*?ДААРАТКАНАГА КИРҮҮ АДЕБИ ЖАНА ЖИН — ШАЙТАНДАН КОРГОНУУ*
Дааратканага кирерде: *Аузу Бисмиллах айтылып «Аллахумма инни аузу бика минал хубси вал хабаис”* деген дуба окулат.
Дааратканага кирерде колунда Аллаху тааланын ысымы жана Курани карим жазылган бир нерсе болбоосу керек. Мойнунда Аллах ысымы жазылган бир нерсе асылуу болбоосу керек. Дааратканага сол бут менен кирип, оң бут менен чыгуу керек.
*Дааратканадан чыкканда «Алхамдулиллахиллази азхаба анил аза ва афани”* — деген дубаны окуу керек.
Даараткана сүйлөшпөө, көп отурбоо, газета, ж.б., окубоо, ыр ырдабоо, тамеки тартпоо, сагыз чайнабоо керек.
Дааратканада зикир кылынбайт, салам бергендин саламы алек алынбайт.
Дааратканада даарат бузуп жатканда алды жана арканы кыблага каратпоо керек. Солго карай бурулуу керек.Истинжадан, б.а., тазалангандан кийин дароо аврат жерди жабуу керек. Даарат алууда ауратты сол кол менен жууш керек. Дааратканада ажат кылып бүткөн соң алдын жана артын дароо жабуу керек. Даараткандан чыкана соң, колду жууш керек. Даарат сындырганда суу менен тазалануу эң жакшы. Тазалангандан кийин сүргү менен кургануу керек. Эгер сүргү жок болсо даараткана кагазы менен дагы курганууга болот. Бул кагаздар ошол максатта өндүрүлгөн. Башка кагаздарды колдонуу макрух болот.Истинжадан, б.а., тазалангандан кийин ич кийимине бираз суу серпүүсү керек. Ушундайча ич кийиминде суу көргөн кезде аны заара деп ойлобой, шектенүүдөн, васвасадан сактанат.
Тазалангандан кийин эркектер истибра кылуулары керек. Аялдар истибра кылышбайт. Истибра — бул заара каналында заара калтырбоо дегендик. Истибра кылынбастан дааратканадан чыга турган болсо ич кийимине заара чыгып жугуп калуу ыктымалы бар. Истибра кылынып заара калбагандыктын билинүүсү, көңүлдүн канааттануусу «истинка” деп аталат. Истинкадан кийин даарат алууга болот. Аврат жерлерин жана нажасатты карабоо, дааратканага түкүрбөө керек. Эч зарылчылыксыз өйдө тик турган абалда заара кылбоо керек. Дааратканада кийимге заара чачыратпоо керек. Бул үчүн эгер мүмкүн болсо өзүнчө кийим колдонуу керек. Дааратканага өзүнчө кийим жана баш кийим кийүү менен кирүү мустахаб. Дааратканадан чыкканда колдорду жууш керек.Эч бир сууга, мечиттин дубалына, көрүстөнгө жана жолго заара ушатпоо керек. Даараткана кагазы менен тазаланган сон суу менен тазаланган жакшы болот. Суу табылбай кала турган болсо кагаз менен тазаланып чектелсе болот.
*Суроо: Унитаз колдонуу мага ыңгайлуу болууда. Жөнөкөй даарат ушаттуучунун ордуна унитаз колдонууга болобу?*
ЖООП:
*Ыңгайлуу болуп жаткан болсо, үстүбүбүзгө заара чачырабай жаткан болсо зыяны жок. Бирок алатурка (же чаша генуя) деп аталган жалпак даарат ушаттуучуну колдонуу медицина жагынан дагы өтө пайдалуу. Нажасат оңой тазаланат жана чачырап кетүү жагдайы да аз. Заара толук чыккандыктан табарсык жана ичегилер да жеңилдейт, нажасат өткөн каналда калбастан сыртка чыгат. Заара каналы, калың ичеги сыяктуу органдардагы оорулардын Мусулмандарда эмне үчүн аз болгондугун изилдеген чет өлкөлүк медиктер мунун себеби унитаз колдонбогондук экендигин белгилешкен.*
*_Айрыкча простатит, заара каналындагы оорулар эркектерге үчүн өтө кыйынчылык туудурган, үй-бүлөлүк бакытка да таасирин тийгизе турчу оорулар болуп саналат. Өйдө тик абалда дагы заара ушатпоо керек жана ден-соолукка ылайык болгон жолду тандоо керек._*
Суроо: Эч бир сууга заара кылбоо керек деп айтылууда, унитаздын ичиндеги суулар да ушуга киреби?
ЖООП
Жок, унитаздагы суу буга кирбейт. Ал жер ансыз деле заара кыла турчу жер. Заара кылууга ыңгайлуу болбогон жерлер адамдар жана мал-жаныбар ичкен же адамдар колдонгон суулар болуп саналат. Булар – дарыя, көлмө, көл, бассейн ж.б.
Суроо: Дааратканага эркектердин да, аялдардын да баштарын жаап кирүүлөрү мустахаббы? Аялдар жоолуктун ордуна жоолуктун астынан кийчү боне деп аталган баш кийимдери менен кирсе болобу?
ЖООП
Ооба, дааратканага башты жаап кирүү мустахаб. Аялдар боне менен кирсе жетиштүү болот.
*ДААРАТКАНАДА ЖИН ШАЙТАНДАР АДАМДАРГА КИРИШИ МУМКУНБУ?*
Жиндер төмөнкү учурларда кирет:
1. Адам сүйүнгөндө, катуу корккондо. Катуу чочуганда.
2. Тамактанар алдында “Бисмиллах” деген сөз айтылбаса, тамак менен кошо ичке кирип кетиши ыктымал.
3. Жиндер чуңкур, аң, күл төккөн жерлерде жашагандыктан ошол жерлерге заара ушаткан адамга кирип кетиши мүмкүн. Анткени жин адамга ачууланып өч алыш үчүн кирип алат.
4. Эгер ысык сууну “Бисмиллах” дебей төксө, ошол жерде жин болсо чочуп кетип адамга кирип кетиши ыктымал.
5. Ажаткана – жин-шайтандар көп байырлаган жай. Ал жакка баш кийимсиз киргенде баштагы уюктан, ал эми ажатканада отуруп сүйлөгөндө ооздон кирип кетиши мүмкүн. Ажатканага сол бут менен кирип, Аллахтын ысмы жана Куран жазылган эч нерсе алып кирбөө зарыл.
6. Ал эми мончодо жылаңач денеге ашык болуп кирип алат.
7. Базарлар — жин-шайтандар байрагын орноткон жай. Анткени ал жакта алдамчылык, арам иштер көп жасалат. Андыктан базарга биринчи болуп кирбөөгө жана акыркы болуп чыкпоого аракет кылуу керек.
8. Эч ким жашабаган үйдө

















































