Пример HTML-страницы

“Бейиш эненин таманынын астында” 

https://kyrgyzcha.site/?p=52734&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Апакемдин таманы

 

“Бейиш эненин таманынын астында”

 

Мухамад пайгамбар (Саллалоху Алейхи Васаллам)

 

Шаардан үйгө келдим. Эмнеге экени эсимде жок, заматта маанайым бузулуп, кабагым карыш түйүлүп, бирөөгө кыйкырып албайын деп өзүмдү араң кармап, чай ичкен столдун четинде сүйлөбөй отурдум. Апам менин абалымды сезип, унчукпай өз ишин ары-бери кылып, үйдөн чыгып кетти.

 

Апам 55 ке мына чыгайын деп калса да, үй иштеринин баарын өзү кылып, өзүн жаш келиндей жеңил алып жүрчү эле. Ар бир нерсени орду- ордуна коюп, кийимдерди тептегиз кылып бүктөп, короого бир тал чыбык таштабай, шыпырып, дайыма таза кармачу. Жада калса басканда да шырп эткен дабыш чыгарбай, кадамын мышыктай жеңил таштачу.

 

Апам эшикке чыгып баратканда, шашпай, жеңил басып бараткан буттарын аркасынан көзүм менен узата карадым.

 

Караганда да жаман көрүп карадым. Ошол учурдагы биздин көйгөйлөргө апамды да күнөөлөп, ичимден жаман көрүп отургам.

 

Апамдын ашыкча сүйлөбөгөн, ар бир нерсени так аткарган, өзгөрүүнү жактырбаган, бардык нерсени жүрөгүнө жакын кабыл алган мүнөзүн терс сапат деп баалап, катуу-катуу эле баспайбы, анча-мынчага көңүл бурбай эле койбойбу, келечекти эле күтө бербей бүгүнкү күн менен жашабайбы, кийимди антип бүктөбөсө эмне болот, короо чачылып турса эмне болмок эле, өзүн аябайбы, эркин жашабайбы деп ойлой берчүмүн. Менин кичинекейимдеги кийимдерди менин балама кийгизем деп сактап жүргөнүн көрүп, ой анын эмне кереги бар деп ойлочумун. Кайгылуу кино көрүп атып ыйлаганын көрүп, ой жарыктык деп күлүп койчумун.

 

Көрсө мен апамды түшүнчү эмес экенмин. Анын апасыз чоңойгонун, апасына болгон кусалыгы, энелик мээримди көксөөсү бала кезинен бери жылдап жыйылып отуруп бук болуп, саргайган санаа болуп жан дүйнөсүн жабыркатып, картка айланып калганын билчү эмес экенмин. Апамдын апасы таенем эмес, башка болгонун кичинемде бир жолу кулагым чалган менен, бир да көңүл бурбаптырмын.

 

 

 

 

Так ошол апамдын эшикти көздөй басып баратканын карап отурган сааттан бир күн өтүп, апаңдан айрылдың деген суук кабарды уктум…

 

…Көзүмө апамдын ошол кадамдары кайра-кайра тартылды. Паластан жай көтөрүлүп бараткан согончогу, таманы, кинотасманын үзүндүсүндөй көз алдымда турду. А оюмда “Бейиш эненин таманынын астында” деген сөз казыктай кадалып турду…

 

 

 

 

Андан бери Жер Күндү туптуура 3 жолу айланды.

 

Tatli_Melek

 

26 Сентябрь 2015 — 23:57

 

Ар жаман иштин артында бир жакшылык бар

 

 

 

 

 

 

 

Илгери өткөн замандарда. Африкадагы өлкөлөрдүн биринде. Өлкөнү башкарган падыша жашаптыр. Ал падышанын жанында эс тарткандан баштап коштоп жүрчү жан досу да карыш жылбай чогуу жүрчү.

 

Падышанын жандоочусунун башкалардан өзгөчөлөнүп турган адаты бар эле. Өзүнүн же башканын болсун, жакшылык же жамандык болсун, жөн гана «ар жаман иштин

 

артында бир жакшылык бар»

 

деп айтып гана тим болчу экен.

 

 

 

 

 

 

 

Күндөрдүн биринде, падышаны коштоп аңчылыкка чыгышат. Падышанын мылтыгына ок салып берет. Бирок, ок тетири салынып калып, ок падышанын баш бармагын жулуп кетет. Падыша ачууланганын көргөн досу :

 

—«Ар жаман иштин артында бир жакшылык бар» деди. Падышанын катуу ачууланып, зынданга салдырлы.

 

 

 

 

 

 

 

Арадан бир жыл өттү. Падыша жигиттери менен аңчылыкка чыкты. Ошол падыша жана анын жигиттери аңдын кумарына батып, жапайы адамдар жашаган аймакка кирип кетишти. Адам жегич жапайылар аларды кармап келишип байлап, от жагып бышырып жегенге даярданып жатышкан. Алардын ишениминде: «Бир мүчөсү кем болгон адамдарды жегенге болбойт. Эгер ал мыйзамга каршы чыккан адамга жаратылыштын каргышы тийет» .

 

Ошентип падышаны бошотуп, анын калган жигиттерин жеп салышат.

 

 

 

 

 

 

 

Сарайга аман-эсен кайтып келген падыша, баш бармагынын жок болгону себептүү тирүү калганын айтып, зындандагы досун алдырат. Башынан өткөндөрдү төкпөй-чачпай айтып берет. Аны зынданга салдырганыга бушайман экенин айтып кечирим сурайт. Бирок, досу кайрадан : «Ар жаман иштин артында бир жакшылык бар» деди.

 

Падыша өзүн кармап тура алган жок.

 

— Сенин бир жылың зынданда, караңгылык ичинде, ачка жана суусуз өтүп кетти. Мен мындан жакшылыкты көрбөй турам.

 

Падышанын досу ага жылмаю менен жооп кылды:

 

— Эгер мен зынданда болбогондо, сиздин жаныңызда болмокмун. Сиз менен аңчылыка кошо чыгып, жапайыларга жем болмокмун…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE