Пример HTML-страницы

Бала тарбиясындагы эң чоң 5 ката

Пайдалуу кеңештер.

Бала тарбиясындагы эң чоң 5 ката

 

Баланы жашоого алып келгенден кийин жакшы тарбия берип, акылдуу кылып өстүрүү – ар бир ата-эненин милдети. Бала тарбиясы, албетте, оңой иш эмес. Ага ата-эненин канчалаган эмгеги, сабырдуулугу менен чыдамдуулугу кажет. Бул учурда бала тарбиялоодо көпчүлүгүбүз төмөндөгү катачылыктарды кетиребиз:

 

1.Орой мамиле

Ар дайым добуш көтөрүп, кагып-силкип, уруша берүү баланы тарбиялоодо жардам бере турчу ыкма эмес, тескерисинче баланын мээримсиз болуп өсүүсүнө, күнүмдүк ызы-чууга көнүп калуусуна жол ачат. Ошондуктан эч качан ачууңузду баладан албаңыз.

 

2.Башка балдар менен салыштыруу

Көптөгөн ата-эненин «элдин баласын карачы» деп жатканын угуп жүрөбүз. Аны уккан бала өзүнө деген ишенимдүүлүгүн жоготуп, өзүн-өзү төмөн санап, керек болсо башкаларды көрө албоочулук сезими пайда болот.

 

3.Алгач өзүңүздү тарбиялаңыз

Бала чыр этип дүнөгө келгенден тартып ата-энесин көрүп өскөндүктөн сиздин иш-аракетиңиз, адатыңыз, кылыгыңыз, керек болсо сүйлөгөн сөзүңүзгө чейин кайталайт. Ата-энем ушундай жасап жатат, демек ошол туура деп ойлойт. Ата-эне бала үчүн идеал. Ошондуктан эң алгач өз-өзүңүздү тарбиялоого тырышыңыз.

 

4.Баланы сыйлай билиңиз

Балага жалаң гана балаңыз катары эмес, адам, азамат катары карап, анын ой-пикири менен санашып, адамдык укуктарын сыйлай билиңиз.

 

5.Идеал болуусун талап кылуу

Ар бир адам – кайталангыс инсан. Ар бирибиз катачылык жасайбыз. Ошондуктан бир ката жасап койсо, ага түшүнүү менен карап, колдоо көрсөткөндү билиңиз. Катуу тартип орнотуп, бала отур десе отуруп, тур десе туруш керек деген ойдон оолак болуңуз. Балага мээрим менен жылуулугуңузду төккөн сайын ал да жалбырактарын жайкалтып, мөмөлүү бактай жемишин төгөрү анык.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE