Пример HTML-страницы

Зодиак белгиси боюнча уруш

https://kyrgyzcha.site/?p=20351&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЗОДИАК БЕЛГИСИ БОЮНЧА УРУШ

 

Бир дагы үй-бүлө урушсуз жашоо кечирбеси анык. Өзгөчөлүгү – бирөөлөр дароо жарашып, эч нерсе болбогондой жашоолорун улантышат, экинчилер ажырашканга чейин жетишет. Балким уруш убагында күйөөңүздүн зодиак белгисине карап мамиле кылуу жардам берер?

 

 

КОЙ

Кой жылдызындагы эркектер оор кырдаалга туруксуз болушат. Мындай учурда ага оюндагысын айтып алууга шарт түзүп бериңиз. Анын агрессивдүүлүгүнө мүңкүрөп калбаңыз. Стресс учурунда “буусун чыгарып” алган соң мамилени бат эле жөнгө салып коёт.

 

 

БУКАЧААР

Букачарлар мындай кырдаал­га чыдамкай келишет. Ар качан карама-каршылыктан качып турушат жана эч кандай ызы-чуусуз эле бардык нерсе жөнгө салынарынан үмүт кылышат. Ошондуктан, эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп коюшат. Бирок кокус Букачардын бир нерсеге наа­разы болгон түрү байкалса, демек, анын чыдамынын бүткөнү. Букачар күйөөңүздүн чоң эмес таа­рынычын кам көрүү жана эркелетүү менен жазып алсаңыз болот. Олуттуу маселе болсо талкуулоого тийишсиз. Бирок аябай жумшак түрдө жана сылыктык менен.

 

 

ЭГИЗДЕР

Эгиздер үй-бүлөдө кичине жагымсыз нерсе болсо эле кетип калууга шашылышат. Таптакыр эле башка нерсе менен алек болуп, болуп өткөн нерсени батыраак унутуп калууга жана кайра аны эстебөөгө ашыгышат. Жакшы жери, кайра келгенде болуп өткөн түшүнбөстүк тууралуу сөз да болбойт.

 

 

БОЙОН

Бүй-бүлөлүк чырга аябай сезимтал келишет. Жакын адамдарынын ойлору же сезимдери Бөйөндөрдүн маанайына, атүгүл ден-соолугуна таасирин тийгизиши мүмкүн. Андыктан аларга өтө этияттык менен мамиле кылуу керек. Бөйөндөргө бир нерсени сөз менен түшүндүрүү пайдасыз. Алар акылдын логикасына караганда сезимдин тилин жакшы түшүнүшөт.

 

 

 

 

АРЫСТАН

Уруш-жаңжалдан кийин арстандар кемсинип жана таарынып калышат да, өздөрүн муздак алып жүрө башташат. Чыр-чатак болуп жаткан учурда алар менен акырын сүйлөшүш керек. Туталанып, ачууга алдырып аны кемсинтип алуудан абайлаңыз. Болбосо сиз ал үчүн жок болуп калышыңыз мүмкүн. Урушуңуздар олуттуу болсо деле өзүңүздү кармап, тынчтыкты сактаңыз.

 

 

БИЙКЕЧ

Бийкеч өздөрүнө төмөн баа беришет да, көпчүлүк учурда ушул нерседен жапа чегишет. Кичинекей кемчилигин айтып койсоң да алар кемсинтүү катары кабыл алышат. Талаш-тартыш учурунда Бийкеч күйөөңүзгө сөздү абайлап тандап сүйлөңүз. Алгач өзүңүздүн жакшы мамилеңиз менен аны ишендирип, андан соң гана өзүңүздүн убактылуу нааразычылыгыңыздын себебин жай түшүндүрүп коюңуз.

 

 

ТАРАЗА

Эгер тараза күйөөңүз сизге таа­рынып калса, жарашуунун алгачкы кадамы – кандайдыр бир кичинекей белек. Андан соң кафедеги романтикалык кечки тамак. Шам алдындагы романтикалык тамактанууну үйүңүзгө деле уюштурсаңыз болот. Тамактануу учурунда андан жакшы сөздөрүңүздү аябай, сүйүү тууралуу көбүрөөк сүйлөңүз. Таразалар таарынычын көпкө сакташпайт.

 

 

ЧАЯН

Чаяндар эмне кылып жатканын түшүнүшпөй, үй-бүлөлүк чыр­ды көпчүлүк учурда өздөрү чыгарышат. Алар карама-каршылык абалда өздөрүн бир канча жакшы сезишет. Андыктан алар менен жашоо оңой эмес. Чаяндар менен мамилени айкындап, ачык сүйлөшүүгө болгон аракетиңиз текке кетет. Үй-бүлөдөгү абалды жакшыртууга биргелешип жасаган жумуш же активдүү төшөк оюну гана жардам берет.

 

 

ЖААЧЫ

Жаачылар бат эле таарынып калышат да, абдан катаалдыкка барышат. Бактыга жараша бул узакка созулбайт. Эски таарынычтарды эскербей эле койгонуңуз туура, баары бир аны Жаачылар кабылдашпайт. Алар менен жашоо өтө эле жеңил. Анын жумушуна кызыгып, өзүңүздүкү жөнүндө айтып берген кызыктуу. Бирок анын ак көңүлдүгүнөн пайдалануу тууралуу ойлонбоңуз, Жаачылар муну кечиришпейт.

 

 

ТЕКЕЧЕР

Текечерлер өздөрүн өздөрү жеп, үй-бүлөсүндөгү башаламандыкка көпкө чейин сарсанаа болуп жүрө беришет. Ошол эле убакта кантип жарашуунун айласын издеп жүрүшөт. Бирок сыртынан кайдыгердей эле көрүнөт. Талкуу учурунда алар менен жай сүйлөшкөнүңүз оң. Кыйкырсаңыз ал да кыйкырып жооп берет.

 

 

СУУ КУЙДУ

Суукуйдулар карама-каршылык учурунда түшүнүксүз болушат: бир туруп сүйлөбөй калышса, бир ачык сүйлөшүүнү талап кылат. Же болбосо олуттуу маселени тамашага айландырышат. Эгер суукуйду күйөөңүз менен тамашасыз сүйлөшкүңүз келсе, ал тамашалабай калганга чейин күтүп туруңуз. Бирок акылдуулук менен сүйлөшүңүз.

 

БАЛЫК

Балыктардын натурасы аябай сезимтал жана тез кабыл алгыч болгону менен турмуштук түшүнбөстүктөргө алар акылдуулук менен мамиле кылышат. Балыктарды таарынтып алуу оңой, кайра мамилени жөнгө салуу андан да оңой. Эркелеткениңиз, жылуу көз карашыңыз аларды бат эле жибитет. Жанындагы жакын адамы бейпил, бактылуу болсо, Балыктар да бактылуу.

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE