Чачты боёо жөнүндө Пайгамбарыбыз (саллалооху алайхи ва саллам)дын үлгүлүү жолу?
Чачты боёо-сүннөт
Усман бин Маухаб (разиялооху анху) айтат?
«Мен Умму Саламан (разиялооху анху)нун алдына келдим. Ал Пайгамбарыбыз(саллалооху алайхи ва саллам)дын берекелүү, боёлгон чачын көрсөттү». (Бухари 875)
Бир риваятта?»Умму Салама кызыл чачты көрсөттү»-деп келген. (Бухари 875)
Абдулло бин Умар (разиялооху анху) айтат?
«Мен Пайгамбарыбыз(саллалооху алайхи ва саллам)дын берекелүү сакалын сары өңгө боёгунун көрдүм (б.а. сары кызылга жакын өң, варс дарагы, же заъфаран чөбү менен боёйт эле)». (Шуъабул ийман 5/213)
Абдулло бин Умар (разиялооху анху)дан риваят?
«Мен Пайгамбарыбыз (саллалооху алайхи ва саллам)дын саргыч менен боёгонун көрдүм».(Насаи)
Абдулло бин Умар (разиялооху анху) айтат?
«Пайгамбарыбыз (саллалооху алайхи ва саллам) заъфаран жана варс менен берекелүү сакалын сарыга боёйт эле».
Абдулло бир Умар (разиялооху анху) өзү дагы ушундай кылат эле.
КАРА БОЁКТОН ТОСУУ
Жабир (разиялооху анху)дан риваят?
«Пайгамбарыбыз (саллалооху алайхи ва саллам) Абу Кухафа (разиялооху анху)га айтты?»(Чачтарыңды) өзгөрт (б.а боё) жана кара боёктон сактан».(Муслим)
Анас (разиялооху анху)дан риваят?Пайгамбарыбыз (саллалооху алайхи ва саллам) айтты?»Кара боёктон сактангыла». (Мажмаъ 5/162)
Анас (разиялооху анху)дан риваят?»Ак чачтарды өзгөрткүлө, кара боёкко жакын барбагыла». (Канз 6/380)
КАРА БОЁККО БОЁОЧУ-РАХМАТ НАЗАРЫНАН КУР КАЛАТ
Абдулло бин Аббас (разиялооху анху) айтат?
«Пайгамбарыбыз (саллалооху алайхи ва саллам) айтты?
«Акыр заманда кара боёк менен боёчу бир жамаат болот, аларга Аллах Таала карабайт».(Абу Дауд)
КАРА БОЁК МЕНЕН БОЁОЧУЛАР БЕЙИШТИН ЖЫТЫН ДА ТАБЫШПАЙТ
Абдулло бин Аббас (разиялооху анху)дан риваят?
«Акыр заманда көгүчкөндүн көкүрөгү сыяктуу кара боёк менен боёшкон жамаат болот, алар бейиштин жытын да табышпайт». (Мишкат 382)
Көгүчкөндүн көкүрөгү көбүнчө кара болот. Ошол себептен көптөгөн аалымдар кара боёкту макрух тахрими деп белгилешет.
КАРА МЕНЕН БОЁОЧУНУН ЖҮЗҮ КЫЯМАТ КҮНҮ КАРА БОЛОТ
Абу Дарда (разиялооху анху)дан риваят?
Пайгамбарыбыз (саллалооху алайхи ва саллам) айтты?
«Ким кара боёк иштетсе, Кыямат күнү анын жүзү кара болот».(Мажмаъ 5/166)
Имам Газали (разиялооху анху) «Ихяа» деген китепте баян кылат?»Кара боёк менен боёочу Аллахтын рахматынан алыс.
ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН (САЛЛАЛООХУ АЛАЙХИ ВА САЛЛАМ) АК ЧАЧТАРЫ ЖӨНҮНДӨ
Анас бин Малик (разиялооху анху) айтат?
«Пайгамбарыбыз (саллалооху алайхи ва саллам) дүйнөдөн кайтты жана Пайгамбарыбыз (саллалооху алайхи ва саллам)дын башы жана берекелүү сакалында жыйырма тал чачы ак боло элек эле».(Бухари)
Абдулло бин Умар (разиялооху анхудан риваят?
«Пайгамбарыбыз (саллалооху алайхи ва саллам)дын ак чачы жыйырмага жакын болгон».
Жабир (разиялооху анху)дан кимдир бирөө Пайгамбарыбыз (саллалооху алайхи ва саллам) ак чачтары жөнүндө сураганда, ал мындай деп жооп берди?»Пайгамбарыбыз (саллалооху алайхи ва саллам) май сүрткөндө ал билинбейт эле. Качан май сүртпөй койсо бир аз актыгы көрүнөт эле». (Шамаил 4)
Алтымыш, алтымыш беш жаштын ортосунда бир аз гана чачтын ак басышы Пайгамбарыбыз (саллалооху алайхи ва саллам)дын күчтүү болгонуна жана кубаттуу болгонуна далил.

















































