Пример HTML-страницы

  «Гусул кылуу баяны» 

https://kyrgyzcha.site/?p=54780&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

~ГУСУЛ~

 

Гусулдун ниети — Ниет кылдым жуунуга Алла Таалага жакын болуу жана таза болуу учун бисмилла…

 

«Гусул кылуу баяны»

 

1. Ниет кылуу.

2. Бисмилланы айтуу.

3. Эки колун уч жолу жуу.

4. Булганыч тийген жерин жууп тазалоо.

5. Эми толук даарат алат, бирок, эки бутун жуубастан, денеге толук уч жолу суу жеткирип жана уч жолу ышкалоо керек.

6. Эми эки бутту кызыл ашык менен кошо уч жолу жуу. Эгер гусул мындан башкача болсо, суннотту таштаган болот.

 

«Гусулдагы уч парз»

 

1. Оозго суу алуу

2. Мурунга суу алуу

3. Денеге толук суу жеткируу (баары бир жолудан).

 

«Гусулдагы уч важиб»

 

1. Марунду чыпалак менен тазалоо.

2. Киндикти чыпалак менен тазалоо.

3. Бел менен эки куйруктун ортосундагы кычыктарды тазалоо.

 

«Гусулдагы сунноттор»

 

1. Истинжа кылуу, нажасат (булганыч) тийген жерди таза болонго чейин жуу.

2. Эки колду муунга чейин жуу.

3. Бисмилланы айтуу.

4. Ниет кылуу.

5. Тартибине конул буруу.

6. Биринчи башына, кийин он мурусуно, кийин сол мурусуно суу куюу. Бир да туктун тубуно суу жетпей калбасын, болбосо тозоктон азап болот.

7. Денени суу менен суртуу, ышкалоо.

8. Бардык мучосун уч жолу жуу.

9. Он жактан баштоо.

10. Сууну ысырап кылбоо.

11. Гусулда кыбладан башка жакка кароо.

 

Мусулманга гусул важиб болгондо жуунуу фарз, бирок, гусул важиб болбосо да жума, эки айт намазына баруу учун жана ихрамга кируу учун, Арафатта туруу учун гусул кылуу суннот.

 

Ихрам деген — ажыга барганда гусул, даарат кылып, ниет кылып эки эндей ак матаны оронуу.

 

«Гусул он бир болуктон турат»

 

Бешоо парз: эки хатна (мучо) бири-бирине бекинсе, ихтилам (бел суу кызуу менен тушкон) болсо, уйкудан ойгонгондо суу корсо, хайзы бутуп таза болсо, нифасы бутуп таза болсо. Ушул беш корунушто жуунуу ПАРЗ.

 

Бироо важиб: олук адамды гусул кылып жуундуруу тируу адамдын мойнундагы важиб.

 

Тортоо суннот: эки айт намазы учун гусул кылуу, жума намазын окуу учун гусул кылуу, Арафатка чыгуу учун гусул кылуу жана ихрам байлоо учун гусул кылуу суннот.

 

Бироо мустахаб: каапыр адам мусулман болсо, каапыр мезгилинде ыплас болбосо гусул кылуусу мустахаб. Эгер каапыр мезгилинде жунуб (ыплас) болсо гусул кылуусу парз.

 

Эгерде аял жунуб (ихтилам) болсо, хайзы токтосо, нифасы токтосо сырткы кынын жууш важиб. Эгерде дааратсыз эле болсо, сырткы кынын жууш суннот.

 

*** Эскертуу: Бир инсан орозо тутуп уктап тушуркоп гусул важиб болсо, жуунуп алса орозосуна зыяны жок.

 

*** Аял затынын жыныстык мамледен мурда чачы орулуу болсо, гусул кылган учурда ар бир чачынын тубуно суу жеткируусу парз. Бир кылдын тубуно суу жетпей калса таза болбойт, тозоктон азап болот, бирок чачынын орулгон жагына суу жетиши шарт эмес.

 

*** Аял заты жыныстык мамледен мурда чачы жазылуу болсо же кыркылуу болсо, гусул кылган учурда чачына толук суу жеткируусу парз.

 

*** Аял затынын чачы камчыдай бекем орулсун, эгерде чачын бууп койсо ал орулгонго отпойт.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE