Пример HTML-страницы

Дин деген эмне.

Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Дин деген эмне ❓

°Дин — адамдардын түбөлүк бакытка ээ болуулары

үчүн Аллаху та- ала тарабынан көрсөтүлгөн жол.

Аллаху таала Адам алейхиссаламдан бери ар миң жыл

сайын пайгамбарлар аркылуу адамдарга дин жиберип

турган. Адам алейхиссалам — алгачкы адам жана

алгачкы Пайгамбар. Пайгамбарлар — Аллаху тааланын

диндерин үгүттөөчү, жеткирүүчү, билдирүүчү адамдар.

Жаңы динди алып келген пайгамбар “Расул” деп

аталат. Ар кылым сайын эң таза адамды пайгамбар

кылуу аркылуу дин- дерди кубаттандырып турган.

Расулдарга баш ийген бул пайгамбарлар “Наби” деп

аталат.

Бардык пайгамбарлар бир гана ыйман тууралуу

айтышкан, б.а., үммөттөрүнөн бир нерсеге ыйман

келтирүүлөрүн каалашкан. Адам алей- хиссалам жана

Мухаммед алейхиссаламдын билдирген ыйман

негиздери бирдей. Бир гана жүрөк жана дене менен

аткарыла турган амалдар жана сактануу керек болгон

жагдайлар гана айырмаланып турган. Аллаху таа- ла

Расулдары аркылуу жиберген диндердеги бул сыяктуу

жагдайлардын кээ бирөөлөрүн колдонуудан чыгарып,

жаңы өкүмдөр киргизип турган. Ар бир дин өзүнөн

мурда келген диндин өкүмдөрүн жоюп турган.

Соңку пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам өзүнөн

мурда келген бардык диндердин өкүмдөрүн

колдонуудан чыгарган. Азыркы учурда дүйнөдө

жалгыз гана туура дин — Мухаммед алейхиссалам алып

келген Ислам дини. Бул диндин эч бир өкүмү бузулган

эмес. Эч качан бузул- байт дагы. Бул диндин ыйык

китеби болуп эсептелген — Курани карим эч өзгөрбөй

бул күнгө чейин сакталып келген.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE