Пример HTML-страницы

«ЭМНЕ ҮЧҮН НАМАЗ УЙКУДАН ЖАКШЫ?»

https://kyrgyzcha.site/?p=55009&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸🌸

«ЭМНЕ ҮЧҮН НАМАЗ УЙКУДАН ЖАКШЫ

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан: «Багымдат намазынын эки рекет сүннөтү дүйнө жана дүйнөдөгү нерселерден жакшыраак».

 

Багымдаттын эки рекет сүннөтүнүн даражасы ушунчалык болсо, эки рекет парзынын даражасы канчалык деп ойлойсуз?. Азыр мен сиздерге намаздын уйкудан жакшыраак экендигине далил болгон бир канча себептерди атап өтмөкчүмүн:

 

Намаз — уйкудан жакшыраак:

Анткени уйку напсинин чакырыгына жооп берүү. Ал эми намаз Алланын чакырыгына жооп берүү.

 

Намаз — уйкудан жакшыраак: Анткени уйку — кичинекей өлүм. Ал эми намаз — тирүүлүк.

 

Намаз — уйкудан жакшыраак: Анткени уйку — денеге ырахат тартуулайт. Ал эми намаз — жан-дүйнөгө ырахат тартуулайт.

 

Намаз — уйкудан жакшыраак: Анткени мусулман да, мусулман эмес адам да уктайт. Ал эми намазды мусулман адам гана окуйт.

 

Мына ушул себептен, азанчы күн сайын багымдаттын азанына: «Намаз» «уйкудан» жакшыраак деген сөздү кошо кыйкырат.

 

Мурда колуна кылыч кармап чабышкан адам баатыр болуп эсептелчү. Бүгүнкү күндө өз напсисин жеңе алган адам баатырга тете болуп калды. Анткени, мечитке карай ташталган кадамдар азайып, арамга карай ташталган кадамдар көбөйүп калды. Илимге, сабакка карай умтулган жандар азайып, тамеки-аракка карай ташталган кадамдар көбөйүп калды. Напсисинин кулу болуп, жылуу төшөгүн кыялбай жүргөн жандардын багымдат намазы каза болуп баштады. Бир сөз менен айтканда чыныгы «Адамдар» азайып баштады. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовтун: «Адамга күн сайын адам болуу кыйын деген» сөзү таамай айтылган улуу сөз. Мен ушул сүйлөмдүн үч сөзүн алмаштырып: «Адамга күн сайын багымдат намазына туруу кыйын» — деп айтсам жаңылышпайм.

 

Аллахым бардыгыбызды угуучу пенделерден кылып, уккан аят-хадистерге амал кылуучулардан кылсын!.

Акыйкат жолдон адаштырбасын, арам жолдон алыс кылсын!. Кыяматта жүзүбүздү жарык кылып, сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (соллаллоху алайхи васаллам) менен бейиште чогу болгонду насип кылсын!. Амин…

 

Абдишүкүр ажы Нарматов.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE