Пример HTML-страницы

Уйгак, лопух, партан пайдасы

https://kyrgyzcha.site/?p=15044&preview=true Пайдалуу кеңештер.

УЙГАК, ЛОПУХ. ПАРТАН.

                                                  Улам жаш улуулаган сайын, ден соолукта көйгөй көбөйө берет экен. Ошол көйгөйлөрдү чечүүгө, оорудан айыгууга Чоң Уйгактын дарылык касиетин сиздерге жазып койойун. Уйгактын жалбырагынын арт жагындагы сонгогу катый электе топтоп алып көлөкөго кургатып, кагаз кутучаларга ( капталын тешип коюу керек)же аба өткөрүүчү баштыкчаларга сактоо керек. Кургатылган жалбырагынан ( порошок кылып) 2 ст л + 400 гр кайнак сууга демдеп, бир күндө 3 маал, тамакка чейин 100 гр ичет. 20 күн ичип 10 күн эс алып, 3 ай ичет. Бул рецепт : Кант диабети, бронхит, гайморит, ревматизм, артрит, остеохондроз, омуртканын грыжасы, кулак оорусуна, сөөк сыныктары менен ооругандар пайдаланса, айыгат. Жаңы узулгон жалбырагынын арт жагындагы сонгогун жанчып, жалбыракты эки кабаттап, тизе оорусуна, Зобко байласа ( таң аткыча) жакшы жардам берет. Жаңы жалбырагын ашказан, ичеги жараларына пайдаланса болот. Ал эми тамырынын дарылык касиети өтө күчтүү.Тамырыны жалбырактары чоңоюп ката электе, УЙГАК гүлдөй электе казып алса, дарылык касиети күчтүү болот. Тамырыны казып алып, жууп, жоон болсо жукартып кесип, көлөкөго жайып кургатып алуу керек. Тамырыны талкалап, 2 ст л +400 гр кайнак сууну куюп, жай отко акырын 20-25 мин кайнатат. Тамакка чейин 15 мин мурда 100 гр үч маал ичет. 15 күн ичип 10 күн эс алып дагы кайталайт, 3 ай ичип, 1 ай эс алып кайра кайталайт. Бул рецепт бронхит, көк жотол, туберкулез, гепатит, өт жана бөйрөктогу ташты жок кылууга, шалга ( паралич), айыкпаган жараларга пайдаланса оорулуу адам айыгат. Тамыры гриппти да тез жок кылат. Тамырынан алынган тунма онкологиялык ооруларды айыктырат. Тунманы ар бир саатта 1ст л ичип туруу керек, сутка бою. Жалбырагыны, тамырыны топтоп, казып алуу апрель, май айларында, дарылык касиети күчтүү болот . Базардан, аптекадан сатып албайсыңар, бакта өсүп жатат, убагында терип, топтоп кургатып алгыла.

Жакыныңызга жардам берем десеңиз, постту бөлүшүп алыңыз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE