Пример HTML-страницы

Тошок оюну ар кандай ооруларды алдына алат

https://kyrgyzcha.site/?p=20413&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ТОШОК ОЮНУ АР КАНДАЙ ООРУУЛАРДЫ АЛДЫНА АЛАТ

 

Аялзаты уят көрүп ачык айта албаган көйгөйлөрдүн катарына жыныстык катнаш кирет. Дарыгерлер жубайлардын ортосунда төшөк мамилеси күн сайын, жок дегенде күн ара, эч болбоду дегенде жумасына 2 жолу болушу керектигин айтышат. Эгер ал үзүгүлтүккө учурап калса, аялзатын гана эмес, эркекти да ар кандай ооруларга алып келет. Деги эле аял менен эркектин ортосунда төшөк кумарынын болуп турушу канчалык деңгээлде маанилүү?

 

1. Кан басымын түшүрөт. Кан басымы жогору болгон адамдарга адистер жыныстык катнашта көбүрөөк болуп турууну сунушташат. Анткени Пейсли университетинин изилдөөчүлөрү “жыныстык катнаш кан басымын түшүрөт” деген чечим чыгарышкан.

 

2. Иммунитетти көтөрөт. Иммунитетти дары-дармектерден тышкары жыныстык катнаш дагы көтөрөт. Төшөк оюну маалында организм иммуноглобулин-антигенди иштеп чыгат. Ал антиген сасык тумоо жана ар кандай жугуштуу ооруларга каршы күрөшөт.

 

3. Өз курагыңыздан жаш көрсөтөт.Шотландиялык окумуштуу, нейропсихолог Дэвид Уикс жумасына 3 ирет кошулуп турган жубайлар өз курагынан 10 жашка жаш көрүнөрүн айткан. Жыныстык катнаш мезгилинде бакыт гормонунан тышкары организмде дофамин жана нор­адреналин гормондору иштелип чыгат. Бул гормондор картаюу процессин жайлатып, майда бырыштардын түшүүсүнө тоскоолдук жаратат.

 

4. Стресстен арылтат. Жыныстык катнаш учурундагы организмден бөлүнүп чыккан допамин аттуу зат адамдын аз да болсо стресстен арылышына жардам берет.

 

5. Ашыкча салмактын алдын алат. Жыныстык катнаш учурунда адамдын организминин бардык системасы машыгуу залында машыгып жаткандай иштейт. Жумасына 3 жолу 15 мүнөттөн төшөк оюну менен алектенген адам бир жылда 7500 ккал жоготот. Эгер аны чуркоого алмаштырса, 124 километр менен барабар болот.

 

6. Жүрөктүн иштешин жакшыртат. Жыныстык кошулуу инсульт, жүрөктүн катуу кармаган ооруларына профилактикалык дары катары сунушталат. Себеби ал жүрөктүн иштешин жакшыртарын Жаңы Англия илимий-изилдөө институтунун окумуштуулары далилдешкен. Алардын айтуусу боюнча, дайыма жыныстык жашоодо жашап жүргөн эркектер жүрөк ооруларына 45 пайыз азыраак чалдыгат.

 

7. Ооруучу сезимдерди жок кылат.Филадельфиядагы Жорж Эрлих аттуу дарыгер өзүнүн изилдөөсүндө жыныстык катнаш менен артрит оорусун айыктырууга болорун айткан. Анын билдирүүсүндө үзгүлтүксүз кошулуп тургандар кошулбагандарга караганда ооруну жеңил өткөрөт жана көп даттанбайт. Ошондой эле мигрень оорусунун дабасы дагы төшөк оюну.

 

8. Ишенимди пайда кылуу менен эки адамды жакындаштырат. Жыныстык катнаш учурунда эки адамда тең окситоцин гормону бөлүнүп чыгат. Бул гормон сүйүү­-

нүн жана бактылуулуктун гормону катары эсептелинет. Түгөйлөрдүн ортосундагы мамиле солгундап баратканда кошулууну регулярдуу түргө өткөрүп, жок дегенде күн ара бирге болуулары керек. Себеби окситоцин гормону бири-бирине болгон ишенимди, жылуу мамилени пайда кылуу менен аларды жакындаштырат.

 

9. Ар кандай оорулардын алдын алат.Жыныстык катнаш учурунда эркектин урукту суулап туруучу безинен суюктуктар бөлүнүп чыгат. Эгер эркек ар кандай кинолордон улам дүүлүгүп, бирок канааттанбаса дүүлүгүүдөн пайда болгон суюктук организмге топтолуп, жыйынтыгы ар кандай ооруларга алып келет. Ушул эле көрүнүш аялдарда кайталанса, тагыраагы, алар регулярдуу түрдө кошулуу үзгүлтүккө учураган учурда киста, миома сыяктуу ооруларды пайда кылат. Австриялык медицина кызматкерлери бир айда 21 жолу жыныстык катнашта болгон эркектердин урукту суулап туруучу бези коркунучтуу рак илдетине кабылуудан алыс болорун аныкташкан.

 

10. Ичегилердин ишин жакшыртат. Маал-маалы менен болуп турган жыныстык катнаш бел жана жамбаш сөөктүн булчуңдарын бекемдейт. Бул кыймыл жыныстык мүчөлөрдү гана ден соолукта кармап турбастан, ичегилердин ишин да жакшыртат. Мындан тышкары такай жыныстык катнашта болуп турган айымдарда тийиштүү гормондор бөлүнүп чыгат да, ал гормондор айыз циклин калыбына келтирет. Жыйынтыгында айыз учурунда катуу ооруксунтуу болбойт жана нормалдуу түрдө келет.

 

11. Импотенциянын алдын алат. 40 жаштан ашкан эркектердин 50 пайызынын жыныс мүчөсү ал каалаган функцияны ишке ашыра албайт. Импотенциянын алдын алып мындай көйгөйгө өз убагынан эрте кабылбайын деген мырзалар күн сайын жыныстык катнашта болуп турушат. Анткени эрекция канды жыныс мүчө аркылуу өткөрүп, ал ар дайым кыймылда болуп, жыйынтыгында импотенцияга кеч кабылат. Бакыттын гормону, жүрөктүн жакшы иштеши жана күчтүү булчуңдар адам өмүрүн бир топ жылга узартат. Мындай абалга жетүү үчүн күн сайын жыныстык катнашта болуп туруу керек.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE