Энеге болгон мамиле

https://kyrgyzcha.site/?p=45247&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

~Энеге болгон мамиле~

Мен эмне тууралуу айтаарымды билбей турам, менин жашоомдогу энемдин оорду

өтө чоң.

Албетте, Улук Аллахтан кийин. Мен энем тууралуу силерге эмнени айтып берейин? Азыр мен канчалык энемди мактабайын, энемдин баардык мээримин айтып бере албасмын. Энемдин баардык жакшы сыпаттын сыпаттап бере албасмын. Менин бир гана Аллахтан тиленип келген кыялым бар, бул деген менин энемдин ыраазычылыгын табуу.

Энемдин ак сүтүн актоо. Бир эле жолу эмес, күн сайын, саат сайын, минут сайын энемди ыраазы кылып, анын ак сүтүн актоо.

Аны кучактап «Апа, менден ыраазы бол, апа менден ыраазы бол» деп апама эркелөө. Жалан гана майрамдарда эмес, күн сайын ушинтиш менин кыялым. Аллах бул кыялымды кабыл этсин. Апам капаланып, кайгырса мен ага тирек болуп, анын маанайын көтөрүп, тирек болуп жанында турсам деп Аллахтан тиленем. Мен силерге суроо бергим келет. Силер акыркы жолу апаңарды бекем кучактап, апа менден ыраазы бол деп качан айттыңар эле? Ушул жерде мени угуп,

көрүп тургандар, акыркы жолу силер апаңар эмнеге кайгырып, эмнеге капаланып жатканын, анын маанайы кандай экенин качан сурагансыздар?

Силер акыркы жолу апаңарды качан ыраазы кылууга аракетиңерди жасадыңар эле?

Менин апам кайгыга батып турганда мени карап кээде:

«Уулум, сенин бутун басып, сенин Каабаны айланып жатканыңды өз көзүм менен

көрүп өлүшүмдү Аллах насип этсе экен» дейт.

Менин апам мага ушинтет, апам кайгырып жатса да мени ар дайым ойлоп, ар дайым

менин сакайышым тууралуу кыялданып, ойлонот.

Биз энелерибиз тууралуу акыркы жолу качан ойлонуп, энемди ыраазы кылсам экен деп ниет кылдык эле?

Ойлонуп көргүлөчү качан?

Эгер мен силерге азыр 5 күн дааратканага барып дааратыңарды ушата албай калсаңар эмне кылат эленер деп сурасам эмне дээр эленер?

Ичти жумшартуучу даары ичем же ичти алчу бир нерсе жейм дээрсиңер.

Мына силер ичти жумшартуучу даары ичтиңер, бирок анын жардамы жок болуп дагы эле дааратыңарды ушата албай жатасыңар, эмне кыласыңар? 10 күн ушинтип дааратыңарды ушата албай калдыңар, эмне кыласыңар, кандай айласын табасыңар?

Доктурга барасыздар, туура. Доктур силерди операция жасап же башка жол менен

жардамдашууга аракет жасайт. Бирок, силерге доктур да жардам бере албаса силер кандай кыласыңар?

Ойлогулачы 30 күн силер дааратыңарды ушата албай калдыңар, силер эмне кыласыңар?

Мен болсо 16 жылдан бери ушундай акыбалда жашайм, кээде 10 күн, кээде 12

күн туалетке бара албай калам.

Анан мен 10 күн сайын доктурга барып операция жасатышым керекпи? Ойлогулачы 12 күн

туалетке барып даарат ушатпаган пенденин акыбалы кандай болоорун элестеткилечи. Мен 12 күн сайын ооруканага барып операция жасатпайм, себеби менин апам бар!

Аллах андан ыраазы болсун!

Менин апам өз колу менен менин ичегимдегилерди алып чыгып турат, менин апам кээде күндө менин ичимдегини өз колу менен тазалап турат! Бул нерсени силердин апаңардан башка ким жасайт?

Айткылачы энеден башка ким ушул нерсени жасайт? Силер үчүн ушундай ишти энеден башка ким жасайт?

А силер болсо аялыңарды, балдарыңарды энеңерден жогору коюп бул жерде сүйлөп

жатасыңар. Силер досторуңарды апаңардан жогору коюп жатасыңар.

Эмнеликтен биздин жүрөктөр таш боор болуп калган? Эмнеликтен?

Эмнеликтен биздин кылып жаткан иш аркеттерибиз, биздин ата-энебизге каршы

багытталган, эмнеликтен?

Оо, Аллах мээримиңди бизге ыроолой көр!

Энеңерге болгон мамилеңерде Аллахтан корккула!

Бейиш эненин таман астында деп Пайгамбарыбыз айткан, ошол бейиштин

ээси болууга болгон аракетиңерди жасагыла!

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️