Бисмиллахир Рохманир Рохиим
✏ Биринчи сүннөтү — эки колун билегине чейин жуу.
✏ Экинчи сүннөтү — алды- артын жуу, оң колу менен суу куюп сол колу менен жуулат.
✏ Үчүнчү сүннөтү- денесиндеги болгон балганыстарды суу менен жууп кетирет.
✏ Төртүнчү сүннөтү- даарат алуу, дааратта жуула турган мүчөлөрүн толук жууйт, бирок эки бутун жуубайт
(Гусул алып бүткөндөн кийин жууйт).
✏ Бешинчи сүннөтү- бардык денесине үч жолу суу куюу. Суу куюунун тартиби: биринчи башынан баштап, кийин оң эелкесине үч жолу суу куят, анан сол желкесине үч жолу суу күюп, анан калган бардык денесине үч жолу суу куят.
Алтынчы сүннөтү- эки бутун жууйт. Буттарын жуунган жерде жуубастан, башка жерге жылып жуусун. Таштын же тактайдын үстүндө жуунганда, суу көлөчөктөбөй агып кетсе, ошол жерде эле буттарын жууса болот.
✏ Жетинчи сүннөтү- чачы өрүлгөн аялдар чачын жандырбай эле чачынын астына суу жеткирсе жетиштүү болот. Ал өрүлгөн чачынын өзүн жуу же өрүлгөн чачтарын арасына суу аралатуу важип
( милдет) эмес. Эркектердин сакалдарындай эле, эгер эгер аялдардын чачтары жандырылган болсо арасына суу аралатып, чачтарынын учуна чейин суулоо важип
(милдет) .

















































