Пример HTML-страницы

Илим алуу аял эркеке бирдей ПАРЗ

https://kyrgyzcha.site/?p=53452&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Илим алуу аял эркеке бирдей ПАРЗ

Боорукер жана Мээримдүү Аллахтын аты менен!

Адам баласын илим жана илимге амал кылуу менен бүткүл ааламдан артыкча кылган Алла Таалага мактоолор болсун.

Бүткүл ааламдагы илим жана билим ээлеринин жол башсысы болгон Мухаммад саллоллоху алайхи васалламга, анын үй-бүлөсөнө жана илимдин, билимдин булагы болушкан сахабаларына салават жана саламдар болсун.

Заманыбызда илим алууга арекеттенип, илимдин артынан тушуп көздөгөн максатына жетүүгө арекет кылып, илим пайдаларынан жана мөмөлөрүнөн куру калып, максатына жетпей калышкан бир туугандарыбызды кездештирүүгө болот.

«Илимден максат – амал кылуу, ал эми мөмөсү – бир канча айлар, жылдар бою алган илимди башка замандаштарыбызга жеткирүү болуп саналат.

Анткени кээ бирөөлөр илим жолунда туура эмес кадам басып, илимде ислам дини көрсөткөн шарттарды пайдаланышпайт.

Жебрейил периште хира үңкүрүнө келип Пайгамбарыбыз Мухаммад соллоллоху алайхи васалламды үч жолу оку деди. Үчөөндө тең мен окуганды билбейм деп айтты. Ал аны үчүнчү жолу кучагына кысканда, кучагыдан чыгарбастан туруп оку Жараткан Роббиңдин аты менен.

Ал инсанды кандан жаратты.

Оку, сенин роббиң калем менен жазууну үйрөттү. Ал инсанга билбеген нерселерди билдирди деди.

Пайгамбар Мухаммад соллоллоху алайхи васалламдын денеси калтырап титиреп кетти. Маңдайынан тер акты. Эмне болуп жатканына акылы жетпей, бир азга туруп калды. Бул пайгамбарыбызга Аллах тарабынан түшкөн эң биринчи вахий эле.

Демек исламда эң биринчи Жараткандан болгон буйрук оку, окуп түшүнүп билгин деген улук сөз болчу. А болбосо Аллах Таала сүйүктү пайгамбарына эмне үчүн башка жерге баргын, ушул ишти бутургун деп айткан жок? Себеби адамзат жашоосунда эң алгачкы илим турат. Ошондуктан улуу Аллак Тааланын биринчи сөзү оку деген сөз менен башталды. Андан кийин жашоосун Аллах Таала тарабыдан берилген илим- билим менен улантты.

Илим менен билимдин орду абдан чоң. Себеби илим алуу туурасында Пайгамбарыбыз Мухаммад соллоллоху алайхи васаллам айтты♥

«Илим алуу ар бир мусулман эркек жана аялга парз».

Мындан биз түшүнүп жатабыз илимдин канчалык маанилүү жана зарыл экенин. Бул жерде илим алуу баарыдык адамзат жашоосунда каны менен тең айланып жүрүсү керек экени ачыктан ачык көрүнүп турат.

Бул айтылган сөз илим билимдин Ислам дининде же болбосо мусулманчылыкта адамдардын аң сезимин ойготууга жана Аллах Таала жараткан нерселерди илим менен анализ жүргүзгөнгө жана жаратканды таануда абдан зарыл жана керектүү орду толгус баалуу экенин билинип турат. Андыктан ар бир адам баласы ал эркек болсун, же аял болсун илим алууда эч кандай айырмачылыгы жок.

Башка бир хадисте Пайгамбар Мухаммад соллоллоху алайхи васаллам айтты: «Илимдүү адам карангыда чырак менен баскандай, илимсиз адам караңгыда чырагы жок баскандай» — деген. Илимдуу адам-илимсиз адамдан исламдагы орду канчалык жогору экенин жана ислам дини адамзатты илим алууга чакырган улуу дин экенин жогорудагы хадисте ачыктан ачык көрүнүп турат. Демек динибиз илимдин үстүнө курулганы айкын болду. Жана ошондой эле кереметтүү куранда «Билгендер менен билбегендер барабарбы?». — деп айткан Аллах Таала. Пайгамбар Мухаммад саллаллаху алейхи васалламдын дооруна кайткан болсок, Али , Абу Бакир жахилдик доордо чар тараптуу караңгылык ичинде болушкан. Соң ислам келип аларды илим менен асманга көкөлөттү. Болбосо алар кандай наадандыкта жана адашууда эле. Алардан айта кетсек: Пайгамбардын бир сахабасы мындай деп айткан : Мен эки нерсени эстеп, бирөөсүнө ыйлап бирөөсүнө күлөм. Ыйлаганым жаш кызымды тирүүлөй көмүп салганыма өкүнүп.

Ал эми күлгөнүм сапарга чыкканда кудайчаларыбызды чогу алып кетет болчук. Сыйынып жаткан кудайыбыз бир сааттан кийин курсагыбызда болуп калат эле. Анткени ал халвадан жасалчу.

Пайгамбар Мухаммад соллоллоху алайхи васалламды мушриктер жөнөкөй жетим койчуга баш ийебизби дешчү. Анткени ал сабатсыз болчу. Алар Аллах тараптан илим берилгенин туюшкан эмес. Илим жетим өскөн койчуну бийик даражага алып чыгып, баарын бир Аллахка сыйынтып, бир кыблага жүзүн буруп койду♥

Аллах Таала керемттүү Куранда айтат:

«Аллах чын ыкластан ыйман келтиргендердин жана билим ала тургандардын даражасын жогору кылат». — (Мужадала 11).

Илим алуучу илим сапарында Муса алейхи салам көтөргөндөй кыйынчылыкты, машакатты көтөрүү керек. Муса алейхи саламдан башка сапарларда кыйналгандай кыйналган жокмун деп айтылган. Илим сапары татаал. Себеби илим деген кыйын, чоң жумуш. Аалымдардын оюнда согуштанда кыйыныраак, артыгыраак соопту да машакатты табат. Ким ошол машакатка сабыр кылса, дуйнө таттуулугунан да артыгыраак лаззатты табат. Ошон үчүн Мухаммад ибн Хасан (Аллах аны рахмат кылсын) түн ичинде уктабаган мезгилинде бардык кыйынчылыгы чечилет эле. Ал мындай деген:

«Мындай таттуулукту таткан падышалардын балдары барбы?» — деп айткан.

Илим алуучунун илимден жүз үйрүп башка жумуш менен алек болбоосу зарыл. Мухаммад ибин Хасан (Аллах аны рахмат кылсын) «Биздин бул жумушубуз бешиктен өлгөнгө чейин, ким илимди бир аз таштоону кааласа ал көпкө таштасын». Мындан максат илимди таштаса түбөлүктүү калып калат деп айткан.

Албетте илим өтөө улуу, аруу болгондуктан ал кичи пейил, такыба, таза адамдарга насип этет♥

Анас бин Малик айткандай:

«Илим келбейт, илимге барылат» деген сөзү ар бир адамдын эсинде болуусу абзел.

Аалымдардын айтуусу боюнча үч шарт болуусу эң зарыл.

Биринчи өзүнүн ыкласы жана илимге болгон кызыгуусу.

Экинчи, Устазы шакиртин сүйүү менен сабак берүүсү.

Үчүнчү, Ата энеси эч кандай тоскоол кылбастан баардык шарттарды түзүп бериши, башкача айтканда акча-каражаты, кийим-кечегин өз убагында камсыз кылуу.

«Баардык нерсени берсе азаят, бирок, бир нерсе тескерисинче көбөйөт ал болсо илим♥».

Оболу көкүрөктү тазалап дүйнө үчүн же кадыр-баркка жетүү үчүн эмес Аллахтын ыраазылыгын көздөөсү милдет♥ Илим таза ал таза адамга гана жугат♥

Акырында мубаарек хадис♥

Пайгамбар саллаллааху алейхи васалламдын айткан: «Ким илим талап кылып жолго чыкса Аллах Таала Бейишке баруучу жолун жеңил кылып койот, албетте илим талап кылуучуга периштелер, кылып жаткан ишине ыразы болуу менен канаттарын жайып турат». (хадис)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE