Пример HTML-страницы

Чачынызга жакшылап кам корунуз

https://kyrgyzcha.site/?p=20899&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Чачынызга жакшылап кам корунуз

 

Фен, чач боёк, чач үтүк жана лак. Заманбап кызды бул каражаттарсыз элестетүү мүмкүн эмес. Албетте,

 

 

 

Фен

 

– Үй шартында ар бир жуугандан кийин чачты фен менен кургата берүү пайдалуу эмес. Себеби, ысык абанын таасири баштын терисин кургатат, какачты пайда кылат, чачтын сынып түшүшүнө шарт түзөт. Ошондой эле күчтүү электризацияга дуушар кылып, чачтын өңүн жагымсыз боз көрсөтүп салат. Мындай болбоосу үчүн шашылыш болбогон жагдайда чачты абада эле кургатуу керек. Ал эми фен менен кургатуу зарыл болуп калганда аны колдонуунун жол-жобосун пайдаланган жакшы. Алар: фен менен  чачтын ортосундагы аралык 40-50 см болушу кажет; чачты суу абалында эмес, сүлгү менен абдан аарчып алып кургатат; фенди өтө ысык жана муздак эмес, орточо кубаттуулукта пайдалануу талап; кургатаар алдында чачка тиешелүү гелди же пенканы шыбап алган дурус; колдон келсе кадимки тиричиликтик эмес, профессионалдык фен колдонгон жакшы. Анткени, анын кубаттуулугу 220 градустан ашпайт жана чачка зыян келтирбейт.

 

 

 

Үтүк же плойка

 

 

 

– Чачты үтүк менен түздөөнүн же плойка менен тармалдатуунун зыяны фен менен кургатуудан дагы көбүрөөк. Анткени, фен чачка алыстан таасир этет, ал эми үтүк же плойка чач менен түздөн-түз байланышта болот. Мындан улам чач түшүп баштайт, учтары сынат жана ачакей болот. Ошол эле учурда үтүктүн таасиринен улам күйүп, сапаты кургак тартат, өңүн тез эле жогото берет жана табигый жылтырак жоголуп, чач жагымсыз көрүнөт. Аз да болсо бул сыяктуу терс таасирлердин алдын алуу үчүн: керамика капталган үтүк колдонгон жакшы; үтүктөө алдында чачка коргоочу спрей же молочко сыйпап алуу керек; чачты кир абалында эмес, жуугандан кийинки таза кезинде үтүктөө зарыл; суу абалында түздөөгө жана тармалдатууга болбойт; үтүктү 120 градустук температурадан жогорку кубаттулукта пайдаланбоо керек.

 

 

 

 

 

Боёк

 

— Элдин колу жеткен жана суроо-талап көп болгон сатыктагы кадимки арзан жана өтө кымбат эмес чач боёктордун баарынын курамында аммиак жана консервант аттуу химиялык заттар бар. Булар менен чачты көп жана туура эмес боёо албетте, зыяндуу. Аммиактын жана консерванттын деңгээлине жараша ар бир чач боёк ар түрдүү зыян бериши мүмкүн. Бирок, аларды сөзсүз түрдө катуулук, жагымсыздык, түшкүч, сына бергич сыяктуу сапаттар коштойт. Кээде химиялык заттар аллергия дагы чакырышы мүмкүн. Анткени, боёктогу аммиак чачтын сырткы түзүлүшүнө кандай таасир этсе, ички түзүлүшүн дагы андан кем калтырбайт. Мындай көрүнүштөрдөн алыс болуу үчүн: баалуу профессионалдык боёкторду колдонгон жакшы; инструкцияда жазылган эрежелерди так аткаруу керек; чач учтарынан эмес, түптөрүнөн башталып боёлот; эч убакта целлофан баштык кийүүгө жана массаны көбөйтүү үчүн шампунь же бальзам кошууга жол бербөө зарыл.

 

 

 

Чач улоо

 

– Бир аз ыңгайсыздык жаратканын, жууганда кыйыныраак болгонун жана уктаганда басып алса оорутаарын эске албаганда, чач улоонун зыяны деле жок. А эгер чач көп түшүүчү, көп боёлгон, көп сынуучу же табиятынан сапатсыз болсо, андай чачка жасалма жол менен чач улоонун кажети жок. Болбосо уланган чач мындай чачтын сапатын ого бетер кетирип, аны үзүп түшө берет. Андан кийин ал жерге жаңы чачтын өсүшү оңой болбойт. Чачты жасалма жол менен улагандан кийин төмөнкү шарттарды эске ала жүргөн жакшы: суу абалында жатып албоо керек; түнкүсүн чачты байлап алган дурус; атайын тарак менен тароо зарыл.

 

 

 

Лак

 

– Башка каражаттар сыяктуу эле лак дагы туура эмес пайдаланууда терс жактарын тийгизип коюшу мүмкүн. Биринчи эле лак чачылган чач бат кирдөөгө, бат майланышууга жакын болот. Андан кийин чачтын үстүн катырып, анын алдыңкы бөлүгүнө кычкылтекти жакшы өткөрбөй коёт. Кам көрүлбөгөн чач лактан кийин жагымсыз боз болуп, катуу сапатка ээ болот. Андыктан, чач үчүн колдонулуучу лактын дагы профессионалдык түрүн алган жакшы. Анын курамында спирт болбойт. Мындан сырткары жумшак жана ичке чачтар үчүн орточо фиксациялуу, ал эми катуу чачтар үчүн жогорку фиксациялуусун бөлүп колдонуу керек. Бирок, лакты көп пайдалануудан качуу андан дагы жакшы.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE