Пример HTML-страницы

ДУБАНЫН КАБЫЛ БОЛУШУНУН СЕБЕПТЕРИ

https://kyrgyzcha.site/?p=54438&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ДУБАНЫН КАБЫЛ БОЛУШУНУН СЕБЕПТЕРИ

Шаких Балхи бул окуяны айтып калтырган экен:

«Күндөрдүн биринде Аллахтын сүйүктүү пенделеринен Ибрахим бин Адхам (каддасаллаху сирроху) Басранын көчөлөрүнөн өтүп бараткан кезде эл аны тегеректеп:

Эй, Исхактын атасы!

Аллах Таала Мумин сүрөсүнүн 60-аятында: «Мага дуба кылгыла, дубаңарды кабыл кылайын» — дейт.

Биз дуба кылып эле жатабыз, бирок дубабыз кабыл болбой жатат. Себеби эмнеде?-деп сурашат.

Анда Ибрахим бин Адхам мындай жооп берет:

Эй, Басралыктар!

Он нерседен улам жүрөгүңөр өлүптүр. Анан кантип дубаңар кабыл болсун?!-деп он нерсени төмөнкүчө тизмелейт:

1. Аллахты (ж.ж) тааныдыңар, бирок Анын акысын төлөгөн жоксуңар.

2. Аллахтын китебин окудуңар, бирок аны иш жүзүнө ашырган жоксуңар.

3. Иблис душманыбыз дедиңер, бирок аны дос кылдыңар.

4. Пайгамбар (саллаллооху алайзи ва саллам)ды сүйөөрүңөрдү айтып, бирок Анын жолун жолдогон жоксуңар.

5. Бейишти сүйөөрүңөрдү айтып, бирок ага аракет кылган жоксуңар.

6. Тозоктон коркооруңарды айтып, бирок күнөө иштерден баш тарткан жоксуңар.

7. Өлүмдүн чын болгонун билдиңер, бирок ага даярданган жоксуңар.

8. Бирөөнүн кемчилиги менен алек болдуңар, бирок өз кемчилигиңерге көңүл бөлгөн жоксуңар.

9. Аллах берген ырыскыны жедиңер, бирок Ага шүгүр кылбай койдуңар.

10. Маркумдарды жайына койуп жатасыңар, бирок алардан сабак албай койдуңар.

Андыктан мына ушунун баарына карабастан силерге асмандан таш жаадырганына, же силерди жердин жети катмарына киргизип жибербегенине Аллахка шүгүр келтиргиле!

Силерге мындан артык эмне керек?!.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE