсүз жабылсын, деп айтылбайт. Бул болгону адеп-ахлак болуп саналат. Анан жыныстык мамиле учурунда ар кандай ыкмаларга шарият уруксат берет. Бир гана аялдын аркасынан, аналдык деп да айтылганына тыюу салынган. Башка барына уруксат берилгени менен арасында адепсиздик катары бааланган учурлары да бар. Эми караңгы кылып, жарыктарды өчүрүп койсо да жакшы. Себеби, караңгылыктын өзүнүн пардасы, өзгөчө сезимдери бар. Ал жубайлардын махабатын күчөтүп, бири-бирине жакындоосун жакшыртат. Бирок, шариятта түндө гана болсун деген жок. Эгер жубайлардын каалоосу болсо, күндүз да жакындаша берсе болот. Ал учурда эшик-терезелердин баарын жабып алуусу керек”.
Мына ушул эле суроо менен борбордук мечитке барып, намаздан чыгып келе жаткан адамдарга кайрылганыбызда, көпчүлүгү жооп берүүдөн качты. Бирок, арасында өз ойлорун айткандар чыкпай койгон жок.
Анарбай Бекболотов: “Эми никелешип алгандан кийин баардыгы эле уруксат болот го. Экөө каалаганын кыла берсе болот”,-деген оюн айтса, калгандары өздөрүн тааныштырууну каалаган жок.
-Аты-жөнүмдү эл билбей эле койсун. “Улуу сөздө-уят жок”,- демекчи уялбай айта берели.
Негизи эркектер аялзатынын этек кири келип жатканда жана алар төрөгөндөн кийин 40 күнгө чейин жакындабаш керек.
-Жубайлардын ортосундагы түнкү мамилени, туугандары, достору, эч ким билбеши керек. Бул ал экөөнүн чоң сыры, бир гана Аллахтын билиши жетет деген ойдомун.
“Билбеген уят эмес, үйрөнбөгөн уят”,-деген сөз бар.
Андыктан адамзат шилтеген ар бир кадамын ойлонуп, туура жолго таштаса.