82-Инфитар сүрөсү♥
♥بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
إِذَا السَّمَاء انفَطَرَتْ (1)
وَإِذَا الْكَوَاكِبُ انتَثَرَتْ (2)
وَإِذَا الْبِحَارُ فُجِّرَتْ (3)
وَإِذَا الْقُبُورُ بُعْثِرَتْ (4)
عَلِمَتْ نَفْسٌ مَّا قَدَّمَتْ وَأَخَّرَتْ (5)
يَا أَيُّهَا الْإِنسَانُ مَا غَرَّكَ بِرَبِّكَ الْكَرِيمِ (6)
الَّذِي خَلَقَكَ فَسَوَّاكَ فَعَدَلَكَ (7)
فِي أَيِّ صُورَةٍ مَّا شَاء رَكَّبَكَ (8)
كَلَّا بَلْ تُكَذِّبُونَ بِالدِّينِ (9)
وَإِنَّ عَلَيْكُمْ لَحَافِظِينَ (10)
كِرَامًا كَاتِبِينَ (11)
يَعْلَمُونَ مَا تَفْعَلُونَ (12)
إِنَّ الْأَبْرَارَ لَفِي نَعِيمٍ (13)
وَإِنَّ الْفُجَّارَ لَفِي جَحِيمٍ (14)
يَصْلَوْنَهَا يَوْمَ الدِّينِ (15)
وَمَا هُمْ عَنْهَا بِغَائِبِينَ (16)
وَمَا أَدْرَاكَ مَا يَوْمُ الدِّينِ (17)
ثُمَّ مَا أَدْرَاكَ مَا يَوْمُ الدِّينِ (18)
يَوْمَ لَا تَمْلِكُ نَفْسٌ لِّنَفْسٍ شَيْئًا وَالْأَمْرُ يَوْمَئِذٍ لِلَّهِ (19)
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен♥…
1. Асман жарылган кезде,
2. жылдыздар чачылган кезде,
3. деңиздер кошулган кезде,
4. мүрзөлөр ачылган кезде,
5. ар бир жан өзүнүн мурда кылгандарын жана эмнелерди (кылбай) калтырганын ачык көрөт.
6. Эй инсан! Сени өзүңдүн Жомарт Эгеңден адашууңа эмне түрткү болду?
7. Ал сени жаратып, анан сага келбет берип, тегиздеди эле.
8. Ал сени өзү каалагандай келбетте курады.
9. Жок! Балким силер Кыяматты «Жалган» дейсиңер.
10. Силердин үстүңөрдө көз салып карап туруучулар бар.
11 (Алар) ардактуу жазуучулар.
12. Алар эмне кылганыңарды билип турушат.
13. Акыйкатта, такыбалар Бейиште болушат.
14. Күнөөкөрлөр Тозок отунда болушат.
15. Ал күнү алар отто күйүшөт.
16. Андан алар кутула да алышпайт.
17. Кыямат күндүн кандай экенин сага ким билдирмек эле?!
18. Жана да, (кайталайм) Кыямат Күндүн кандай экенин ким билдирмек эле?!
19. Тигил күнү бирөө бирөөнүн нерсесине ээ болбойт. Ал Күнү бардык иштер Аллага таандык.

















































