БЕЙИШКЕ СУРАКСЫЗ КИРҮҮЧҮ 70 000 МИҢ АДАМДЫН СЫПАТТАРЫ
Ибн Аббастын (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат🌙
Аллахтын элчиси (солла Аллаху алейхи ва саллам) айтты “Мага (ар кандай) үммөттөр көрсөтүлдү. Мен анын артынан бир нече гана адам ээрчиген пайгамбарды, артынан бир-эки адам гана ээрчиген пайгамбарды да жана артынан эч ким ээрчибеген пайгамбарды да көрдүм. Мага адамдардын көп тобу көрсөтүлдү эле, мен мына ошолор менин үммөтүм болсо керек деп ойлодум. Ошондо мага:
“Бул, Муса жана анын коому. А бирок сен бул жакка кара” – деп айтылды. Ал жакта чоң бир топ бар экен. Андан кийин: “Эми башка жакка кара” – деп айтылды. Ал жакта да чоң бир топ бар экен. Ошондо мага: “Бул сенин үммөтүң. Алардын арасында сураксыз жана азапсыз бейишке кире турган жетимиш миң адам бар”- деп айтылды”. (Бул сөздөрдү айтып) Андан кийин (Пайгамбарыбыз алейхис салам) ордунан туруп, үйүнө кирип кетти. А (мечиттеги) адамдар болсо кимдин сураксыз жана азапсыз бейишке кирээри тууралуу сүйлөшө башташты. Ошондо алардын кээ бирлери: “Балким, алар Аллахтын элчисинин (солла Аллаху алейхи ва саллам) сахабаларыдыр” – деп айтышты. А башка бирөөлөр: “Алар Исламда төрөлүп, Аллахка эч нерсени шерик кылбагандар болушу мүмкүн” – деп айтышты. Ошентип ар кандай сөздөрдү айтышты. Ошол убакта Аллахтын элчиси (солла Аллаху алейхи ва саллам) чыгып, мынтип сурады🌹
“Эмне тууралуу талашып жатасыңар?”. Алар (эмне тууралуу сөз болуп жатканын) ага кабарлашты эле, ал мындай деди🌹 “Алар коргонуу үчүн өздөрүнө дуба окуп, дем салбагандар жана дем салдыруу үчүн башкаларга кайрылбагандар, куштардын учушуна карап төлгө салбагандар жана Роббуларына тобокел кылгандар!”. Ошондо Уккааша бин Михсан ордунан туруп мындай деди🌙
“Аллахтан мени ошолордун катарына кошуусун сурап дуба кылыңыз!”. Анда ал (Пайгамбарыбыз алейхис салаам)🌹
“Сен алардын арасындасың” – деди. Андан кийин башка бир адам орудан туруп: “Аллахтан мени ошолордун катарына кошуусун сурап дуба кылыңыз!” – деди эле, ал🌹
“Бул нерседе Уккааша сенден озуп кетти” – деп айтты”. (Имам аль-Бухарий жана имам Муслим риваяты).
Хадистен алынган өкүмдөр🌙
1-Акыйкатты билип, ага амал кылуу үчүн шариат тексттеринде (Кураан жана хадистерде) айтылбаган маселелер тууралуу ижтихад кылууга болот.
2-Аалым адам өз шакирттерине акыйкатты баяндоо жана алардын арасындагы талаш-тартышка чек коюу үчүн алар эмне жөнүндө сүйлөшуп жатышкандыктарын суроого болот.
3-Төлгө салуу арам.
Хадистен алынган сабактар🌙
1-Коргонуу үчүн дуба окуп, дем салуу шариатыбызда уруксат берилгенине карабастан, башка түшкөн нерсени кетирүү үчүн аракеттенбестен Аллахтын тагдырына жана Анын жиберген балээлерине ыраазы болуп, өзүнө дуба окуп коргонбоо жана башкалардан да муну суранбоо, ыймандуулардын эң бийик даражасы. Ал эми Пайгамбарыбыздын (солла Аллаху алейхи ва саллам) коргонуу үчүн дуба окуп, табыпчылык кылуусу бул нерселерди кылууга уруксат экенин баяндоо үчүн болгон.
2-Бул хадис Пайгамбарыбыздын (солла Аллаху алейхи ва саллам) ээлеген ордунун улуулугун баяндайт. Анткени ага үммөттөр көрсөтүлгөн.
3-Бул хадисте Аллахтын Пайгамбарыбызга (солла Аллаху алейхи ва саллам) кылган жакшылыгы да баяндалган. Анткени Аллах Таала анын үммөтүн башка үммөттөргө караганда көп кылып койду.
4-Аллах Таала бул үммөткө сый көрсөтүп, алардын арасынан жетимиш миң адамдын сураксыз жана азапсыз бейишке кирүүчүлөрдөн кылып койду.
5-Бул хадисте Пайгамбарыбыздын (солла Аллаху алейхи ва саллам) сахабалары жана Исламда төрөлүп, жахилия (наадандык) дооруна таандык эч бир ишти кылбагандардын пазилеттери айтылган.
6-Кайсы бир маселени окуучулар аны талкуулоолору үчүн калтырып, андан кийин туурасын айтуу сабак берүү жолдорунун бири.
7-Бул хадис зыянды кетирүү жана пайда келтирүү үчүн Аллахка тобокел кылып, Ага таянуунун пазилетин баяндайт.
8-Уккаашага (Аллах андан ыраазы болсун) окшоп, жакшылыка жетүү үчүн ар кандай ыңгайлуу учурду колдоно билүү зарыл.
9-Бул хадис Укааша да бейишке кире турган адамдардын бирөөсү экендигине күбөлүк берет. Демек, тирүүсүндө эле бейиш менен сүйүнчүлөнгөн сахабалардын саны ондон көп болгон. Ал эми он сахабанын өзүнчө айтылуусунун себеби алар бир хадисте айтылганы үчүн гана.
10-Бул хадистен Пайгамбарыбыздын (солла Аллаху алейхи ва саллам) сөзгө чечендигин көрүүгө болот. Анткени ал Уккаашадан (Аллах андан ыраазы болсун) кийин, ордунан туруп Уккааша сураган нерсени сураган адамга “сен алардын катарында жоксуң” же “сенде жогоруда айтылган сыпаттар жок”– деп айтпастан, “Бул нерседе Уккааша сенден озуп кетти” – деп жооп берди. Ошондой эле ал бул сөзү менен башка сахабалар да Уккааша сураган нерсени суранууларына чекит койду.

















































