Пример HTML-страницы

Имам Азамдын акылы менен илими

https://kyrgyzcha.site/?p=43534&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Имам Азамдын акылы менен илими

Бир атеист (Кудайга ишенбеген адам) христиан өлкөдөн мусулман өлкөсүнө келет.

Барган жеринде пикир тартыштарында алдына чыккандын баарын жеңип жүрөт.

Сага Ислам аалымдары гана жооп бере алышы мүмкүн дешет.

Ошентип, мусулман жергеси болгон Басра шаарына келет.

«Мага жооп бере ала турчу бир дагы киши таба албадым», — дейт. Хазрети Хаммад:

«Сен биринчи биздин балдар менен талашып көр, керек болсо аалымдар менен дагы көрүшөөрсүң», — деп анын алдына ошол кезде али жаш бала болгон Нуман бин Сабитти (Имам Азамды) чыгарат.

Атеист ачууланып минбарга чыгат да:

«Аалымдарыңар кайда?

Мага ошол аалым дегендерди чакыргыла!» — дейт.

Жаш Нуман бин Сабит:

«Эмне болду? Менден корктуңузбу?» — дегенде, атеист чыдай албай биринчи суроосун узатат:

-Бар нерсенин башы менен акыры болбоосу мүмкүнбү?

-Албетте, мүмкүн.

-Кандайча?

-Санаганды билесизби, бирдин алдында кандай сан бар?

-Эч бир сан жок.

-Ушул жалгандуу 1дин алдында эч бир сан жок болсо чыныгы Бирдин алдында кантип бир нерсе болсун?

Атеист бул жооптун алдында өзүн жоготуп шашкалактап калат, кийин минтип суроо сурайт:

-Бардык нерсенин бир багыты болот, сен айткан чыныгы Бирдин жүзү кайсы тарапты карап турат?

-Шамды күйгүзгөндө жарыгы кайсы тарапка түшөт?

-Белгилүү бир тарапка деп айтууга болбойт.

-Бул жалгандуу жарыктын багытын таппаган болсоң түбөлүктүү болгон Жарыктын багытын кантип тапмакчысың?

Атеист дагы бир суроо сурайт:

-Бар болгон нерсенин бир орду болуусу керек эмеспи?

-Ооба, жаратылгандар ошондой.

-Анда чыныгы Бар деген Кудайдын орду каерде?

Эмне үчүн аны көрбөйбүз?

-Жараткан менен жаратылганды салыштырып болбойт.

Бирок, мына бул сүттө майды көрүп турасыңбы?

-Жок.

-Бар экениң билсең да көрбөй турам деп жокко чыгара аласыңбы? Сенин акылың барбы?

-Албетте, бар.

-Бар болсо көрсөкпүз дейсиң, акылың бар болсо көрсөтчү кана?

-Макул, бар болгон ошол Кудай дал ушул тапта эмне кылып жатат?

-Сен мага бардык суроолоруңду минбарга туруп алып сурадың, эми сен ошол жерден түшүп менин ордума кел, мен минбарга чыгайын сага ошол жерде туруп жооп беремин.

-Атеист минбардан түшүп жатканда жаш Нуман мындай деп минбарга чыгат:

«Аллаху таала сен сыяктуу ыймансызды минбардан түшүрүп, мен сыяктуу ыймандууну минбарга чыгарды, Анын азыркы иши ушул.»

Кийин рахман сүрөсүнүн

«Андай болсо Раббинин кайсы ниматтарын жокко чыгара аласың?» деген 28-аятын окуду.

Бул жагдайдан кийин атеист айтууга сөз таппай жеңилип, маскара болгон абалда ал жерден алыстап кетти.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE