Пример HTML-страницы

Бейишке биринчи кирчү аял.

https://kyrgyzcha.site/?p=49291&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Бейишке биринчи кирчү аял.

 

Бир күнү Пайгамбарыбыз кызы Фатима экөө сүйлөшөт:

— Бейишке биринчи кирчү аял ким экенин билесиңби ?

— Оо, Алланын элчиси, ал мен эмесминби?

— Жок, баланча жердеги үйдө бир аял бар, мына ошол.

— Ал кандай иши менен бейишке биринчи кире турган аял болот?

— Ага барып жолуксаң билесиң.

Азирети Фатима ал аялдын үйүнө барып каалгасын каккыласа ичинен жагымсыз үн угулат:

— Кимсиз?

— Мен Фатима.

— Кайсы Фатима?

— Пайгамбардын кызы Фатима.

— Кечиресиң, күйөөм азыр үйдө жок эле. Ал » эшикти эч кимге ачпа» дегенинен мен ага убада берип койгомун, азыр ачалбайм. Кааласаң эртең кел күйөөмдөн уруксат алайын. Сизге деген урматым чексиз!

— Макул.

Эртеси күнү Фатима баягы аялдын үйүнө чыгып баратса, уулу Хусейин ээрчигенинен анын көңүлүн кыя албай кошо ала кетет.

Аялдын үйүнө жетип каалганы каккылаганда, кечээги үн угулат:

-Кимсиңер?

— Мен Фатима.

— Оо Пайгамбардын кызы, жаныңда эркек баланын үнү угулат да, ал ким?

— Уулум Хусейин, ээрчигенинен ала келдим эле.

Аял бушайман абалда:

— Мени кечире көр. Мен күйөөмөн сага эле уруксат сураган элем. Эртең келсең Хусейин үчүн да уруксат сурап койоюн.

— Макул.

Эртеси күнү Фатима уулу Хусейинди ээрчитип үйдөн чыгаарда, аларды көргөн Хасан да ээрчип алат. Аялдын үйүнө жетишкенде кечээги эле сөздөр кайталанып артка кетишет. Эртеси күнү Хусейин менен Хасанды ээрчитип келген Фатима каалганы каккылайт:

— Кимсиңер ?

— Мен Фатима.

— Жаныңда Хусейин менен Хасандан башка киши барбы?

— Жок.

Эшик ачылып жарашыктуу оронгон, нур жүздүү келин чыга келет.

Оозунан кичинекей ташты алып мындай дейт:

— Оо, Пайгамбардын кызы, кош келдиң !

-Үч күндөн бери каалганын артында сүйлөп жаткан кемпир сен белең ?

— Жок.

— Ал кемпир кайда ?

— Оо, Пайгамбардын кызы, оозума таш салып үнүмдү өзгөртүп алган элем.

— Эмнеге өзгөрттүң?

— Балким жолдон эркек өтүп бараткан болсо үнүмдү угуп кумары козголуп, күнөөгө батат деп өзгөрттүм.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE