Пример HTML-страницы

Хажаждын окуясы.

https://kyrgyzcha.site/?p=53492&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Хажаждын окуясы.

Бул аалымды туткундап алып, жоокерлери аны Хажажга алып келишти. Хажаж Саидди каардуу көздөрү менен карап: Атың ким? – деп сурады.

Ал: — Саид ибн Жубайр – деп жооп берди.

Жини келген Хажаж, аны маскаралоо үчүн, атайын анын атын өзгөртүп – Жок, сен Шакий ибн Кусайрсың! – деди.

Саид: -Менин энем, менин атымды сенден жакшы билсе керек – деген жообун кайтарды.

Хажаж: — Мухаммад тууралуу эмне дейсиң?

Саид: — Мухаммад ибн Абдаллах тууралуу сурап жатасыңбы – деп, ким тууралуу сөз болуп жатканын тактады. Хажаж – Ооба – деди.

Саид: -Адам урпагынын мырзасы, таңдалган Элчи. Ага чейин жашагандардын жана андан кийин жашап жаткандардын жана жашоочулардын мыктысы. Ал өзүнө жүктөлгөн кабарды жана пайгамбарлыкты адамзатка толук жеткирди. Жана ал Аллахка, Анын Китебине жана жөнөкөй мусулмандарга карата ак ниеттүү болгон – деди. Хажаж сурады: — Абу Бакр тууралуу эмне дейсиң?

Саид: — Ас-Сыддык, Пайгамбардын мураскору. Бактылуу жашап, сыймыктуу кетти. Пайгамбар алып келген шариаттын эч нерсесин өзгөртпөстөң, толук ага ээрчип жашай өмүр сүрдү. – деп жооп берди. Хажаж: Умар тууралуу эмне дейсиң?

Саид: — Ал-Фарук, аны менен Аллах акыйкатты жалгандан бөлгөн, Аллахтын таңдалган адамы жана Анын пайгамбарынын таңдаган адамы. Ал Пайгамбарга эргеше жашап, бактылуу жана сыймыктуу өмүр сүрүп, шейит болуп кеткен адам – деп жооп берди. Хажаж: -Усман тууралуу оюн кандай? – деп сурады.

Саид: — Мусулмандардын кыйын кездеринде өз акчасына аскерлерди жабдып, Румдагы кудукту казган жана Бейиштен үй сатып алган адам. Пайгамбардын күйөө баласы, пайгамбар ага кызын асмандан келген өкумгө ылайык берген жана адилетсиз өлтүрүлгөн шейит – деп жооп берди. Хажаж Али тууралуу сурады эле, анысына Саид мындай жооп узатты:

-Пайгамбардын жакын тууганы, жигиттерден биринчи Исламды кабыл алган, Фатиманын күйөөсү, Хасан менен Хусейндин атасы – бейиштеги жигиттердин мырзаларынын атасы.

Хажаж: -Үммөттүн кайсы халифин сен көбүрөөк жактырасың? – деп сурады.

Саид: -Кимисинен Аллах көбүрөөк ыраазы болсо, ошону – деген жообун берди.

Хажаж: -Жараткан кимисинен көбүрөөк ыраазы болду эле? – деп сурады.

Саид: — Ал нерсе Аллахка гана жакшыраак маалым. Аллах гана алардын жүрөгүндө эмне бар болгондугун билүүчү – деп жооп кайтарды.

Хажаж, Саидден – Мен тууралуу эмне дейсиң? – деп сураганда, Саид:

-Сен өзүндү менден жакшы билүүчүсүң. — деп жооп берди.

-Мен туурлуу билгенинди айт деп жатам!

-Сени менин сөздөрүм кубантпай өкүнтүп коюусу ыктымал..

-Мен сени оюнду айт деп жатам!

Саид:- Сен Аллахтын Өкүмүнө каршы чыгып келесин. Сен адамдарды коркутуп-үркүтүү максатында көп жүзүкаралык иштердин кылып келесин, ошол иштерин сени тозокко жетелеп бара жатат. — деди эле, каардана түшкөн Хажаж: -Мен сөзсүз сенин башынды алдырам! – деп кыйкырды.

Саид: -Демек, сен менин бул жалгандагы өмүрүмдү кыясын, а мен сенин акыреттеги жашоонду кыям. — деп жооп кайтарды.

Хажаж ачуулана: -Өлө турган өлүмүндү тандап ал! – деп бакырды.

Саид: — Мен таңдабайм, өзүн таңда. Бирок, о Хажаж, билгин! Аллахтын аты менен касам ичем! Сен мени кандай өлүмгө дуушар кылсаң акыретте Аллах сени так ошондой өлүмгө дуушар кылат. – деди.

Хажаж: -Сен, менин сени кечиришимди каалап жатасыңбы?

Саид: -Эгер кечирим болсо бир гана Аллахтан болот. Ал эми сенден мен кечиримди да, актанууну да үмүт кылбайм. – деп жооп берди.

Жиндеген Хажаж: -Кылыч менен матаны алып келгиле! – деп жоокерлерине кыйкырды.

Анын жинденгенин көргөн Саид жылмайып койду, анысын байкап калган Хажаж: -Эмне күлөсүн? – деп сурады таң кала.

Саид: -Мени сенин Аллахка карата кылган “эр жүрөктүгүн” жана Аллахтын сага болгон мээрими таң калдырды. – деди эле, Хажаж: -Башын алгыла! – деп өкүрдү.

Саид кыбылага жүзүн буруп: — “Мен өзүмдүн жүзүмдү Асмандар менен жерди акыйкаттык менен жаратканга бурдум жана шерик кошуучулардан эмесмин” (6:79) – деп окуп баштаганда, Хажаж жоокерлерине: -Жузүн кыбыладан бургула! – деп өкүм кылды. Саид болсо ошол замат:

-“Силер кайда гана бурулбагыла, ал жакта Аллахтын жүзү” – деп Бакара сүрөөсүн окуй баштады.

Хажаж: -Жүзүн жерге каратып, жерге жаткыргыла! – деп кайрадан жоокерлерине кыйкырды.

Саид: -“Андан(топурактан) силерди жараттык. Ага кайтарабыз да, экинчи ирет андан кайра чыгарабыз”- деп Тоха сүрөөсүн окуй баштады. Ого бетер жини келген Хажаж: — Тезирээк башын алгыла, оо Кудай, ар бир ахыбалына аят айткан мындай кишини биринчи көрүшүм! – деп кыйкыра баштады. Ошондо Саид колун көтөрүп: — О Аллах! Менден кийин Хажажды бир да адамга өкүмдар кылба! – деп дуба кылды.

Саиддин башы алынгандан он беш күн өтпөй Хажаждын ысытмасы пайда болуп, каттуу ооруга чалдыкты. Оорусу күчөп, ал бир эсине келип, бир эсин жоготуп жөөлүп баштады. Кичине эсине келе калган убагында: -Бул Саид ибн Жубайр! Ал мени коколоп жатат! “Мени эмнеге өлтүрдүн!” деп коколоп жатат! – деп коркунучка алдырып, кыйкырып жатып каза болду.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE